Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ

Эркиндигин тобокелге салгандар

Эркиндигин тобокелге салгандар

«Жыландай сак,.. көгүчкөндөй куулугу жок, жөнөкөй»

Кабар айтуу ишине тыюу салынган маалда Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын рухий жактан азыктаныш үчүн жолугушууларды өткөрүп турганы абдан маанилүү болгон. Бирок бул оңойго турган эмес. Ошол жылдары көп бир туугандар соттолуп, ар кандай мөөнөткө түрмөгө камалышкан.

«1953-жылы чындыкты тааныганымда,— дейт Жуанита Боргес,— Жахабанын Күбөсү болсом, эркиндигимди тобокелге саларымды билчүмүн. Анан дал ошондой болду. 1958-жылдын ноябрында Энейда Суарес бир туугандыкына барганымда, жашыруун полиция кызматкери келип, бизге жолугушуу өткөрүп жатат деген айып койду. Бизди үч айга соттоп, ар бирибизге 100 песодон айып пул салышты. Ошол учурда бул 100 долларга барабар болчу».

Жашыруун полицияда бир туугандардын тизмеси бар болчу.

Жахабанын Күбөлөрү жыйналыш өткөрбөшү үчүн, бийликтегилер колунан келгендин баарын кылган. Бирок бир туугандар коркунучка алдырышкан эмес. Анткен менен алар «жыландай сак, ошол эле учурда көгүчкөндөй куулугу жок, жөнөкөй» болушу керек болчу (Мт. 10:16). Андреа Алманзар мындай деп эскерет: «Жолугушууга ар кимибиз ар кайсы убакта келчүбүз. Көп учурда түнгө чейин кармалып калчубуз, себеби билинип калбаш үчүн кайра ар кайсы убакта кетүүгө туура келчү».

Атасы Леон түрмөдө отурганда төрөлгөн Жеремиас Гласс 1957-жылы 7 жашында жарчы болгон. Ал алардын үйүндө жолугушууну кантип жашыруун өткөрүшкөнүн эстеп, мындай дейт: «Жолугушууга келгендердин баарына ким канчанчы болуп кетерин көрсөткөн номуру бар кичинекей кагаз берилчү. Жолугушуу бүткөндө атам мени номурларды текшерип, бир туугандарды эки-экиден чыгарып, кайсы көчө менен кетерин айтып турушум үчүн эшиктин оозуна тургузуп койчу».

Алар сактык үчүн жолугушууларды өкмөттөгүлөргө кармалып калбагыдай убакта да өткөрүшчү. Мисалга чындыкты Пабло Гонсалес деген таякесинен уккан Мерседес де Гарзияны алалы. Анын апасы каза болуп, атасы түрмөгө камалып, тогуз бир тууганы менен жетим калган. Ошондо ал жети эле жашта болчу. Мерседес 1959-жылы 9 жашында чөмүлгөн. Бийликтегилерге кармалып калбаш үчүн түнкү саат 3:30да бир бир туугандын үйүндө баяндама айтылып, андан кийин Мерседес бир тууган борбор шаарды аралай аккан Осама дарыясында чөмүлтүлгөн. Ал: «Биз таңкы саат 5:30да, элдер жаңы ойгонуп жатканда, үйдү көздөй жөнөп калганбыз»,— дейт.