Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

43-БӨЛҮМ

Падышалык жөнүндөгү мисалдар

Падышалык жөнүндөгү мисалдар

МАТАЙ 13:1—53; МАРК 4:1—34; ЛУКА 8:4—18

  • ИСА ПАЙГАМБАР ПАДЫШАЛЫК ЖӨНҮНДӨ МИСАЛДАРДЫ АЙТЫП БЕРЕТ

Фарисейлерди ашкерелегенде, калыбы, Иса пайгамбар Капернаумда жүргөн. Ошол күнү кечинде ал үйдөн чыгып, Галилея деңизин бойлой басат. Ал жерге адатынча калың эл чогулат. Пайгамбар кайыкка отуруп, жээктен арыраак сүзүп барат да, элге асман Падышалыгы жөнүндө айтып, бир нече мисал келтирет. Ал күнүмдүк турмуштан алынган мисалдарды келтиргендиктен, эл Падышалыкка байланыштуу айтылгандарды оңой эле түшүнөт.

Иса Машаяк адегенде үрөн сепкени чыккан киши жөнүндө айтып берет. Үрөндөрдүн айрымдары жол боюна түшүп, аларды чымчыктар терип жеп кетишет. Башкалары топурагы аз, таштак жерге түшөт. Алар терең тамыр албагандыктан, күн тийгенде соолуп, куурап калат. Кээ бирлери болсо тикенектин арасына түшөт. Үрөн өнүп чыкканы менен, тикенек басып салат. Ал эми айрымдары жакшы жерге түшөт. Алар өсүп чыгып, «бири жүз эсе, бири алтымыш эсе, дагы бири отуз эсе көп түшүм берет» (Матай 13:8).

Дагы бир мисалында Иса пайгамбар Падышалыкты бир кишинин үрөн себишине салыштырат. Ал киши түнкүсүн уктайт, күндүзү турат, үрөн болсо өнүп-өсө берет. Бирок сепкен киши «анын кантип өсүп жатканын билбейт» (Марк 4:27). Үрөн өзү эле өсүп, баш байлайт. Анан сепкен киши эгинин оруп алат.

Үчүнчү мисалында болсо пайгамбар себүү жөнүндө айтат. Бир киши жерине жакшы үрөн себет, бирок «баары уктап жатканда», душман буудайдын арасына отоо чөптүн уругун сээп кетет. Ал кишинин кулдары: «Отоо чөптүн баарын жулуп салалыбы?» — деп сурашат. Кожоюн болсо мындай дейт: «Жөн койгула. Отоо чөптү жулам деп, буудайды жулуп албагыла. Орок маалына чейин экөө тең өсө берсин. Орок маалы келгенде, орокчуларга: „Адегенде отоо чөптөрдү жулгула да, боо-боо кылып байлап, өрттөп жибергиле. Андан кийин барып, буудайды кампама жыйнагыла“,— деп айтам» (Матай 13:24—30).

Угуп отургандардын көбү жер иштеткенди жакшы билишкен. Иса пайгамбар эл жакшы билген кичинекей сары кычы даны жөнүндө да мисал айтып берет. Кымындай эле дандан бутактарына чымчыктар корголой турган чоң дарак өсүп чыгат. Ошол дан жөнүндө ал: «Асман Падышалыгы талаага себилген сары кычы данына окшош»,— деп айтат (Матай 13:31). Албетте, Иса пайгамбар элге өсүмдүктөр жөнүндө сабак берген эмес. Ал мисалдар аркылуу кичинекей эле үрөндөн абдан чоң нерсе өсүп чыгарын жана кеңейерин баса белгилеген.

Андан соң Иса пайгамбар элдин көңүлүн турмуштан алынган дагы бир мисалга бурат. Ал асман Падышалыгын «үч ченем унга кошулган, бүт камырды ачыткан ачыткыга окшоштурат» (Матай 13:33). Камырдын кантип ачыганын эч ким көрө албаса да, ачыткы бүт камырды ачытып, камыр көтөрүлүп чыгат. Натыйжада камырдын көлөмү чоңоюп, дароо байкалбаган чоң өзгөрүү болот.

Ушул мисалды айткандан кийин Иса Машаяк элди таратат да, өзү турган үйгө кайтат. Көп өтпөй ага мисалдардын маанисин түшүнүүгө куштар болгон шакирттери келет.

МИСАЛДАРДЫН ПАЙДАСЫ

Шакирттер Устатынын мисалдар менен сүйлөгөнүн мурун деле угуп жүрүшкөн, бирок бир отурганда эле ушунча көп мисал айтканын уга элек болушчу. Андыктан Устатынан: «Эмне үчүн аларга мисал менен сүйлөп жатасың?» — деп сурашат (Матай 13:10).

Мунун бир себеби жөнүндө Ыйык Китепте күн мурун эле айтылган болчу. Матайдын Инжилинде мындай деп жазылган: «Ал мисалсыз сүйлөчү эмес. Бул бир пайгамбар аркылуу: „Мен мисалдар менен сүйлөйм. Дүйнө негизделгенден бери жашыруун болуп келген нерселерди жарыялайм“,— деп айтылган сөздөр аткарылышы үчүн болду» (Матай 13:34, 35; Забур 78:2).

Бирок Иса пайгамбардын мисалдарды колдонгонунун дагы бир себеби болгон. Мисалдар элдин ниетин ачыкка чыгарган. Элдин көбү Иса пайгамбарды тек гана сөзмөр же ажайып иштерди кылган киши катары эсептеген. Алар аны жолун жолдой турган, баш ийүүгө тийиш болгон Мырзасы катары көрүшкөн эмес (Лука 6:46, 47). Анткени калыптанып калган көз карашын, көнүп калган жашоосун өзгөртүүнү каалашкан эмес. Ооба, алар жакшы кабардын жүрөгүнө терең таасир этишине жол беришкен эмес.

Шакирттеринин суроосуна Иса пайгамбар мындай деп жооп берет: «Мына ошондуктан аларга мисал менен сүйлөп жатам. Анткени алар карап турса да, көрүшпөйт, угуп турса да, угушпайт, айтылгандардын маңызын түшүнүшпөйт. Аларга байланыштуу Ышаянын бул пайгамбарлыгы аткарылып жатат: „Бул элдин жүрөгү катууланып калган“» (Матай 13:13—15; Ышая 6:9, 10).

Бул сөздөр, албетте, аны угуп отургандардын баарына эле тиешелүү эмес болчу. Андыктан ал шакирттерине мындай дейт: «Силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угуп жатат. Силерге айтып коёюн, көптөгөн пайгамбарлар менен адил адамдар силер көрүп жатканды көргүсү келген, бирок көрүшкөн эмес; силер угуп жатканды уккусу келген, бирок угушкан эмес» (Матай 13:16, 17).

12 элчи жана ниети таза башка шакирттер жакшы кабарды чын жүрөктөн кабыл алышкан. Ошондуктан Устатынын: «Силерге асман Падышалыгынын ыйык сырлары ачылып берилди, аларга болсо ачылган жок»,— деп айтканы таң калыштуу эмес (Матай 13:11). Алар мисалдардын маанисин түшүнүүнү чын жүрөктөн каалашкандыктан, үрөн сепкен киши жөнүндөгү мисалды Устаты түшүндүрүп берет.

«Үрөн Кудайдын сөзүн» билдирет (Лука 8:11). Ал эми жер — адамдын жүрөгү.

Тапталып калган жолдун боюна түшкөн үрөн жөнүндө Иса пайгамбар: «Шайтан келип, алар ишенбеши жана куткарылбашы үчүн, жүрөктөрүнөн сөздү алып кетет»,— дейт (Лука 8:12). Таштак жерге түшкөн үрөн тууралуу кеп кылганда сөздү кубаныч менен кабыл алган, бирок сөз жүрөгүндө терең тамыр албаган кишилер жөнүндө айткан. Андайлар «сөз үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка дуушар болору менен четтеп кетишет». Ооба, алар «сыноого дуушар болгондо», балким, үйүндөгүлөрү же башкалар каршылык көрсөткөндө, ишенимден баш тартып кетишет (Матай 13:21; Лука 8:13).

Ал эми тикенектин арасына түшкөн үрөн тууралуу эмне дешке болот? Мындай үрөндү кабарды уккан, бирок «бул дүйнөнүн түйшүгүнө, алдама байлыкка берилип кеткен адамдарга» салыштырууга болот (Матай 13:22). Сөз алардын жүрөгүндө болгону менен, тикенекке басылып, жемиш бербей калат.

Үрөндүн акыркысы жакшы жерге түшкөн. Ал үрөн сөздү угуп, аны бүт жүрөгү менен кабыл алып, чыныгы маанисин түшүнгөндөрдү билдирет. Натыйжада алар жемиш беришет. Алардын жаш-курагы, ден соолугу, жагдай-шарты ар кандай болгондуктан, баары эле бирдей жемиш бере албайт. Мисалы, бири 100 эсе, бири 60 эсе, дагы бири 30 эсе көп түшүм берет. Ырас, Кудайга кызмат кылган «жүрөгү таза, жакшы», «сөздү угуп, аны жүрөгүндө сактап, туруктуулук менен жемиш берген» кишилер мол бата алышат (Лука 8:15).

Мисалдардын маанисин түшүнгөндө шакирттер таасирленишсе керек. Устаты шакирттеринин мисалдарды түшүнүп, башкаларга да айтышын каалагандыктан, терең ойлорду ачып берген. «Чыракты көмкөрүлгөн өлчөгүч идиштин же керебеттин астына коюшабы? Аны чыракпаяга коюшат эмеспи»,— дейт ал. Андан соң: «Уга турган кулагы бар адам уксун»,— деп айтат (Марк 4:21—23).

ДАГЫ КӨП НЕРСЕЛЕР АЧЫЛЫП БЕРИЛЕТ

Шакирттер үрөн себүүчү жөнүндөгү мисалдын маанисин түшүнгөндөн кийин дагы көбүрөөк билүүнү каалашат. Алар Устатынан: «Бизге талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү мисалды түшүндүрүп берчи»,— деп өтүнүшөт (Матай 13:36).

Алардын ниети деңиз жээгиндеги элдикинен кандай гана айырмаланган! Эл мисалдарды угуп эле тим болот, алардын маанисин түшүнгүсү келбейт, иш жүзүндө кантип колдонушту да ойлобойт. Укканына курсант болуп, үйлөрүнө тарап кетишет. Иса пайгамбар деңиз жээгине чогулган эл менен аны үйгө чейин издеп барган, билим алууга ынтызар шакирттерин салыштырып мындай дейт:

«Угуп жаткан нерселериңерге көңүл бургула. Башкаларга кандай өлчөм менен өлчөп берсеңер, алар да силерге ошондой өлчөм менен өлчөп беришет, атүгүл үстүнө кошуп беришет» (Марк 4:24). Шакирттер Устатын кунт коюп угушкан. Алар бүт дитин, көңүлүн марттык менен «өлчөп бергендиктен», көп нерсени түшүнүп, билими тереңдеген. Ошентип, шакирттеринин өтүнүчү боюнча, Иса Машаяк буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалдын маанисин түшүндүрүп берет.

«Жакшы үрөн себүүчү — бул адам Уулу. Талаа — дүйнө. Жакшы үрөндөр — Падышалыктын уулдары, ал эми отоо чөптөр — кара өзгөйдүн уулдары. Отоо чөптөрдү сепкен душман — Ибилис. Орок маалы — бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени, орокчулар болсо периштелер» (Матай 13:37—39).

Устаты мисалды талдап берип, акырында эмне болорун да түшүндүрөт. Ал бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде орокчулардын — периштелердин — буудайга окшогон, Машаяктын жолдоочулары атангандарды Падышалыктын чыныгы уулдарынан бөлөрүн айтат. «Адил адамдар» чогултулуп, «асмандагы Атасынын Падышалыгында күн сыяктуу жаркырашат». Ал эми «кара өзгөйдүн уулдары» эмне болот? Алар «ыйлап, тишин кычыратышат» жана акыры, биротоло жок кылынат (Матай 13:41—43).

Иса Машаяк шакирттерине дагы үч мисал айтып берет. Биринчи мисалы мындай: «Асман Падышалыгы талаада жашырылган кенчке окшош. Бир киши аны таап алып, кайра катып койду. Анан кубанган бойдон барып, колунда болгондун баарын сатты да, ошол талааны сатып алды» (Матай 13:44).

Анан сөзүн: «Асман Падышалыгы жакшы бермет издеп жер кезген соодагерге да окшош. Кымбат баалуу бир бермет тапкан соң, ал барып, бардык нерсесин сатты да, берметти сатып алды»,— деп улайт (Матай 13:45, 46).

Эки мисалда тең кишинин чындап баалуу нерсе үчүн колундагысынын баарынан баш тартууга даяр болгону баса белгиленет. Соодагер «бардык нерсесин» дароо сатып, кымбат баалуу берметти сатып алган. Шакирттер ушул жана талаадан кенч таап алып, талааны сатып алыш үчүн «колунда болгондун баарын саткан» киши жөнүндөгү мисалды жакшы түшүнүшкөн. Эки мисалда тең сатып алынып, көздүн карегиндей сакталган баалуу нерселер жөнүндө айтылат. Мисалдардагы кишилерди Кудай жөнүндөгү билимге суусап жүргөн жана аны кандырыш үчүн колунда болгондун баарын берүүгө даяр болгон кишиге салыштырсак болот (Матай 5:3). Иса Машаякты угуп отургандардын айрымдары каймана суусунун кандырып, Мырзасынын жолун жолдош үчүн көп күч-аракет жумшагандардан болчу (Матай 4:19, 20; 19:27).

Акыры, Иса пайгамбар Падышалыкты ар кандай балык түшкөн торго салыштырат (Матай 13:47). Балыктардын жакшылары идиштерге салынып, жараксыздары ыргытылат. Пайгамбар бөлүү ишинин дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде болорун айтат. Ошондо периштелер адил адамдарды ыймансыздардан бөлүшөт.

Ал алгачкы шакирттерин «адам уулоочу» болууга чакырганда каймана балыктарды кармаган (Марк 1:17). Ошентсе да тор жөнүндөгү мисалдын келечекке, «дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченине», тиешелүү экенин айткан (Матай 13:49). Андыктан элчилер менен шакирттер алдыда көп иш жатканын түшүнүшсө керек.

Ооба, шакирттерге көп нерселер ачылып берилген. Анткени Машаяк «шакирттерине... бардыгын өзүнчө түшүндүрүп берүүгө» дилгир болгон (Марк 4:34). Аны «казынасынан жаңыны да, эскини да алып чыккан үй ээсине окшоштурууга» болот (Матай 13:52). Иса Машаяк Падышалык жөнүндөгү мисалдарды өзүнүн мыкты Устат экенин көрсөтүш үчүн айтып берген эмес. Ал шакирттерине баа жеткис кенчке салыштырылган чындыкты ачып берген. Аны, чынында эле, теңдешсиз Устат деп айта алабыз.