Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-БӨЛҮМ

Ишемби күнү жакшы иш кылууга болобу?

Ишемби күнү жакшы иш кылууга болобу?

ЖАКАН 5:1—16

  • ИСА МАШАЯК ЖҮЙҮТ ЖЕРИНДЕ КАБАР АЙТАТ

  • КӨЛМӨНҮН ЖАНЫНАН ООРУЛУУ КИШИНИ АЙЫКТЫРАТ

Иса пайгамбар Галилеяда кызмат кылып жүргөндө көптөгөн иштерди кылды. Бирок: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек»,— деп айтканда Галилея аймагы жөнүндө эле сөз кылган эмес. Андыктан «ал Жүйүт жериндеги синагогаларда кабар айтууга» жөнөйт (Лука 4:43, 44). Анын Жүйүт жерине барганы жөндүү болгон. Анткени ошол учурда жаз мезгили болгондуктан, Иерусалимде өткөрүлө турган Пасах майрамына аз эле убакыт калган.

Иса пайгамбардын Галилеяда кылган кызматына салыштырмалуу Жүйүт жергесиндеги кызматы жөнүндө Ыйык Китепте аз эле айтылат. Жүйүт жериндегилер кабарды жакшы угушпаса да, Иса Машаяк кайсы жерде болбосун, баарына кабар айтып, жакшылык кыла берген.

Б.з. 31-жылы. Жакында Иса Машаяк Пасах майрамын майрамдаш үчүн Иерусалимди көздөй барат. Кой дарбазасынын жанында, адатта, эл көп болот. Ал жерде Бетзада деген жасалма көлмө бар эле. Оорулуулар, сокурлар, аксактар ошол көлмөгө бара турган. Себеби суу чайпалганда көлмөгө түшүшсө, ооруларынын баарынан айыгат деп ишенишчү.

Ишемби күнү Иса пайгамбар көлмөнүн жанынан 38 жылдан бери ооруп жүргөн бир кишини көрүп, андан: «Айыккың келеби?» — деп сурайт. Тиги киши болсо: «Мырзам, суу чайпалганда мени көлмөгө түшүрөр эч кимим жок. Мен жеткиче эле, башка бирөө түшүп кетет»,— деп жооп берет (Жакан 5:6, 7).

Иса пайгамбардын: «Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, бас»,— деген сөздөрү ал кишини да, ошол жерде тургандарды да таң калтырса керек (Жакан 5:8). Пайгамбар кандай айтса, оорулуу киши так ошондой кылат. Ал ошол замат айыгып, ордунан ыргып турат да, замбилин алып, баса баштайт.

Байкуш кишинин кубанычына ортоктош болгондун ордуна, жүйүттөр: «Бүгүн ишемби, замбил көтөрүп жүргөнүң туура эмес»,— деп кекетип-мокотушат. Ал: «Мени айыктырган киши мага: „Замбилиңди ал да, бас“,— деди»,— деп айтат (Жакан 5:10, 11). Ооба, жүйүттөр Ишемби күнү бечараны азаптуу оорусунан айыктырган кишини жектешкен.

Жүйүттөр ал кишиден: «Сага: „Замбилиңди ал да, бас“,— деп айткан ал ким?» — деп сурашат. Бирок айыккан киши анын ким экенин билбей калган эле, анткени Иса пайгамбар ошол жердеги элге аралашып кеткен болчу (Жакан 5:12, 13). Ошондон көп өтпөй ал ибадатканадан Машаякка жолугуп, аны дароо тааныйт.

Анан баягы жүйүттөрдү издеп таап, аны айыктырган киши Иса Машаяк экенин айтат. Муну укканда алар Машаякты көздөй жөнөшөт. Алар анын ошол кереметти кайсы күч менен жасаганын билгиси келгенби? Кайдан. Тескерисинче, Ишемби күнү жакшы иш кылганы үчүн аны жемелегиси келишкен. Алар ошону менен эле токтоп калбай, Иса пайгамбарды куугунтуктай башташкан.