Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-БӨЛҮМ

Каанадагы экинчи керемети

Каанадагы экинчи керемети

МАРК 1:14, 15; ЛУКА 4:14, 15; ЖАКАН 4:43—54

  • ИСА МАШАЯК «КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ ЖАКЫНДАП КАЛГАНЫ» ЖӨНҮНДӨ КАБАР АЙТАТ

  • БАЛАНЫ АЛЫСТАН ЭЛЕ АЙЫКТЫРАТ

Самарияда 2 күн болгондон кийин Иса Машаяк чоңоюп-өскөн жерине кайтат. Ал бүт Жүйүт жерин кыдырып, кабар таратты. Бирок Галилеяга эс алыш үчүн бараткан жок. Ал бала чагы өткөн жерде мурункудан да көбүрөөк кабар айта баштайт. «Пайгамбарды өз жеринде урматташпайт»,— деп айтканына караганда, элден өзгөчө мамиле күткөн эмес көрүнөт (Жакан 4:44). Шакирттер болсо өз үйлөрүнө кайтып барып, баягы эле тиричилигин уланта беришет.

Иса Машаяктын кабары эмне жөнүндө эле? Ал: «Кудайдын Падышалыгы жакындап калды. Күнөөлөрүңөр үчүн өкүнүп, жакшы кабарга ишенгиле»,— деп жар сала баштайт (Марк 1:15). Эл анын кабарына кулак какканбы? Галилеялыктардын көбү аны жакшы угуп, урматташат. Бирок жакшы кабарга кызыкканы үчүн эле эмес, бир нече ай мурун Иерусалимде өткөрүлгөн Пасах майрамында анын кереметтерин көргөнү үчүн ишене башташат (Жакан 2:23).

Иса пайгамбар кеңири кулач жая турган кызматын Галилеянын кайсы жеринен баштаган? Калыбы, үйлөнүү тоюнда сууну шарапка айланткан Каана шаарынан. Каанага экинчи жолу барганда бир уландын катуу ооруп, өлүм алдында жатканын угат. Ал бала Ирод Антиппанын сарайында кызмат кылган кишинин уулу болчу. Кийинчерээк так ошол Ирод падыша Чөмүлдүрүүчү Жакандын башын алдырат. Баланын атасы Иса пайгамбардын Жүйүт жеринен келгенин укканда Капернаумдан чыгып, аны издеп Каанага жөнөйт. Кайгыга баткан ал киши: «Мырзам, балам өлүп кала электе, барчы»,— деп өтүнөт (Жакан 4:49).

Ошондо Иса пайгамбардын: «Үйүңө бара бер, уулуң айыкты»,— деген сөздөрү аны таң калтырса керек (Жакан 4:50). Кызматкер пайгамбардын айткан сөзүнө ишенип, үйүнө жөнөйт. Жолдон кулдары аны тосуп чыгып, баласынын айыгып калганын сүйүнчүлөшөт. Анын уулу чын эле сакайып, жакшы болуп калыптыр. Ал Иса Машаякка жолуккан убак менен уулунун айыккан убагы дал келер-келбесин такташ үчүн кулдарынан анын саат канчада жакшы болуп калганын сурайт.

Алар: «Этинин ысыганы кечээ жетинчи саатта басылды»,— деп жооп беришет (Жакан 4:52).

Ошондо баланын атасы Иса пайгамбардын: «Балаң айыкты»,— деп дал ошол саатта айтканын эстейт. Ушул окуядан кийин кул жумшаган ошол бай киши бүт үйүндөгүлөрү менен Иса Машаяктын жолдоочусу болушат.

Ошентип, Иса Машаяк Каана шаарында 2 керемет жасайт: биринчисинде сууну шарапка айландырса, экинчисинде 25 чакырымдай алыстыкта жашаган уланды айыктырат. Албетте, ал мындан башка да көп кереметтерди жасаган. Бирок баланы айыктырганда, эл анын Галилеяга кайтып келгенин билген. Анын Кудайдан келген пайгамбар экени айкын болчу, бирок «өз жеринде» аны канчалык деңгээлде урматташат болду экен?

Бул Иса пайгамбар «өз жерине», Назаретке, кайтып барганда билинет. Аны алдыда эмнелер күтүп турат?