Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-БӨЛҮМ

Кереметтерди кимдин күчү менен кылган?

Кереметтерди кимдин күчү менен кылган?

МАТАЙ 12:22—32; МАРК 3:19—30; ЛУКА 8:1—3

  • ИСА МАШАЯКТЫН ГАЛИЛЕЯНЫ ЭКИНЧИ ИРЕТ КЫДЫРЫШЫ

  • ЖИНДЕРДИ КУУП ЧЫГАТ ЖАНА КЕЧИРИЛГИС КҮНӨӨ ЖӨНҮНДӨ АЙТАТ

Симондун үйүндө кечирүү эмнени билдирерин көрсөткөндөн көп өтпөй Иса пайгамбар Галилеяны экинчи ирет кыдыра баштайт. Кызматын баштаганына эки жыл болду, ал жалгыз эмес. Аны 12 элчиси жана «жиндердин бийлигинен бошонуп, ооруларынан айыккан аялдар коштоп жүрүшөт» (Лука 8:2). Алардын арасында магдалалык Мариям, Сузана жана Ирод падышанын үй башкаруучусунун аялы Жаана да бар.

Иса Машаяк жөнүндө канчалык көп адамдар билген сайын, талаш-тартыштар ошончолук көбөйө берет. Буга төмөндөгү окуя далил. Машаяк сокур, дудук жана жин оорулуу бир кишини айыктырат. Бечара киши жиндердин бийлигинен бошонуп, сүйлөп, көрө баштайт. Ошондо элдин баары: «Дөөтүнүн Уулу ушул эмеспи?» — деп таң калат (Матай 12:23).

Пайгамбар токтогон үйдү калың эл тегеректеп алгандыктан, өзүнүн да, шакирттеринин да тамак ичкенге чолосу тийбейт. Бирок баары эле Машаяктын Дөөтүнүн убадаланган Уулу экенине ишене бербейт. Мисалы, айрым китепчилер менен фарисейлер тээ Иерусалимден Иса пайгамбардан бир нерсе үйрөнүш үчүн же аны колдош үчүн келишкен жок. Алар элге: «Мунун ичине Белзебул кирип алган» — деп, Иса Машаякты «жиндердин башчысы» менен чогуу иш кылып жаткандай көрсөтүшөт (Марк 3:22). Бул ызы-чуу жөнүндө Машаяктын туугандары укканда аны алып кетиш үчүн келишет.

Себеби алар ошол учурда анын Кудайдын Уулу экенине ишенишчү эмес (Жакан 7:5). Анын үстүнө, бала кезинен чогуу өскөн агасынын элди минтип дүрбөлөңгө түшүргүдөй деле кыял-жоругу жок болчу. Ошондуктан: «Ал акылынан айнып калыптыр»,— дешет (Марк 3:21).

Бирок иштин жайы кандай эле? Ал жин бийлеп алган, көзү көрбөй, сүйлөбөй калган кишини айыктырды. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Андыктан китепчилер менен фарисейлер Иса пайгамбарга жалаа жаап, каралагысы келет. Алар: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысы Белзебулдун жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешет (Матай 12:24).

Алардын арам оюн билген Иса пайгамбар: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт, ич ара бөлүнгөн ар бир шаар же үй кыйрайт. Ошо сыяктуу эле, эгер Шайтан Шайтанды кууп чыгарып жатса, анда ал ич ара бөлүнгөн болот. Андай болсо, анын падышалыгы кантип туруштук бере алат?» — дейт (Матай 12:25, 26).

Кандай гана таамай айтылган сөздөр! Фарисейлер айрым жүйүттөрдүн жиндерди кууп чыгарып жүрүшкөнүн жакшы билишкен (Элчилер 19:13). Андыктан Иса пайгамбар: «Мен жиндерди Белзебулдун жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин шакирттериңер кимдин жардамы менен кууп чыгарып жатышат?» — деп сурайт. Мындайча айтканда, алар өздөрүн өздөрү сөзгө жыгышкан. Машаяк: «Эгер мен жиндерди Кудайдын рухунун жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда Кудайдын Падышалыгы силерге өзүңөр күтпөгөн убакта келди»,— деп айтат (Матай 12:27, 28).

Анын жиндерди кууп чыкканы Шайтандын үстүнөн бийлиги бар экенин далилдеп турган. Ал муну түшүндүрүп: «Күчтүү бирөөнүн үйүн тоногону кирген киши анын өзүн байламайынча мүлкүн ээлей алабы? Аны байлагандан кийин гана үйүн тонойт эмеспи. Ким мен тарапта болбосо, ал мага каршы. Ким мени менен жыйнабаса, ал чачат»,— дейт (Матай 12:29, 30). Китепчилер менен фарисейлер Машаякка каршы чыгып, Шайтандын таламдаштары экенин көрсөтүшкөн. Алар элди Кудайдын жетеги менен иш кылган Уулунан алыстатып, чачыратып жиберишкен.

Машаяк Шайтандын тарабын ээлегендерге: «Силерге айтып коёюн, адам баласы кандай акарат сөздөрдү айтпасын, кандай күнөөлөрдү кылбасын, баары кечирилет. Бирок ким ыйык рухка акарат кылса, ага эч качан кечирим болбойт. Анын күнөөсү түбөлүккө кечирилбейт»,— деп айтат (Марк 3:28, 29). Ооба, ыйык рухтун жетеги менен жасалган иштерди Шайтанга ыйгаруу кесепеттүү болгон.