Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-БӨЛҮМ

Матайдын Иса Машаяктын шакирти болушу

Матайдын Иса Машаяктын шакирти болушу

МАТАЙ 9:9—13; МАРК 2:13—17; ЛУКА 5:27—32

  • ИСА МАШАЯК САЛЫК ЖЫЙНООЧУ МАТАЙДЫ ШАКИРТИ БОЛУУГА ЧАКЫРАТ

  • МАШАЯК КҮНӨӨКӨРЛӨРГӨ ЖАРДАМ БЕРИШ ҮЧҮН АЛАР МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШЕТ

Иса пайгамбардын шал оорулуу кишини айыктырганына бир аз эле болду. Ал дагы деле Галилея деңизинин жанындагы Капернаумда жүрөт. Ага калың эл дагы келет, ошондо ал аларды окута баштайт. Андан соң кетип баратып, салык чогултуучу жайда отурган Леби деп да коюшкан Матайды көрөт. Ал аны: «Менин жолдоочум бол»,— деп чакырат (Матай 9:9).

Петир, Андрес, Жакып жана Жакандардай болуп, Матай да Иса пайгамбардын кабары, керемет иштери жөнүндө укса керек. Ал да Машаяктын чакырыгын дароо кабыл алат. Матай өзү жазган Инжилден: «Ошондо ал [Матай] ордунан туруп, Исанын артынан жөнөдү»,— дегенди окуйбуз (Матай 9:9). Ошентип, ал салык жыйноочу катары аткарган жумушун таштап, Машаяктын шакирти болот.

Матай кийинчерээк, калыбы, Машаякка өзүнүн шакирти кылып тандаганына ыраазычылыгын билдирип, чоң той берет. Тойго Иса пайгамбар менен шакирттеринен тышкары, жоро-жолдошторун, салык жыйноочуларды чакырат. Негизи, салык жыйноочулар салыкты жүйүттөр жек көргөн Рим бийлигинин казынасына чогултуп беришчү. Алар кеме токтоочу жайларга келген кемелерден, чоң соода жолдорунан өткөн кербенчилерден, сырттан буюм-тайым ташып кирген соодагерлерден да алым ала турган. Жүйүт эли салык жыйноочуларды жактырышчу беле? Кайдан. Алар салыкты ашыгы менен төлөтүп, элдин эсебинен пайда көргөнү үчүн, баары аларды жек көрчү. Тойго жаман атка конгон «күнөөкөрлөр» да келет (Лука 7:37—39).

Иса пайгамбардын күнөөкөрлөр менен отурганын көрүп, адилсинген фарисейлер: «Эмне үчүн устатыңар салык жыйноочулар, күнөөкөрлөр менен бирге тамактанып жатат?» — деп күңкүлдөшөт (Матай 9:11). Муну уккан пайгамбар мындай дейт: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж. Ошондуктан баргыла да: „Мен курмандыкты эмес, кайрымдуулукту каалайм“,— деген сөздөр эмнени билдирерин аңдап билгиле. Анткени мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим» (Матай 9:12, 13; Ошуя 6:6). Фарисейлер «устатыңар» деп, чынында, ооз учунан эле айтышкан. Бирок алар каалашса, Иса пайгамбардан көп жакшы нерселерди үйрөнө алышмак.

Матай салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдү тойго Машаяктын сөздөрүн угуп, Кудайдын алдында кайрадан жакшы атка ээ болсун деп чакырган көрүнөт. Анткени Машаяктын жолун жолдогондордун арасында салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр көп эле (Марк 2:15). Иса пайгамбар да алардын Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтиришине абдан кызыкдар болчу. Адилсинген фарисейлерден айырмаланып, ал андай кишилерди басынтпай, боорукердик, ырайымдуулук менен мамиле кылган. Ал жан дүйнөсү жабыркаган кишилерди айыктырган каймана дарыгер болчу.

Машаяктын салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөргө ырайым көрсөткөнү алардын жаман иштерине көз жумганын билдирген эмес. Ал кадимки оору менен ооругандарга кандай назик мамиле кылса, аларга да ошондой мамиле кылган. Мисалы, анын пес оорулуу кишиге колун тийгизип: «Каалайм. Айык»,— дегени эсиңде чыгар (Матай 8:3). Биз да кыйналып жүргөндөргө биринчи кезекте Кудай жөнүндө билүүгө жардам беришибиз керек.