Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

59-БӨЛҮМ

Адам Уулу деген ким?

Адам Уулу деген ким?

МАТАЙ 16:13—27; МАРК 8:22—38; ЛУКА 9:18—26

  • ИСА МАШАЯК СОКУР КИШИНИ АЙЫКТЫРАТ

  • ЭЛЧИ ПЕТИР ПАДЫШАЛЫКТЫН АЧКЫЧТАРЫН АЛАТ

  • ИСА МАШАЯК ӨЛӨРҮН ЖАНА ТИРИЛЕРИН АЛДЫН АЛА АЙТАТ

Иса Машаяк шакирттери менен Бетсаидада. Эл андан сокур кишини айыктырышын суранат.

Пайгамбар аны колунан кармап, кыштактын сыртына алып барат. Анан көзүнө түкүрүп: «Бир нерсе көрүп жатасыңбы?» — деп сурайт. Тиги киши: «Бирөөлөрдү көрүп жатам, анткени дарактарга окшогон бир нерселер көрүнүп жатат, бирок басып жүрүшөт»,— деп жооп берет (Марк 8:23, 24). Иса пайгамбар колдорун анын көздөрүнө койгондо, ал даана көрө баштайт. Анан ага кыштакка кирбешин буйрат.

Андан соң шакирттери менен түндүктү көздөй, Филип Кесариясына, узак жол тартат. Алар 40 чакырымдай басышы керек. Ал айыл деңиз деңгээлинен 350 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жактан түндүк-чыгыштагы чокусун ак кар баскан Хермон тоосу көрүнүп турат. Жолго бир нече күн кетиши мүмкүн.

Орто жолдон Иса пайгамбар тиленгени ээн жерге барат. Өлөрүнө тогуз-он айдай калды. Ал шакирттерин ойлоп, тынчсызданат. Көптөрү андан баш тартып кетишти. Айрымдары эмне кыларын билбей же күткөнү орундалбай, көңүлү чөгүп жүргөндүр. Алар: «Устат падыша болуудан эмне үчүн баш тартты?» же «Эл анын Машаяк экенине шектенбеши үчүн, эмнеге керемет көрсөтүп койбойт?» — деп ойлосо керек.

Шакирттери тиленип жаткан Устатына барганда, ал: «Эл адам Уулун ким деп ойлойт?» — деп сурайт. Алар: «Айрымдар Чөмүлдүрүүчү Жакан, башкалары Илияс, дагы бирөөлөрү Жеремия же пайгамбарлардын бири деп айтып жүрүшөт»,— дешет. Ооба, эл Машаякты тирилип келген пайгамбарлардын бири деп эсептеген. Шакирттеринин оюн билиш үчүн ал: «Силер мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сурайт. Петир шак эле: «Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң»,— деп жооп берет (Матай 16:13—16).

Ошондо: «Симон, сен бактылуусуң, анткени муну сага... асмандагы Атам ачып берди»,— дейт. Анан: «Дагы айтарым, сен Петирсиң, ушул аска таштын үстүнө жыйналышымды курам, аны көрдүн дарбазалары жеңе албайт»,— деп кошумчалайт. Иса пайгамбар жыйналышты өзү курарын жана акырына чейин ишенимдүү болгондорду көр да түбөлүккө туткундай албай турганын айткан. Андан соң Петирге: «Сага асман Падышалыгынын ачкычтарын берем»,— деп сөз берет (Матай 16:18, 19).

Иса пайгамбар Петирди элчилердин үстүнөн башчы кылып дайындаган да эмес, аны жыйналыштын пайдубалы кылган да эмес. Анткени жыйналыш курула турган аска таш Машаяк болмок (1 Корунттуктар 3:11; Эфестиктер 2:20). Ошентсе да элчи Петир үч ачкычты алып, ар кандай кишилерге асман Падышалыгынын эшигин ачуу сыймыгына ээ болмок.

Элчи Петир 1-ачкычты б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында колдонуп, өкүнгөн жүйүттөр менен алардын динин кабыл алган кишилерге куткарылыш үчүн эмне кылуу керектигин айтып бермек. Экинчисин Жахабага ишенген самариялыктарга Падышалыкка кирүүгө жол ачыш үчүн колдонмок. Ал эми б.з. 36-жылы 3-ачкычты колдонуп, сүннөткө отургузулбаган, бөтөн элден болгон кишилерге Падышалыкка эшик ачмак. Алардын алгачкылары Корнелий менен анын үйүндөгүлөрү болгон (Элчилер 2:37, 38; 8:14—17; 10:44—48).

Шакирттери Устатынын жакында Иерусалимде азап чегип, өлтүрүлөрүн билишкенде капа болушат. Көп өтпөй тирилип, асманга кетерин жакшы түшүнбөй калган Петир Мырзасын четке алып чыгып: «Мырзам, өзүңдү ая. Мындай нерсе эч качан башыңа түшпөсүн»,— деп каршы болот. Бирок Устаты Петирден жүзүн буруп: «Кет жанымдан, Шайтан! Сен мага тоскоол болуп жатасың, анткени сенин ойлоруң Кудайдыкы эмес, адамдыкы»,— дейт (Матай 16:22, 23).

Анан башкаларды да чакырып, анын жолдоочусу болуу оңой эмес экенин түшүндүрүп: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун алсын жана дайыма менин жолумду жолдосун. Анткени ким өз жанын сактагысы келсе, ал андан айрылат, ал эми ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн жанынан айрылса, аны сактап калат»,— дейт (Марк 8:34, 35).

Ооба, Машаяктын ырайымына ээ болуш үчүн жолдоочулары эр жүрөк, жан аябас болушу керек. Ал: «Ушул бузулган, күнөөкөр муундун алдында ким менин шакиртим болуудан жана сөздөрүмө ишенүүдөн уялса, адам Уулу да ыйык периштелердин коштоосунда Атасынын даңкы менен келгенде аны шакирти катары кабыл алуудан уялат»,— деген (Марк 8:38). Ал «Атасынын даңкы менен келгенде» «ар кимге жүрүм-турумуна жараша тиешелүүсүн берет» (Матай 16:27).