Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-БӨЛҮМ

Кечиримдүү болуу эмнени билдирет?

Кечиримдүү болуу эмнени билдирет?

ЛУКА 7:36—50

  • КҮНӨӨКӨР АЯЛ ИСА ПАЙГАМБАРДЫН БУТУН МАЙЛАЙТ

  • КҮНӨӨНҮ КЕЧИРҮҮНҮ КАРЫЗДЫ КЕЧҮҮГӨ САЛЫШТЫРАТ

Ар кимдин жүрөгү ар кандай болгондуктан, эл Иса пайгамбардын сөздөрүн, иштерин ар кандай кабыл алган. Бул Галилеядагы Симон деген бир фарисейдин үйүндө айкын болот. Ал ажайып иштерди кылган пайгамбар менен жакыныраак таанышкысы келгендиктен аны конокко чакырган көрүнөт. Кыязы, пайгамбар башкаларга кабар айтууга жакшы мүмкүнчүлүк болорун билип, макул болгон. Ал мурда да салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр чакырылган тойго барган болчу.

Ысрайылда конокторго өзгөчө сый көрсөтүлө турган, бирок үй ээси Иса пайгамбарды кадырлап тосуп алган эмес. Жүйүттөр, адатта, сандал кийип жүрүшчү. Палестина ысык, жолдору чаң болгондуктан, жөө баскан кишинин буту чаң болуп, ысып чыкчу. Андыктан үй ээси адегенде коноктордун буттарын муздак суу менен жууй турган. Бирок Машаяктын буттарын эч ким жууган эмес. Салтка ылайык, конокту өөп тосуп алышчу жана сыйлаарын көрсөтүп, башына май куюшчу. Бирок пайгамбарга мунун бирин да кылышкан эмес. Айтор, үй ээси сый көрсөткөн эмес.

Ошентип, коноктор даам сыза баштаганда, үйгө «шаардагыларга күнөөкөр катары таанымал болгон» аял кирип келет (Лука 7:37). Албетте, бардык эле адамдар күнөөлүү, бирок бул аял, сыягы, сойку болгон. Ал Машаяктын кабарын жана: «Түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем»,— деген чакырыгын уккан көрүнөт (Матай 11:28, 29). Пайгамбардын сөздөрү, иштери таасир эткендиктен аны издеп жөнөсө керек.

Аял Иса пайгамбардын жанына чөгөлөп отуруп, көзүнүн жашы токтобой ыйлай баштайт. Пайгамбардын буттарына куюлган жашын чачы менен аарчыйт. Анан бутун назик өөп, жыпар жыттуу май менен майлайт. Симон муну жактыра бербей: «Эгерде бул пайгамбар болсо, ага кандай аял колун тийгизип жатканын, анын күнөөкөр экенин билмек да»,— деп ойлонот (Лука 7:39).

Анын оюн билген пайгамбар: «Симон, сага айтар бир сөзүм бар»,— деп айтат. Ал: «Айт, Устат!» — дейт. Пайгамбар: «Бир карыз берүүчүгө эки киши карыз болуп калат: бири 500 динар, экинчиси 50 динар. Алардын төлөп бергенге эч нерсеси жок болгондуктан, карыз берүүчү экөөнүн тең карызын айкөлдүк менен кечип коёт. Эми экөөнүн кимиси аны көбүрөөк жакшы көрөт?» — деп сурайт. Сөздүн төркүнүн баамдабаган Симон: «Кимисинин карызы көбүрөөк болсо, ошонусу деп ойлойм»,— деп жооп берет (Лука 7:40—43).

«Туура айттың»,— дейт Иса пайгамбар. Анан аялды карап, Симонго мындай дейт: «Бул аялды көрдүңбү? Үйүңө келгенимде, сен мага бутумду жууганга суу берген жоксуң. Бул аял болсо бутума көз жашын төгүп, чачы менен сүрттү. Сен мени өөп тосуп алган жоксуң. Бул аял болсо, келгенимден бери, бутумду назик өөп жатат. Сен башымды майлаган жоксуң. Бул аял болсо бутумду жыпар жыттуу май менен майлады». Иса пайгамбар сойку аялдын чын жүрөктөн өкүнүп жатканын баамдаган. Анан сөзүн: «Сага айтып коёюн, ал көбүрөөк жакшы көргөндүктөн, күнөөлөрү көп болгонуна карабастан кечирилди. Ал эми кимдин аз эле күнөөсү кечирилсе, ал азыраак жакшы көрөт»,— деп жыйынтыктайт (Лука 7:44—47).

Машаяк жаман иштерге эч качан көз жумбайт. Бирок олуттуу күнөө кылып, чын жүрөктөн өкүнгөнүн иш жүзүндө көрсөткөндөрдү, сергиш үчүн ага кайрылгандарды түшүнө билип, боорукерлик менен мамиле кылат. Анын: «Күнөөлөрүң кечирилди... Сени ишенимиң куткарды. Тынчтык менен бара бер»,— дегенин укканда аял кандай гана жеңилдей түшкөн! (Лука 7:48, 50).