Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

44-БӨЛҮМ

Машаяктын деңиздеги шамалды тыйышы

Машаяктын деңиздеги шамалды тыйышы

МАТАЙ 8:18, 23—27; МАРК 4:35—41; ЛУКА 8:22—25

  • ИСА МАШАЯК ГАЛИЛЕЯ ДЕҢИЗИНДЕГИ ШАМАЛДЫ ТЫЯТ

Машаяк бир күн кечке шакирттерин окутуп, аябай чарчайт. Кечинде: «Аркы өйүзгө өтөлү»,— дейт. Ошентип, алар Капернаумдан чыгып, аркы өйүзгө сүзүп жөнөшөт (Марк 4:35).

Галилея деңизинин чыгышында герасалыктардын жери жатат. Ал жерди Декаполис деп да коюшат. Декаполис шаарларында көп жүйүттөр жашаса да, ал жер — грек маданиятынын борбору.

Машаяктын Капернаумдан кетип баратканын эл байкабай койбойт. Аны ээрчигендер артынан сүзүп жөнөгөнгө даяр (Марк 4:36). Негизи, аркы өйүз анча алыс эмес. Галилея деңизи тузсуз чоң көлгө окшош. Анын узундугу — 21, туурасы 12 чакырымдай. Бирок ал тайыз эмес.

Иса пайгамбар жеткилең киши болсо да, эртеден кечке кызмат кылып, аябай чарчады. Кайык сууну жиреп, алдыга бет алганда, пайгамбар кайыктын арт жагына барат да, жаздык жазданып, уктай кетет.

Элчилердин айрымдары дасыккан балыкчылар болгондуктан калактарды эптүү шилеп баратышат. Бирок мунусунда адаттагыдан кыйын. Тоолор курчап турган деңиздин абасы жылуу боло турган. Кээде тоодон соккон муздак жел менен деңиздин жылуу абасы аралаша түшкөндө, шамал уюлгуп, деңиз бети буркан-шаркан түшө калат. Мына, шакирттер так ушундайга туш болушту. Алп толкундар кайыктын каптал-боорун соккулайт. «Кайыкка суу толуп», «алардын өмүрүнө коркунуч туулат» (Лука 8:23). Иса пайгамбар болсо мемиреп уктап жатат.

Бороон-чапкын менен далай жолу алышкан балыкчылар тоодой толкундар менен кармашып, кайыкты башкаруунун аракетинде. Бирок эч кандай майнап чыкпачудай. Жаны көзүнө көрүнгөн шакирттер пайгамбарды ойготуп: «Мырзам, бизди куткар, чөгүп баратабыз!» — деп дүрбөлөңгө түшүшөт (Матай 8:25). Алардын корккону бекеринен эмес. Көшөргөн деңиз кайыкты оңой эле суу түбүнө алып кетчүдөй.

Дал ошол маалда Иса пайгамбар ойгонуп: «Эмнеге мынча корктуңар, ишеними аздар?» — дейт (Матай 8:26). Анан шамал менен деңизге: «Басыл! Тынчы!» — деп буйрук берет (Марк 4:39). Алаамат түшүргөн шамал тып басылып, деңиз жоошуй түшөт. (Ушул окуяны баяндаганда Марк менен Лука адегенде Иса пайгамбардын деңизди тынчытканын, андан соң шакирттердин ишеними аз болгонун жазышкан.)

Кереметтин шакирттерге кандай таасир эткенин элестетүү кыйын эмес. Алар эми эле албууттанып турган деңиздин эчтеке болбогонсуп, мемиреп калганын өз көздөрү менен көрүштү. Жан дүйнөсүн коркунуч басып: «Шамалды да, деңизди да баш ийдире алган деги бул ким?» — деп таң калышат. Ошентип, алар аркы өйүзгө аман-эсен жетишет (Марк 4:41—5:1). Машаякты ээрчиген башка кайыктар бороон башталганда, кайра артка тартса керек.

Кудайдын Уулунун табият күчтөрүнүн үстүнөн да бийлиги бар экенин билүү кандай гана бекемдээрлик! Ал бүт жер жүзүн башкара баштаганда, адамзат эч нерседен коркпой жашайт, анткени табигый кырсыктар биротоло унутта калат.