Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

33-БӨЛҮМ

Ышая пайгамбардын айткандары аткарылат

Ышая пайгамбардын айткандары аткарылат

МАТАЙ 12:15—21; МАРК 3:7—12

  • ТОП ЭЛ ИСА ПАЙГАМБАРДЫ КЫСА БАШТАЙТ

  • АЛ ЫШАЯ ПАЙГАМБАРДЫН АЛДЫН АЛА АЙТКАН СӨЗДӨРҮН АТКАРАТ

Фарисейлер менен Ирод падышанын жактоочулары аны өлтүрүүнү ойлонуштуруп жатканын билгенде Иса пайгамбар шакирттерин ээрчитип, Галилея деңизин көздөй кетип калат. Ал жакка чар тараптан: Галилеядан, Тир менен Сидондун деңиз бойлой жайгашкан шаарларынан, Иордандын чыгыш тарабынан, Иерусалимден жана тээ түштүктөгү Идумеядан эл агылып келет. Иса пайгамбар көптөрдү айыктырат. Ошондуктан катуу ооругандар аны күтүп отурбай, колдорун тийгизиш үчүн аны көздөй жүткүнүшөт (Марк 3:9, 10).

Ошондо Иса пайгамбар калың элдин арасында кысылып калбаш үчүн шакирттерине кичирээк кайык камдап коюуну буйруйт. Ал ага түшүп, жээктен арыраак сүзүп барып, элди окута алмак. Же болбосо башка жакка сүзүп барып, дагы көптөргө жардам бере алмак.

Матай жазгандай, Иса Машаяк Ышая пайгамбар айткан сөздөрдү аткарган (Матай 12:17). Ышая пайгамбар алдын ала эмне деп айтты эле?

«Мына, мен тандап алган, жаным жактырган сүйүктүү кызматчым! Мен ага рухумду берем. Ал элдерге адилеттүүлүк эмне экенин түшүндүрөт. Ал талашып-тартышпайт, кыйкырбайт, чоң көчөлөрдөн анын үнүн эч ким укпайт. Адилеттүүлүктү жеңишке жеткирмейин, чала сынган камышты сындырбайт, бүлбүлдөп күйгөн биликти өчүрбөйт. Анын ысмына элдер үмүт артат» (Матай 12:18—21; Ышая 42:1—4).

Ооба, Кудай тандап алган сүйүктүү кызматчы Иса Машаяк болгон. Машаяк жалган диний каада-салттардан улам көмүскөдө калган чыныгы адилеттүүлүктү ачып берген. Фарисейлер Мыйзамды өз билгендей бурмалап, жаны кейиген кишиге жардам бериш үчүн Ишемби күнү колунун учун да кыймылдаткысы келген эмес. Бирок Иса пайгамбар Кудайдын адилеттүүлүгү эмне экенин жана ыйык рухка жетектелерин көрсөтүп, элди түйшүккө салган толгон-токой эрежелерден арылткан. Мына ошол себептен диний жетекчилер анын көзүн тазалагысы келген. Бул кандай гана өкүнүчтүү болгон!

Ал эми: «Ал талашып-тартышпайт, кыйкырбайт, чоң көчөлөрдөн анын үнүн эч ким укпайт»,— деген сөздөр эмнени билдирген? Иса пайгамбар айыктырган кишилерге жана кууп чыккан жиндерге «өзү жөнүндө эч кимге айтпоону» буйручу (Марк 3:12). Анткени өзү жөнүндө элдин көчөлөрдө жар салган кишилерден угушун же көбүртүп-жабыртылып айтылган кеп-сөздөрдөн билишин каалаган эмес.

Мындан тышкары, ал чала сынып, ийилип калган камыштай болгон кишилерге жакшы кабар айтып, жубаткан. Андай карапайым кишилер бүлбүлдөп күйгөн биликтей болчу. Алардын өмүр жалыны мына-мына өчөйүн деп турган. Иса пайгамбар чала сынган камышты сындырган эмес, бүлбүлдөп күйгөн биликти өчүргөн эмес. Ал назиктик, мээримдүүлүк менен мамиле кылып, мүңкүрөп, бүк түшкөн кишилердин башын көтөргөн. Ырас, Иса Машаяк — «элдер үмүт арта» турган эң сонун Падыша!