Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

54-БӨЛҮМ

Иса Машаяк — «өмүр наны»

Иса Машаяк — «өмүр наны»

ЖАКАН 6:25—48

  • ИСА МАШАЯК — «АСМАНДАН КЕЛГЕН НАН»

Иса пайгамбар Галилея деңизинин чыгышынан көптөрдү керемет жолу менен тойгузду. Эл аны падыша кылгысы келгенде, ал кетип калды. Ошол түнү толкуган деңиздин үстү менен басып, бир саамга шектене түшкөн Петирди чөгүп бараткан жеринен сактап калды. Андан соң долуланган деңизди тынчытып, шакирттерин аман алып калды.

Эми ал деңиздин батышындагы Капернаумга баратат. Керемет жолу менен тойгон эл аны таап: «Устат, бул жакка качан келдиң?» — деп сурайт. Пайгамбар аларды курсагын тойгузуш үчүн эле аны издеп келишкенин айтып, ашкерелейт. Анан аларды «бузула турган тамак үчүн эмес, түбөлүк өмүр бере турган бузулбас тамак үчүн эмгектенүүгө» үндөйт. Андыктан эл: «Кудайга жагыш үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деп сурайт (Жакан 6:25—28).

Алар Мыйзамдагы талаптар жөнүндө айтат деп күтсө керек, бирок Машаяк: «Ал кимди жиберсе, ошого ишенгиле. Кудайга жаккан иш мына ушул» — деп, андан да маанилүү талапты баса белгилейт. Бирок эл Машаяктын канча ажайып иштерин көрсө да, ага ишенген эмес. Анысы аз келгенсип: «Көрүп, сага ишенип калышыбыз үчүн, кандай керемет көрсөтөсүң? Кана, эмне кыласың?» — деп, дагы бир керемет талап кылышат. Анан: «Ыйык Жазмада: „Аларга асмандан нан берди“,— деп жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен»,— дешет (Жакан 6:29—31; Забур 78:24).

Жышаан талап кылган элге асмандан маннаны чынында ким бергенин көрсөтүш үчүн Иса Машаяк мындай дейт: «Асмандан нанды Муса берген эмес. Силерге асмандан чыныгы нанды Атам берип жатат. Ким асмандан түшүп, дүйнөгө өмүр берсе, ошол — Кудай берген нан». Сөздүн төркүнүн аңдабаган эл: «Мырзабыз, бизге дайыма ошондой нан берчи»,— деп өтүнөт (Жакан 6:32—34). Пайгамбар кайсы «нан» жөнүндө сөз кылган?

«Мен өмүр нанымын. Ким мага келсе, эч качан ачка болбойт. Ким мага ишенсе, эч качан суусабайт. Бирок, силерге айтканымдай, мени көрсөңөр да, мага ишенбей жатасыңар... Анткени мен асмандан өз эркимди эмес, мени жибергендин эркин аткарыш үчүн келгем. Мени жибергендин эрки болсо мындай: ал мага бергендеринин бирин да жоготпошумду жана аларды акыркы күнү тирилтишимди каалайт. Анткени Атамдын эрки боюнча, Уулун таанып-билип, ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болушу керек»,— дейт ал (Жакан 6:35—40).

Бирок эл ачууланып, нааразы боло баштайт. Атүгүл: «Ушул кантип эле асмандан келген нан болуп калсын!» — деп наалышса керек (Жакан 6:41). Анткени Машаякты Назареттеги карапайым эле кишилердин уулу катары көрүшкөн. Ошол себептен: «Бул Жусуптун эле уулу Иса эмеспи? Мунун ата-энесин баарыбыз эле билебиз го»,— дешет (Жакан 6:42).

Ошондо Иса пайгамбар: «Наалыганыңарды токтоткула» — дейт да, сөзүн мындай деп улайт: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт. Мен аны акыркы күнү тирилтем. Пайгамбарлардын жазууларында: „Алардын баарын Жахаба үйрөтөт“,— деп айтылган. Атамды угуп, андан таалим алгандардын ар бири мага келет. Кудайдан келген менден башка эч бир адам Атамды көргөн эмес. Аны мен гана көргөм. Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ болот» (Жакан 6:43—47; Ышая 54:13).

Ал Никедим менен сүйлөшкөндө түбөлүк өмүргө жетүү үчүн адам Уулуна ишенүү маанилүү экенин айткан эле. Ал Никедимге: «[Кудайдын жалгыз Уулуна] ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деген болчу (Жакан 3:15, 16). Эми болсо бул тууралуу калың элге айтып отурат. Аларга түбөлүк өмүргө чөлдөгү манна же Галилеяда керемет жолу менен берилген нан аркылуу эмес, Машаякка ишенүү аркылуу гана жетсе болорун түшүндүрөт. Анда түбөлүк өмүргө жетүү үчүн эмне кылыш керек? Машаяк: «Мен өмүр нанымын»,— деп дагы бир жолу кайталайт (Жакан 6:48).

Ал нан жөнүндөгү сөзүн Капернаумдагы синагогада улайт. Акырында көп нерсе айкын болот.