Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жол, чындык, өмүр

Жол, чындык, өмүр

Сага жакшы кабар уккан жагабы? Анда сүйүнчү! Сен жана сенин сүйүктүү жакындарың үчүн бир жакшы кабар бар!

Ал кабар ааламдын Жаратканы Жахаба кылымдар мурун жаздырган Ыйык Китепте камтылат. Колуңдагы китепте Кудайдын Сөзүндөгү 4 китепте жазылгандар баяндалат. Баарыбызга арналган китептер аларды жазган кишилердин: Матай, Марк, Лука, Жакандын атынан аталат.

Көптөр ошол төрт билдирүүнү төрт Инжил деп коюшат. Инжил «жакшы кабар» дегенди билдирет. Демек, төртөө тең Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды камтыйт. Ошол жакшы кабардын маңызы эмнеде? Кудай адамзатты Иса Машаяк аркылуу куткарат. Машаяк Падышалыктын Падышасы катары ага ишенгендерге зор баталарды төгөт (Марк 10:17, 30; 13:13).

ТӨРТ ИНЖИЛ

«Кудай Иса Машаяктын жашоосу, насааттары тууралуу эмне үчүн төрт Инжилге жаздырууну туура көргөн?» — деп ойлонгондурсуң.

Машаяктын сөздөрү, иштери тууралуу ар башка кишилердин жазганынын пайдалуу жактары көп. Мисалы, айтылуу устаттын жанында төрт кишинин турганын элестетсең. Маңдайындагысы салык жыйноочу болсо, оң жагындагысы — дарыгер. Сол тарабында устаттын балык уулаган эң жакын досу турса, артында баамчыл жаш жигит турат. Баары — чынчыл кишилер. Алар ар башка нерселерге кызыгып, ар башка нерселерге көңүл топтошот. Ар кими устатынын сөздөрү, иштери жөнүндө жазышса, билдирүүлөрү бири-бириникинен айырмаланары шексиз. Алардын эмнеге көңүл бурганын, максатын эске алып окуганыбызда устаттын сөздөрүн, иштерин терең түшүнө алабыз. Бул мисал Улуу Устат Иса Машаяк жөнүндө төрт Инжилде баяндалганы жөндүү болгонун көрсөтүп турат.

Мисалды андан ары өрчүтсөк, салык жыйноочу жүйүт элин эске алып жазууну каалайт. Ошондуктан аларга түшүнүктүү болгон ойлорго басым жасайт. Ал эми дарыгер оорулуулардын айыкканын баса белгилейт. Андыктан салык жыйноочунун жазгандарын кошпой эле коюуну же башка тартипте баяндоону туура көрөт. Жакын досу болсо Устатынын сезимдери, сапаттары жөнүндө көбүрөөк жазат. Ал эми жаш жигит кыска-нуска эле баяндайт. Кандай болбосун, ар бири маалыматты так жазат. Ооба, Инжилдин төрт киши тарабынан жазылганы Иса пайгамбардын иштери, окуулары, сапаттары тууралуу тереңирээк билүүгө шарт түзөт.

Айрымдар «Матайдын Инжили» же «Жакандын Инжили» деп айтып калышат. Бул деле туура, себеби ар бир Инжил «Иса Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды» камтыйт (Марк 1:1). Анткен менен Иса Машаяк жөнүндөгү Инжил, жакшы кабар, бирөө эле. Болгону, аны төрт башка киши жазган.

Ыйык Китепти изилдегендер төрт Инжилдеги окуяларды салыштырып, бириктирүүгө аракет кылышкан. Алардын бири Татиан деген сириялык жазуучу болгон. Төрт Инжилдин так, Кудайдын жетеги менен жазылганын түшүнгөн ал жазуучу Иса Машаяктын жашоосу жөнүндөгү билдирүүлөрдү бириктирип, болжолу б.з. 170-жылы «Диатессарон» деген эмгекти жараткан.

Бул китеп да ушундайча жазылды. Бирок ал толук, так маалыматты камтыйт. Себеби биз азыр Иса Машаяктын пайгамбарлыктарынын аткарылышын, мисалдарынын маанисин тереңирээк түшүнүп калдык. Бул өз кезегинде анын сөздөрүн, иштерин, окуялардын баяндалган тартибин айкын түшүнүүгө өбөлгө түздү. Археологиялык табылгалар да майда-чүйдө нерселерди, жазуучулардын ыкмаларын түшүнүүгө шарт түздү. Албетте, ар бир окуянын кандай тартипте өрчүгөнүн так айтуу мүмкүн эмес. Ошентсе да бул китепте окуялар ишеничтүү далилдердин негизинде ырааттуу баяндалды.

ЖОЛ, ЧЫНДЫК, ӨМҮР

Китепти окуп жатканда андагы эң негизги ойду унутпа. Иса пайгамбар элчи Томаска: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген (Жакан 14:6).

Бул китеп сага Машаяктын кандай мааниде «жол» экенин түшүнүүгө жардам берет. Биз Машаяк аркылуу гана Жахабага кайрыла алабыз жана аны менен элдеше алабыз (Жакан 16:23; Римдиктер 5:8). Ооба, ал аркылуу гана Кудай менен ынак мамиле өрчүтө алабыз.

Иса Машаяк — «чындык». Ал чындыкты жарыялап, чындыкка ылайык жашаган. Машаяк жерге келгенден кийин гана чындыктын эмне экени айкын болгон. Ал көптөгөн пайгамбарлыктарды аткарган. Ал аркылуу баары «ооба» болгон (2 Корунттуктар 1:20; Жакан 1:14). Ошол пайгамбарлыктар Кудайдын ой-ниети Иса Машаяк аркылуу гана ишке ашарын түшүнүүгө жардам берет (Аян 19:10).

Иса Машаяк — «өмүр». Ал жеткилең өмүрүн берип, канын төгүп, кун төлөгөндүктөн, биз «чыныгы жашоого», түбөлүк өмүргө, ээ боло алабыз (1 Тиметей 6:12, 19; Эфестиктер 1:7; 1 Жакан 1:7). Машаяк өлгөндөр үчүн да «өмүр» болот. Алар тирилип, Бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт (Жакан 5:28, 29).

Баарыбыз Иса Машаяктын Кудайдын ой-ниетиндеги ролун баалашыбыз керек. Бул китеп сага жол, чындык, өмүр болгон Иса Машаяк жөнүндө көбүрөөк билүүгө жардам бере берсин!