4-БӨЛҮК
Жүйүт жериндеги акыркы кызматы
«Жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла» (Лука 10:2).
БУЛ БӨЛҮКТӨ
66-БӨЛҮМ
Иерусалимдеги алачык майрамы
Иса пайгамбарды угуп тургандар анын ичине жин кирип алган деп эмне үчүн ойлоп алышкан?
67-БӨЛҮМ
«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»
Жүйүттөрдүн жогорку сотунун дээрлик бардык мүчөлөрү Иса пайгамбарга каршы болушкан. Бирок алардын бири тайманбай, аны жактаган.
68-БӨЛҮМ
Кудайдын Уулу — «дүйнөнүн жарыгы»
Иса пайгамбар: «Чындык силерди эркин кылат»,— деген. Эмнеден эркин кылмак?
69-БӨЛҮМ
Алардын атасы Ыбрайымбы же Ибилиспи?
Машаяк өзүнүн Атасы жана Ыбрайым пайгамбардын балдары ким экенин кантип аныктаса болорун айтат.
70-БӨЛҮМ
Тубаса сокур кишини айыктырышы
Шакирттер: «Эмне үчүн бул киши сокур болуп калган? Өзү күнөө кылганбы? Же ата-энесиби?» — деп сурашат. Машаяк аны айыктырганда, эл ар кандай ойдо болот.
71-БӨЛҮМ
Фарисейлердин сокур кишини суракка алышы
Сокур кишинин калыстык менен айткан сөздөрү фарисейлердин жинин келтирет. Ата-энеси корккондой эле, фарисейлер аны синагогадан чыгарып салышат.
72-БӨЛҮМ
70 шакиртин кабар айтууга жөнөтүшү
Машаяк Жүйүт жеринде жүргөндө 70 шакиртин Падышалык жөнүндө кабар айтууга жөнөтөт. Алар синагогаларда кабар айтышканбы же үйлөрдү кыдырышканбы?
73-БӨЛҮМ
Кайрымдуу самариялык киши
Иса пайгамбар элге маанилүү бир нерсеге үйрөтүш үчүн кайрымдуу самариялык киши жөнүндөгү мисалды кантип колдонгон?
74-БӨЛҮМ
Меймандостук жана тиленүү
Иса пайгамбар Мариям менен Мартаныкына конокко барат. Ал меймандостукка байланыштуу эмнени баса белгилейт? Кийин шакирттерине тиленгенди кантип үйрөтөт
75-БӨЛҮМ
Адамды эмне чындап бактылуу кылат?
Машаяк каршылаштарына Кудайдын манжасы жана Падышалыктын алар күтпөгөн маалда келгенин айтат. Ал канткенде чыныгы бакытка жетсе болорун да айтат.
76-БӨЛҮМ
Фарисейдин үйүнө конокко барышы
Иса пайгамбар фарисейлердин жана китепчилердин эки жүздүү экенин ачыкка чыгарат. Алар элге кандай оор жүк артышкан?
77-БӨЛҮМ
Байлыкка байланыштуу кеңеш
Иса пайгамбар чоң кампаларды курган бай киши жөнүндө мисал айткан. Ал байлыкка умтулуунун кооптуу экенин дагы кантип баса белгилеген?
78-БӨЛҮМ
Ишенимдүү башкаруучу, даяр бол!
Машаяк шакирттеринин рухийлигине кызыкдар болгон. Буга байланыштуу кызматчы кандай милдетти аткармак? Даяр болуу керектигине байланыштуу кеңешке кулак кагуу эмне үчүн маанилүү?
79-БӨЛҮМ
Өкүнбөгөндөр жок болот
Иса пайгамбар элге, эгер өкүнүшпөсө, жок болушарын айтат. Алар пайгамбардын Кудайдын алдында жакшы атка ээ болуу керектиги жөнүндө айткандарын жүрөктөрүнө түйүп алышабы?
80-БӨЛҮМ
Жакшы Койчу жана кой короолор
Койчу жана койлор жөнүндөгү мисалдан Машаяк жолдоочуларына кандай мамиле кыларын билсе болот. Алар анын окууларынын чындык экенин баамдап, жетегине баш иеби?
81-БӨЛҮМ
Атасы менен бир, бирок Атасы андан улук
Машаяктын каршылаштары аны өзүн Кудайга теңеп жатат деп айыпташат. Машаяк алардын айыбы негизсиз экенин кантип көрсөтөт?