Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

66-БӨЛҮМ

Иерусалимдеги алачык майрамы

Иерусалимдеги алачык майрамы

ЖАКАН 7:11—32

  • ИСА МАШАЯК ИБАДАТКАНАДА СӨЗ СҮЙЛӨЙТ

Иса пайгамбар чөмүлгөндөн бери, ал жөнүндө укпаган бир да киши калган жок. Миңдегендер анын кереметтерине күбө болушту, ажайып иштери жөнүндөгү кабар чар тарапка жарыяланды. Эми Алачык майрамында эл Иса пайгамбарды үңүлүп тиктеп турат.

Эл ичинде ал жөнүндө ар кандай кеп-сөздөр айтылып жүрөт. Кээ бирлери: «Ал — жакшы киши»,— десе, башкалары: «Жок, ал элди адаштырып жүрөт»,— деп жатышат (Жакан 7:12). Күбүр-шыбыр сөздөр майрамдын биринчи күнүндө күч алат. Бирок пайгамбарды тайманбастык менен жактагандар дээрлик жокко эсе. Анткени элдин көбү дин кызматчылардан коркот.

Майрам ортолоп калганда, Иса Машаяк ибадатканада сөз сүйлөй баштайт. Анын жүрөккө жеткире сүйлөгөнү көптөрдү таң калтырбай койбойт. Ал эч качан раббилердин мектебинде окуган эмес, ошондуктан жүйүттөр: «Диний мектептерде окубай туруп бул мындай билимди кайдан алган?» — деп таң калышат (Жакан 7:15).

Иса пайгамбар мунун себебин: «Мен үйрөткөн окуулар меники эмес, мени жибергендики. Ким Анын эркин аткаргысы келсе, бул окуунун Кудайданбы же аны мен оюман чыгарып айтып жатамбы, билип алат»,— деп түшүндүрөт (Жакан 7:16, 17). Анын даанышман сөздөрү Мыйзамга шайкеш келет. Андыктан өзүн эмес, Кудайды даңктагысы келери айдан ачык.

Анан пайгамбар: «Силерге Муса Мыйзам берген эмес беле? Бирок бириңер да Мыйзамга баш ийбейсиңер. Мени эмне үчүн өлтүргүңөр келип жатат?» — дейт. Элдин арасында алыстан келгендер да бар. Калыбы, алар анын көзүн тазалагысы келгендердин бар экенин билишпейт. Кимдир бирөөнүн ушундай мыкты Устатты өлтүргүсү келгени аларга акылга сыйбаган нерседей көрүнсө керек. Андыктан алар жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт, ушу соо эмес дегендей кылып: «Сенин ичиңде жин бар. Сени ким өлтүрөм деп жатат?» — дешет (Жакан 7:19, 20).

Мындан бир жарым жыл мурун пайгамбар Ишемби күнү бир кишини айыктырган эле. Ошондон бери диний жетекчилер аны өлтүрүүнүн амалын издеп жүрүшкөн. Иса пайгамбар алардын ой толгоосунун акылга сыйбай турганын көрсөтүш үчүн ойлонууга түрткү берген сөздөрдү айтат. Ал адегенде төрөлгөнүнө 8 күн болгон эркек баланын, Мыйзамга ылайык, Ишемби күнгө туш келсе да, сүннөткө отургузулары жөнүндө сөз козгойт. Андан соң: «Мусанын мыйзамы бузулбасын деп, ишемби күнү сүннөткө отургузуп жатсаңар, анда эмне үчүн ишемби күнү кишини сопсоо кылып айыктырып койгонума ачууланып жатасыңар? Адамды сыртына карап соттогонуңарды токтоткула, адилет сот жүргүзгүлө»,— дейт (Жакан 7:23, 24).

Иштин чоо-жайын билген иерусалимдиктер: «[Башчыларыбыз] ушуну өлтүрөбүз деп жүрүштү беле? Карасаңар, бул эл алдында ачык эле сүйлөп жатат, буга эч ким эч нерсе деген жок. Же башчыларыбыз да мунун Машаяк экенине ишенип калышканбы?» — деп өз ара күбүрөнүшөт. Анда эмне үчүн эл анын Машаяк экенине ишенбейт? Алар: «Биз мунун кайдан экенин билебиз да. Машаяк келгенде болсо, анын кайдан экенин эч ким билбейт»,— дешет (Жакан 7:25—27).

Машаяк ушинтип ойлогон элге: «Силер менин ким экенимди, кайдан келгенимди билесиңер. Бирок мен өзүмөн өзүм келген жокмун. Мени жибергендин чынында эле бар экени анык. Силер аны билбейсиңер. Мен болсо билем, анткени анын өкүлүмүн. Мени ал жиберген»,— дейт (Жакан 7:28, 29). Бетке айтылган мындай сөздөргө ачуулангандар аны же камакка алып, же өлтүрүш үчүн кармаганга аракет кылышат. Бирок алардын ою орундалбайт, себеби анын өлө турган күнү келе элек болчу.

Анткен менен Машаякка ишенгендер да аз эмес. Негизи, ага ишенүүгө себептер арбын болчу. Ал суунун үстү менен баскан, шамалды тынчыткан, миңдегендерди тойгузган, оорулууларды сакайткан, аксактарды бастырган, сокурлардын көзүн ачкан, пес оорусу менен ооругандарды айыктырган, атүгүл өлгөндөрдү тирилткен. Ооба: «Машаяк келгенде кантип эле мындан да көп керемет жасасын?» — деген сөздөрдүн жөнү бар болчу (Жакан 7:31).

Албетте, мындай сөздөр фарисейлердин кулагынан кыя өткөн эмес. Ошентип, алар жогорку дин кызматчылар менен биригип алып, аны кармап келүүгө сакчыларды жөнөтүшөт.