Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

78-БӨЛҮМ

Ишенимдүү башкаруучу, даяр бол!

Ишенимдүү башкаруучу, даяр бол!

ЛУКА 12:35—59

  • ИШЕНИМДҮҮ БАШКАРУУЧУ ДАЯР БОЛУШУ КЕРЕК

  • МАШАЯК БӨЛҮП-ЖАРЫШ ҮЧҮН КЕЛГЕН

Иса Машаяк асман Падышалыгында «кичине отор» гана бийлик кыларын ачып берди (Лука 12:32). Бул кандай гана зор сыйлык! Ал жогору бааланышы керек. Ошондуктан Иса пайгамбар Падышалыкты мурастагысы келгендердин бул сыйлыкты баалашы керектигин баса белгилейт.

Пайгамбар шакирттерин өзү кайра келе турган убакка даяр болууга үндөп, мындай дейт: «Белиңер буулуп, чырагыңар күйүп турсун. Өзүңөр болсо үйлөнүү тоюнан келе турган кожоюнун күтүп жаткан жана ал келип, эшикти тыкылдатар замат, ачууга даяр турган кулдардай болгула. Кожоюну кайтып келгенде, сергек турган кулдар бактылуу!» (Лука 12:35—37).

Шакирттер кандай маанайда болушу керектигин түшүнүшөт. Мисалдагы кызматчылар даяр болуп, кожоюнун чыдамсыздык менен күтүшү керек болчу. Машаяк мунун себебин: «Кожоюну экинчи [кечки саат тогуздардан түн ортосуна чейинки маалда], атүгүл үчүнчү күзөттө [түн ортосунан таңкы саат үчтөргө чейинки маалда] келип, кулдарынын сергек турганын көрсө, алар бактылуу!» — деп түшүндүрөт (Лука 12:38).

Мисалда кызматчылардын сергек болушу керектигине байланыштуу эле кеңеш камтылган эмес. Бул Машаяктын — адам Уулунун — мисалда өзү жөнүндө сөз кылганынан айкын болгон. Ал шакирттерине: «Силер да даяр тургула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— дейт (Лука 12:40). Ооба, Иса Машаяк келечекте келмек. Андыктан ал жолдоочуларынын, өзгөчө, «кичине отордун» ар дайым сергек болушун каалаган.

Элчи Петир мисалдын маанисин терең түшүнгүсү келгендиктен: «Мырзам, бул мисалды бизге карата айттыңбы же баарынабы?» — деп сурайт. Устаты суроого түз жооп бербестен, дагы бир маанилеш мисал айтып, мындай дейт: «Кызматчыларына өз убагында жетиштүү тамак берип турушу үчүн, кожоюн дайындай турган ишенимдүү жана акылдуу башкаруучу ким? Кожоюну кайтып келип, анын берилген ишти аткарып жатканын көрсө, ал кул бактылуу! Ишенип койгула, кожоюну аны өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындайт» (Лука 12:41—44).

Биринчи мисалдагы «кожоюн» Машаякты, адам Уулун, билдирери шексиз. Демек, «ишенимдүү... башкаруучу» «кичине отордон» алынган жана Падышалыкты мурастай турган кишилерди билдирет деп айтуу акылга сыярлык (Лука 12:32). Иса пайгамбар «ишенимдүү... башкаруучунун» «кызматчыларга» «өз убагында жетиштүү тамак берип», кам көрүп турууга дайындаларын айткан. Андыктан Машаяк окутуп-үйрөтүп, билим менен азыктандырып келаткан элчи Петир менен башка шакирттер келечекте боло турган убакыт аралыгы жөнүндө сөз жүрүп жатканын түшүнүшсө керек. Адам Уулу ошол убакыт аралыгында келмек. Демек, ошол убакыт аралыгында Кожоюндун «кызматчыларын», башкача айтканда, Машаяктын жолдоочуларын билим менен азыктандыра турган адамдардын тобу болмок.

Иса пайгамбар шакирттеринин сергек болуп, туура маанай сакташы керектигин дагы бир жолу баса белгилейт. Анткени алар кайдыгер болуп, андан да жаманы, ишенимдештерине кордук көрсөтө башташы мүмкүн эле. Андыктан Машаяк бул тууралуу мындай дейт: «Бирок ал кул: „Кожоюнум жакында келбейт“,— деп ойлоп, мас болуп, ичип-жеп, үйдөгү кызматчылардын эркектерин да, аялдарын да уруп-сабаса, кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал билбеген саатта келет да, аны катуу жазалап, ишенимсиздердин жанына таштайт» (Лука 12:45, 46).

Машаяк «жер бетине от жагуу үчүн келгенин» да айтат. Ал катуу талаш-тартыштарды жараткан көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөн. Натыйжада жалындаган оттой болгон чындык сөздөрү жалган окуулар менен каада-салттарды жалмай баштаган. Ошондой эле биримдикте болгондор да бөлүнүп-жарыла баштаган. Пайгамбар «атасы баласына, баласы атасына, энеси кызына, кызы энесине, кайненеси келинине, келини кайненесине каршы чыгып, баары бөлүнөрүн» айткан (Лука 12:49, 53).

Бул сөздөр, айрыкча, анын шакирттерине тиешелүү болчу. Андан соң Машаяк назарын калың элге бурат. Жедеп кежирленип бүткөн элдин көбү анын Машаяк экенине ишенбей жаткандыктан, ал мындай дейт: «Батыштан көтөрүлгөн булутту көрөрүңөр менен: „Катуу шамал болуп, жаан жаайт экен“,— дейсиңер, анан ошондой болот. Ал эми түштүктөн шамал соккондо: „Ысык болот экен“,— дейсиңер, анан ошондой болуп чыгат. Эки жүздүүлөр, аба ырайы кандай болорун билесиңер да, эмне үчүн ушул өзгөчө убакты айырмалап билбейсиңер?» (Лука 12:54—56). Ооба, эл Машаяктын келишине таптакыр даяр эмес болчу.