Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

73-БӨЛҮМ

Кайрымдуу самариялык киши

Кайрымдуу самариялык киши

ЛУКА 10:25—37

  • ТҮБӨЛҮК ӨМҮРГӨ КАНТИП ЖЕТСЕ БОЛОТ?

  • КАЙРЫМДУУ САМАРИЯЛЫК КИШИ

Машаяк Иерусалимден алыс эмес жерде жүргөндө, жанына жүйүттөр барышат. Кээ бири анын даанышман сөздөрүн угууга куштар болсо, айрымдары — аны сынап көрсөмбү дегендер. Мыйзамды жакшы билген бирөө: «Устат, түбөлүк өмүргө ээ болушум үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурайт (Лука 10:25).

Пайгамбар анын чын ниеттен жооп алгысы келип жатпаганын байкайт. Ал киши суроону Иса пайгамбар кыжырданып турган жүйүттөргө каршы бирдеме айтабы деген ой менен берген көрүнөт. Пайгамбар анын буга чейин эле белгилүү бир көз карашта экенин баамдаган. Андыктан анын даанышмандык менен берген жообунан тиги кишинин ою айкын болот.

Машаяк: «Мыйзамда эмне деп жазылган? Окугандарыңдан эмнени түшүндүң?» — деп сурайт. Мыйзамды беш колдой билген ал киши Мыйзам 6:5те, Лебилер 19:18де жазылгандарды жатка айтып: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт күчүң менен, бүт акылың менен сүй“, ошондой эле „жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп жооп берет (Лука 10:26, 27). Ал туура жооп бергенби?

Иса пайгамбар ага: «Туура жооп бердиң. Ушуларды аткарсаң, өмүргө ээ болосуң»,— дейт. Алардын маеги ошону менен эле бүткөнбү? Жок, тиги киши бул жоопко канааттанган эмес. Анткени ал адилсинип, өзүнүн көз карашынын туура экенин далилдегиси, башкаларга жаман мамиле кылганын актагысы келген. Ошол себептен: «Менин жакыным ким?» — деп сурайт (Лука 10:28, 29). Бул бир караганда жөнөкөй суроодой көрүнгөнү менен, анын артында көп нерсе жаткан. Кандайча?

Жүйүттөр алардын каада-салттарына кармангандарды гана «жакыны» катары көрүшчү. Лебилер 19:18ди эске алганда, бул көз караш туурадай көрүнчү. Андыктан жүйүттөр башка элдер менен мамилелешүүнү «мыйзамга каршы келет» деп эсептешкен көрүнөт (Элчилер 10:28). Демек, суроо берген киши да, айрым шакирттер да, жүйүттөргө жакшы мамиле кылышканы үчүн, өздөрүн адил деп эсептешчү. Ал эми башка элдерди жакыны катары эсептебегендиктен аларга жаман мамиле деле кылып коё алышчу.

Машаяк ал кишинин да, жүйүттөрдүн да көңүлүн оорутпай, туура эмес көз карашын кантип оңдогон? Ал мындай аңгеме айтып берет: «Бир киши Иерусалимден Жерихого түшүп келатып талап-тоноочуларга кабылып калат. Алар анын кийимин чечип алышат да, өзүн сабап, чала жан кылып калтырып кетишет. Ал жол менен бир дин кызматчы түшүп келатып тиги кишини көрөт да, четтеп өтүп кетет. Леби да ошол жерге жеткенде аны көрүп, четтеп өтүп кетет. Ал эми бир самариялык киши ошол жерден өтүп баратып аны көрөт да, боору ачыйт» (Лука 10:30—33).

Аңгемени угуп отурган киши дин кызматчылар менен лебилердин көбү Жериходо жашаарын жакшы билген. Алар ибадатканадан Жерихого чейин 23 чакырымдай жөө басышчу. Ал жолдо каракчылар көп болгондуктан, жол жүрүү кооптуу болчу. Дин кызматчы менен леби кырсыкка кабылган жүйүткө биринчилерден болуп жардам бериши керек болчу. Бирок алар анткен эмес. Жабыркаган жүйүткө жүйүттөр жек көргөн самариялык киши жардам берген (Жакан 8:48).

Ал эмне кылган? «Жанына келип, жарааттарына май менен шарап куюп, таңат. Анан эшегине мингизип, мейманканага алып келип, ага кам көрөт. Эртеси күнү эки динар алып чыгып, мейманкананын ээсине берет да: „Бул кишиге кам көрүп тур. Эгер мындан көп каражат кетсе, кайтып келгенимде төлөп берем“,— дейт» (Лука 10:34, 35).

Анан Улуу Окутуучу тиги кишиден: «Сенин оюңча, ушул үчөөнүн кимиси талап-тоноочуларга кабылган кишиге жакын адамындай мамиле кылды?» — деп сурайт. Ал «самариялык киши» деп айтканга оозу барбай: «Ага кайрымдуулук кылганы»,— деп жооп берет. Иса пайгамбар ага: «Барып, сен да ошент»,— деп айтат. Ошондо анын бул аңгемени эмне үчүн айтып бергени айкын болот (Лука 10:36, 37).

Мыкты Устат деп мына ушуну айт! Иса пайгамбар алиги кишиге башка элдер да анын жакыны экенин түз эле айтса, ал киши да, башка жүйүттөр да анын сөзүн угат беле? Укмактыгы шекилдүү. Андыктан пайгамбардын жүйүттөргө жакшы белгилүү болгон, майда-барат маалымат камтылган аңгемесинин аркасында: «Менин жакыным ким?» — деген суроонун жообу баарына айкын болгон. Ооба, каракчыларга туш болгон жүйүткө сүйүү жана боорукердик көрсөткөн киши ага жакынындай мамиле кылган. Ыйык Китеп баарыбызды ушул сапаттарды чагылдырууга үндөйт.