Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

75-БӨЛҮМ

Адамды эмне чындап бактылуу кылат?

Адамды эмне чындап бактылуу кылат?

ЛУКА 11:14—36

  • КУДАЙДЫН КҮЧҮ МЕНЕН ЖИНДЕРДИ КУУП ЧЫГАТ

  • ЧЫНЫГЫ БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ

Иса Машаяк тиленүү тууралуу айткандарын жаңы эле кайталады. Ал дагы башка нерселерди да кайталап айтчу. Ал Галилеяда жүргөндө, душмандары ага ажайып иштерди жиндердин башчысынын жардамы менен жасайт деп жалаа жабышкан. Эми Жүйүт жериндегилер да ушинтип айыптап жатышат.

Иса бир кишинин ичинен аны дудук кылган жинди кууп чыгарганда, эл таң калат. Бирок каршылаштары аны каралап: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысы Белзебулдун жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешет (Лука 11:15). Башкалары андан Машаяк экенин далилдеш үчүн дагы жышаан көрсөтүшүн талап кылышат.

Аны сынап жатышканын түшүнгөн пайгамбар Галилеядагы каршылаштарына жооп бергендей жооп берет. Ал ич ара бөлүнгөн ар бир падышалыктын кулаарын айткандан кийин: «Шайтан ич ара бөлүнгөн болсо, анын падышалыгы кантип туруштук берет?» — дейт. Анан Машаяк өзү жөнүндө: «Мен жиндерди Кудайдын күчү [манжасы] менен кууп чыгарып жатсам, анда Кудайдын Падышалыгы силерге өзүңөр күтпөгөн убакта келди»,— деп ачык айтат (Лука 11:18—20, шилтеме).

«Кудайдын манжасы» дегенди уккан эл илгерки окуяларды эстесе керек. Фараондун ак сарайындагылар Муса пайгамбардын кереметтерин көргөндө: «Бул — Кудайдын манжасы менен жасалган иш!» — деп таң калышкан эле. Он осуят да таш лоокторго «Кудайдын манжасы» менен жазылган болчу (Чыгуу 8:19, 31:18, шилтемелери). Машаяк так ошол «Кудайдын манжасы», ыйык руху, менен жиндерди кууп чыгып, элди айыктырып жаткан эле. Ооба, Кудайдын Падышалыгы Машаяктын душмандары күтпөгөн убакта келген, анткени анын Падышасы алардын арасында болуп, ажайып иштерди кылып жаткан.

Үй кайтарган жакшы куралданган кишини андан күчтүүрөөк бирөө жеңе алгандай эле, Иса пайгамбардын жиндерди кууп чыгарганы анын Шайтандын үстүнөн бийлиги бар экенин далилдеп турган. Пайгамбар ичинен жин чыккан киши жөнүндөгү мисалын кайра кайталайт. Мисалдагы киши боштукту жакшы нерселер менен толтурбаса, андан чыккан жин жети жинди ээрчитип келмек да тиги кишинин абалы мурункусунан да жаман болмок (Матай 12:22, 25—29, 43—45). Ысрайыл эли дал ушундай болгон.

Элдин арасынан бир аял: «Сени курсагына көтөрүп, эмизген эне бактылуу!» — дейт. Ар бир эле жүйүт аял пайгамбардын, өзгөчө, Машаяктын энеси болууну самаганы шексиз. Андыктан тиги аял ушундай мыкты Устаттын энеси Мариямды аябай бактылуу аял болсо керек деп ойлогон чыгар. Бирок Иса анын көз карашын оңдоп: «Жок, Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп, адамды эмне бактылуу кыларын түшүндүрөт (Лука 11:27, 28). Машаяк эч качан энесине өзгөчө сый көрсөтүлүшү керектигин айткан эмес. Анткени адамды тууганчылык же жетишкендиктер эмес, Кудайга ишенимдүү кызмат кылганы чындап бактылуу кылат.

Иса пайгамбар жышаан көрсөтүшүн талап кылган галилеялыктарды кандай ашкерелесе, Жүйүт жериндегилерди да так ошондой ашкерелеп, аларга «Жунустукунан башка жышаан көрсөтүлбөй» турганын айтат. Жунустун балыктын ичинде жатканы, эр жүрөктүк менен кабар айтканы жышаан болгон. Ошондо нинебиликтер өкүнүшкөн болчу. Машаяк: «Бул жерде Жунустан да улук бирөө бар»,— дейт (Лука 11:29—32). Машаяк Сулаймандан да улук болгон. Сулаймандын даанышман сөздөрүн угуш үчүн Шебанын канышасы жердин түбүнөн келген.

Машаяк: «Чыракты күйгүзгөндөн кийин эч ким аны көрүнбөгөн жерге же көмкөрүлгөн өлчөгүч идиштин астына койбойт. Тескерисинче, үйгө киргендер жарыкты көрүшү үчүн, аны чыракпаяга коёт»,— деп кошумчалайт (Лука 11:33). Ал тоң моюн элди окутуп-үйрөтүү, керемет көрсөтүү чырактын үстүнө идиш көмкөрүп койгонго эле тете деп айткысы келген көрүнөт. Алардын көзү Падышалыкка багытталбагандыктан, Машаяктын кереметтерди эмне үчүн жасаганын аңдашкан эмес.

Иса жаңы эле бир кишинин ичинен дудук кылган жинди кууп чыгарды. Муну көргөндөр Жахабаны даңктап, зор иштери жөнүндө жар салууга түрткү алышмак. Андыктан ал каршылаштарына: «Сак бол: сендеги жарык караңгылык болуп жүрбөсүн. Эгер денеңдин эч бир жери караңгы болбой, толугу менен жарык болсо, анда чырактын жарыгы тийип жаткандагыдай, бүт денең жарык болот»,— дейт (Лука 11:35, 36).