Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

74-БӨЛҮМ

Меймандостук жана тиленүү

Меймандостук жана тиленүү

ЛУКА 10:38—11:13

  • ИСА ПАЙГАМБАР МАРТА МЕНЕН МАРИЯМДЫКЫНА БАРАТ

  • БАГЫНБАСТАН ДАЙЫМА ТИЛЕНҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

Бетания айылы Зайтун тоосунун чыгыш тарабында, Иерусалимден 3 чакырымдай алыс жайгашкан (Жакан 11:18). Иса пайгамбар ошол жердеги Марта менен Мариямдыкына барат. Алардын Лазар деген бир тууганы бар. Алар пайгамбардын достору болгондуктан аны дайыма кадырлап тосуп алышат.

Машаякты коноктогондон өтөр чоң сыймык болбос! Марта ардактуу коногун дасторконун кенен жайып тосуп алмакчы болот. Ал жаны тынбай чуркап жүрсө, Мариям пайгамбардын жанына отуруп алып, аны кунт коюп уга баштайт. Бир маалда Марта: «Мырзам, Мариямдын бардык ишти мага таштап койгону сага баары бирби? Айтып койчу, мага жардам берсин»,— деп нааразы болот (Лука 10:40).

Бирок Иса пайгамбар анын ашыкча түйшүктөнүп жатканын айтып: «Марта, Марта, сен көп нерсеге убара болуп, жаныңды кыйнап жатасың. Негизи, аз эле же бир эле нерсе керек. Мариям болсо жакшысын тандап алды, бул андан эч качан тартылып алынбайт»,— дейт (Лука 10:41, 42). Ооба, Иса пайгамбар түрлөп тамак даярдаганга көп убакыт кетирүүнүн зарылдыгы жок экенин баса белгилеген. Негизи, бир эле тамак жетиштүү болмок.

Мартанын ниети жакшы эле болгон. Ал тек гана Машаякты жакшылап коноктогусу келген. Бирок күйпөлөктөп жүрүп, Кудайдын Уулунун өз оозунан чыккан насааттарды укпай калган. Мариям болсо жакшысын тандап алган. Мырзасын дит коюп укканы ага зор пайда алып келмек жана бул андан эч качан тартылып алынмак эмес. Биз мындан көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Пайгамбар шакирттерине дагы бир маанилүү насаат айтат. Шакирттери: «Мырзам, Жакан шакирттерине үйрөткөндөй, сен да бизге тиленгенди үйрөтчү»,— деп өтүнүшөт (Лука 11:1). Ал бир жарым жылдай мурун тоодо насаат айтканда тиленгенди үйрөткөн болчу (Матай 6:9—13). Бирок бул шакирттери ал жерде болгон эмес көрүнөт. Андыктан аларга баарын кайталап айтып берет. Анан тынымсыз тиленүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген мындай мисал айтат.

«Араңардан бирөөнүн досу бар деп коёлу. Ал түн ортосунда ошол досуна барып: „Досум, үч нан берип турчу. Жол жүрүп келаткан бир досум келип калыптыр, ага бергенге эч нерсем жок болуп жатат“,— дейт. Ичкериден үйдүн ээси: „Тынчымды албачы. Эшикти бекитип алгам, балдарым да жанымда жатат. Тура албайм, сага эч нерсе бере албайм“,— деп жооп берет... Ал ага досу болгону үчүн ордунан туруп, бир нерсе бербесе да, анын кайра-кайра сураганынан улам ордунан туруп, ага керек болгон нерсесин берет» (Лука 11:5—8).

Иса пайгамбар Жахабанын, мисалдагы достой болуп, кимдир бирөөнүн өтүнүчүн уккусу келбей турганын айткысы келген эмес. Жардам берүүгө шашпаган киши кайра-кайра сурай берген досунун өтүнүчүн аткарып жатса, анда асмандагы Атабыз ишенимдүү кызматчыларынын жалынычын кантип укпай койсун?! Пайгамбар сөзүн андан ары: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат. Анткени ар бир сураган адам алат, издеген табат, тыкылдатканга эшик ачылат»,— деп улайт (Лука 11:9, 10).

Анан оюн баса белгилеш үчүн ата жөнүндө мындай мисал келтирет: «Араңардагы кайсы ата, уулу балык сураса, анын ордуна жылан берет? Же жумуртка сураса, чаян берет? Демек, силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун ого бетер бербейби?» (Лука 11:11—13). Бул мисал асмандагы Атабыздын бизди дайыма угарына жана кам көрөрүнө ынандырат.