5-БӨЛҮК
Иса Машаяктын Иордандын чыгышындагы акыркы кызматы
«Исага көптөр ишенип калды» (Жакан 10:42).
БУЛ БӨЛҮКТӨ
82-БӨЛҮМ
Иса Машаяктын Переядагы кызматы
Машаяк куткарылуу үчүн эмне кылуу керек экенин айтат. Анын кеңеши ошол учурда абдан маанилүү болгон. Бүгүнчү?
83-БӨЛҮМ
Кудай тамакка кимдерди чакырат?
Машаяк фарисейдин үйүндө отурганда чоң той жөнүнө мисал келтирет. Муну менен ал Кудайдын элине кандай маанилүү ойду айткан?
84-БӨЛҮМ
Шакирт болуу — чоң жоопкерчилик
Машаяктын жолдоочусу болуу — чоң жоопкерчилик. Машаяк бул эмнени билдирерин ачык эле айтат. Бул айрымдардын төбө чачын тик тургузат.
85-БӨЛҮМ
Өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн кубанышат
Фарисейлер менен китепчилер Машаякты, карапайым эл менен мамилелешкени үчүн, сынга алышат. Ал Кудайдын күнөөкөрлөргө кандай караарын мисалдар менен түшүндүрөт.
86-БӨЛҮМ
Жоголгон уулдун кайтып келиши
Машаяктын жоголгон уул жөнүндөгү мисалынан эмнеге үйрөнө алабыз?
87-БӨЛҮМ
Эртеңкини ойлоп, акылдуулук менен иш кыл
Машаяк амалкөй үй башчысы жөнүндөгү мисалдын жардамы менен эмнеге үйрөткүсү келген?
88-БӨЛҮМ
Бай киши менен Лазардын жагдайы өзгөрөт
Иса Машаяктын мисалындагы негизги каармандар кимдерди билдирерин билсек, мисалдын маани-маңызын түшүнөбүз.
89-БӨЛҮМ
Жүйүт жерине баратып, Переяда кабар айтышы
Кимдир бирөө бизге каршы кайра-кайра күнөө кылса, кайсы сапат кечиримдүү болууга жардам берет.
90-БӨЛҮМ
«Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»
Машаяктын: «Ким мага ишенип жашаса, ал эч качан өлбөйт?» — деген сөздөрү эмнени билдирет?
91-БӨЛҮМ
Лазардын тирилиши
Ушул окуядагы эки нерседен улам Иса пайгамбардын каршылаштары кереметти жокко чыгара алышкан эмес.
92-БӨЛҮМ
Бирөө гана ыраазычылык билдирет
Айыккан киши Иса Машаякка эле эмес, дагы бирөөгө ыраазычылык билдирет.
94-БӨЛҮМ
Тиленүү жана момундук
Адилетсиз сот жана жесир аял жөнүндөгү мисалдан Машаяк маанилүү бир сапатты баса белгилеген.
95-БӨЛҮМ
Ажырашуу жана балдар жөнүндөгү насаат
Иса пайгамбардын балдарга карата көз карашы шакирттериникинен кескин айырмаланган. Эмне үчүн?
96-БӨЛҮМ
Машаяктын бай жигит менен сүйлөшүшү
Иса пайгамбар эмне үчүн: «Байдын Кудайдын Падышалыгына киришине караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңоюраак»,— деп айткан?
97-БӨЛҮМ
Жүзүмзардагы жумушчулар жөнүндөгү мисал
Кандай мааниде »биринчилердин көптөрү акыркы, ал эми акыркылар биринчи болот»?
98-БӨЛҮМ
Кайра эле биринчи болууга умтулушат
Жакып менен Жакан Падышалыкта жогорку орундарды ээлөөнү каалашкан. Бирок буга алар гана умтулушкан эмес.
99-БӨЛҮМ
Сокурларды айыктырышы, Закайга жолугушу
Үч Инжилдеги Иса пайгамбардын Жерихонун жанында эки кайырчыны айыктырганы жөнүндөгү билдирүүлөр бири-бирине карама-каршы келген сыяктанат. Бирок ал билдирүүлөрдүн бири-бирине карама-каршы келбей турганына кандай далил бар?
100-БӨЛҮМ
Он мина жөнүндөгү мисал
Иса пайгамбардын: «Кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, андан өзүндө болгон нерсеси да тартылып алынат»,— деген сөздөрү эмнени билдирет?