Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

83-БӨЛҮМ

Кудай тамакка кимдерди чакырат?

Кудай тамакка кимдерди чакырат?

ЛУКА 14:7—24

  • МОМУН БОЛУУГА ҮНДӨЙТ

  • ЧАКЫРЫЛГАН КОНОКТОР ШЫЛТОО АЙТЫШАТ

Машаяк фарисейдин үйүнөн кете элек. Ал ак шишик баскан кишини айыктырды. Азыр коноктордун төрдөн орун алууга жутунуп жатканын байкап отурат. Бул аларды момундукка үйрөтүү үчүн түзүлгөн сонун мүмкүнчүлүк эле.

Пайгамбар мындай дейт: «Сени бирөө үйлөнүү тоюна чакырса, төрдөн орун алганга умтулба. Чакырылгандардын арасында сенден да кадырлуу бирөө болушу мүмкүн. Ошондо сени да, аны да чакырган үй ээси жаныңа келип: „Бул кишиге орун бошотуп бер“,— деп калса, уят болуп, босого жакка отурууга аргасыз болосуң» (Лука 14:8, 9).

Анан сөзүн мындай деп улайт: «Конокко чакырылганыңда босого жактан орун ал. Ошондо үй ээси жаныңа келип: „Досум, өйдө өт“,— деп айтат. Ошентип, бардык коноктордун алдында сага урмат көрсөтүлөт». Пайгамбар тек гана сылыктыкка жаткан иштер жөнүндө сөз кылган эмес. Бул: «Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт»,— деген сөздөрдөн көрүнүп турат (Лука 14:10, 11). Ооба, ал конокторду момун болууга үндөгөн.

Андан соң Иса пайгамбар үй ээсине да маанилүү бир ойду — конокко чакырганы Кудайга жаккыдай болушу керектигин — айтат. «Түшкү же кечки тамакка досторуңду, бир туугандарыңды, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар бир күнү кайра өзүңдү чакырып, сага сый көрсөтүшү мүмкүн. Той бергениңде жакырларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр. Ошондо бактылуу болосуң, анткени алар сага сый көрсөтө алышпайт»,— дейт ал (Лука 14:12—14).

Баарыбыз эле досторубузду, туугандарыбызды, кошуналарыбызды конокко чакырабыз. Мунун эч жаман жери жок. Бирок пайгамбар жакырлар, мунжулар, сокурлар сыяктуу бечара кишилерди конокко чакыргандарга Жахабанын мол бата берерин баса белгилеген. Ал мунун себебин үй ээсине: «Сен адил адамдар тирилген убакта сыйлык аласың»,— деп түшүндүрөт. Отургандардын бири пайгамбарды кубаттап: «Кудайдын Падышалыгында даам тата турган адам бактылуу»,— дейт (Лука 14:15). Ал мунун зор сыймык экенин баамдаган сыяктанат. Бирок ушул сыймыкты баары эле баалабагандыктан, Машаяк мындай дейт:

«Бир киши кечкиге чоң дасторкон жайып, көп конок чакырат... Ал кулун жөнөтүп, чакырылгандарга: „Келгиле, бардыгы даяр болду“,— деп айттырат. Бирок алардын баары ар кандай шылтоолорду айта баштайт. Биринчиси: „Мен жер сатып алдым эле, аны көрүп келишим керек. Бара албайм, кечирип койчу“,— дейт. Экинчиси: „Мен он өгүз сатып алдым эле, аларды сынап көргөнү баратам. Сеникине бара албайм, кечирип койчу“,— деп айтат. Үчүнчүсү: „Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм“,— дейт» (Лука 14:16—20).

Алар болбогон эле шылтоо айтышкан. Адатта, талааны же малды сатып алардан мурун текшеришет, андан кийин текшерүүнүн зарылдыгы жок. Үчүнчү киши үйлөнүүгө даярданып жаткан эмес болчу, ал ага чейин эле үйлөнгөн, андыктан бул маанилүү чакырыкты кабыл алууга тоскоолдук кыла турган деле нерсе эмес болчу. Ошондо кожоюн ачууланып, кулуна:

«Тезинен шаардын чоң көчөлөрүнө, чолок көчөлөрүнө чыгып, жакырларды, мунжуларды, сокурларды, аксактарды чакырып кел»,— деп айтат. Кулу аларды чакырып келгенден кийин да бош орундар калат. Ошондо кожоюну ага: «Жолго чыгып, тосулган жерлерди аралап, жолуккандарды бул жакка зордоп алып кел, үйүм толсун. Айтып коёюн, мурун чакырылгандардын эч кимиси кечки тамагымдан даам татпайт»,— дейт (Лука 14:21—24).

Бул мисал Жахаба Кудайдын Иса Машаякка асмандагы Падышалыкты мурастай тургандарды чакырууну буйруганын көрсөтүп турат. Падышалыкка адегенде жүйүттөр, айрыкча, диний жетекчилер чакырылган. Бирок алардын көбү Машаяктын кызматы башталгандан аяктаганга чейин чакырыкты четке кагып келишкен. Бактыга жараша, чакырык башкаларга да айтыла баштамак. Иса пайгамбар айткандай, кийинчерээк карапайым жүйүттөргө жана алардын динин кабыл алгандарга экинчи чакырык жарыяланмак. Андан соң жүйүттөр Кудайдын алдында эч нерсеге арзыбаган деп эсептеген элдерге акыркы үчүнчү чакырык айтылмак (Элчилер 10:28—48).

Ооба, Иса пайгамбардын айткандары конокко келген кишинин: «Кудайдын Падышалыгында даам тата турган адам бактылуу»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигин тастыктап турган.