Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

96-БӨЛҮМ

Машаяктын бай жигит менен сүйлөшүшү

Машаяктын бай жигит менен сүйлөшүшү

МАТАЙ 19:16—30; МАРК 10:17—31; ЛУКА 18:18—30

  • БАЙ ЖИГИТ ТҮБӨЛҮК ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ СУРАЙТ

Машаяк Перея аркылуу Иерусалимге баратат. Бир бай жигит аны тосуп чыгып, алдына чөгөлөйт. Анын «башчы» болгонуна караганда, синагога башчысы же Синедриондун мүчөсү болгон көрүнөт. Ал: «Жакшы Устат, түбөлүк өмүрдү мурасташ үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурайт (Лука 8:41; 18:18; 24:20).

Машаяк: «Эмне үчүн мени жакшы дейсиң? Жакшы деп аталууга Кудайдан башка эч ким татыктуу эмес»,— дейт. Бай жигит «жакшы Устат» деп раббилердин арасында кеңири колдонулган наамды ооз учунан эле айтып койсо керек. Машаяк чынында эле жакшы Устат болсо да, бай жигиттин «жакшы» деген сөздү Кудайга карата гана колдонуу керектигин билишин каалаган.

Ал ага: «Эгер өмүргө ээ болгуң келсе, анда осуяттарды дайыма аткар»,— деп кеңеш берет. Ошондо тиги жигит: «Кайсы осуяттарды?» — деп сурайт. Машаяк: «Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, жалган күбө болбо, ата-энеңди сыйла» — деп, Он осуяттын бешөөнү санап өтөт. Анан баарынан маанилүү осуятты айтып: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— дейт (Матай 19:17—19).

Жигит: «Мен мунун баарын аткарып келатам. Дагы эмне кылышым керек?» — деп сурайт (Матай 19:20). Ал түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн эрдикке жаткан бир укмуш иш кылышым керек деп ойлосо керек. Жигиттин чын дилден сурап жатканын көргөн Машаяк аны «жакшы көрө» карайт (Марк 10:21). Бирок ал жигиттин алдында тоодой тоскоолдук жаткан эле.

Анын жүрөгү байлыгына байланып калгандыктан, Машаяк: «Аткарышың керек болгон дагы бир нерсе бар: бар да, колуңда болгондун баарын сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, менин жолдоочум бол»,— дейт. Ооба, жигит байлыгын эч нерсе кайрып бере албаган жардыларга таратып берип, Машаяктын шакирти боло алмак. Бирок ал капаланган бойдон кетип калат. Машаяк ага боору ачып, узата карап калган чыгар. Байлык жигиттин көзүн көр кылып, чыныгы кенчти көрүүгө тоскоолдук кылган (Марк 10:21, 22). Андыктан Машаяк: «Акчасы көптөрдүн Кудайдын Падышалыгына кириши кандай кыйын!» — дейт (Лука 18:24).

Ал: «Байдын Кудайдын Падышалыгына киришине караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңоюраак»,— деп да айтат. Ошондо шакирттер таң калып: «Анда ким куткарыла алат?» — деп сурашат. Куткарылуу ушунчалык эле кыйын болобу? Устаты аларды тигиле карап: «Адамдар кыла албаган нерселерди Кудай кыла алат»,— дейт (Лука 18:25—27).

Элчи Петир, бай жигиттен айырмаланып, баарын артта калтырышканын айтып: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчидик. Бул үчүн биз эмне алабыз?» — деп сурайт. Мырзасы туура чечим чыгаргандардын кандай сыйлык алары жөнүндө: «Кайра жаратуу убагында адам Уулу даңктуу тактысына отурганда, силер да, менин артымдан ээрчигендер, он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусун соттойсуңар»,— дейт (Матай 19:27, 28).

Ошондо Машаяктын жер бети кайрадан ажайып кооз Эйден багындай бейишке айлана турган убак жөнүндө сөз кылганы шексиз. Элчи Петир да, башка шакирттер да бейишке айланган жердин үстүнөн Машаяк менен бирге бийлик жүргүзүшөт. Алар бардык нерседен баш тартышса да, эч өкүнүшмөк эмес.

Анткен менен шакирттер азыр да сыйлык алып жатышат. Машаяк: «Ким Кудайдын Падышалыгы үчүн үй-жайын, аялын, бир туугандарын, ата-энесин же балдарын калтырса, ал азыр мурдагыдан да көп эсе алат, ал эми келечектеги дүйнө түзүлүшүндө түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деген (Лука 18:29, 30).

Ооба, Машаяктын жолун жолдоону чечкендердин баары тууган-туушкандарынан да жакын болгон, аларды жогору баалаган, дүйнөнүн чар тарабында жашаган ишенимдештерге ээ болуп жатышат. Тилекке каршы, Машаякка келген бай жигит ушундай батадан жана келечекте Падышалыкта бийлик жүргүзүү сыймыгынан ажырап калган көрүнөт.

Машаяк: «Биринчилердин көптөрү акыркы, ал эми акыркылар биринчи болот»,— деп айтат (Матай 19:30). Бул эмнени билдирген?

Бай жигит башчы болгондуктан жүйүт элинин «биринчилеринен» болгон. Мыйзамга бек карманган ал жигиттин келечеги кең болчу. Ал көп жакшы иштерди кыла алмак. Бирок, тилекке каршы, байлыкты, мүлктү баарынан артык көргөн. Андан айырмаланып, карапайым эл, «акыркылар», Машаяктын чындыкты ачып берип, өмүр жолуна багыттаган Жол башчы экенин түшүнгөн. Ошентип, алар «биринчилерден» болуп калышкан. Алар асманда такка отуруп, бейишке айланган жерди Машаяк менен бирге башкаруу сыймыгына ээ болушкан.