Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

90-БӨЛҮМ

«Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»

«Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»

ЖАКАН 11:17—37

  • МАШАЯК ЛАЗАР ӨЛГӨНДӨН КИЙИН КЕЛЕТ

  • «МЕН ТИРИЛҮҮМҮН ЖАНА ӨМҮРМҮН»

Машаяк Переядан келип, Иерусалимдин чыгыш тарабынан 3 чакырымдай алыс жайгашкан Бетанияга жакындап калды. Мариям менен Марта бир боорунан айрылып, күйүт тартып жатышкан эле. Көңүл айтканы келгендердин аягы сууй элек.

Машаяктын келгенин уккан Марта үйдөн шаша-буша чыгып, аны көздөй жүгүрөт. Ал ага: «Мырзам, бул жерде болсоң, бир тууганым өлбөйт болчу» — деп, кыязы, Мариям экөөнү 4 күндөн бери бушайман кылып келген оюн айта салат. Бирок үмүтү али үзүлө элек Марта Мырзасына: «Кудайдан эмне сураба, ал сага берерин билем»,— дейт (Жакан 11:21, 22). Анткени Машаяктын жардам берерине ишенет.

Машаяк: «Бир тууганың тирилет»,— деп айтат. Кабыргасы кайышып турган Марта Ыбрайым пайгамбар жана башкалар үмүттөнүп келген келечектеги тирилүү жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлойт. Ошол себептен: «Анын акыркы күнү, тирилүү убагында тирилерин билем» — деп, буга эч шектенбей турганын көрсөтөт (Жакан 11:23, 24).

Бирок Машаяк азыр бир нерсе кылат болду бекен? Ал Кудайдан өлгөндөрдү да тирилтүүгө бийлик алганын айтып: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет. Ким мага ишенип жашаса, ал эч качан өлбөйт»,— дейт (Жакан 11:25, 26).

Албетте, Машаяк шакирттеринин эч качан өлбөй турганын айткан эмес. Атүгүл ал өзү да өлүшү керек (Матай 16:21; 17:22, 23). Ал тек гана ага ишенгендердин түбөлүк жашаарын баса белгилеген. Түбөлүк жашаш үчүн көптөр тирилишсе, дүйнөнүн акырында жашаган ишенимдүү жолдоочулар такыр эле өлбөшү мүмкүн. Кандай болбосун, Машаякка ишенген ар бир киши көрдө түбөлүккө калбайт.

Бирок жаңы эле: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн»,— деп айткан Машаяк өлгөнүнө бир нече күн болгон Лазарды тирилте алабы? Ал Мартадан: «Буга ишенесиңби?» — деп сурайт. Марта: «Ооба, Мырзам. Сенин дүйнөгө келиши керек болгон Машаяк, Кудайдын Уулу экениңе ишенем»,— деп жооп берет. Мырзасынын бир нерсе кыларына көзү жеткен Марта үйүнө чуркап барып, эч кимге угузбай сиңдисине: «Устат келди, сени чакырып жатат»,— деп айтат (Жакан 11:25—28). Мариям угары менен аны көздөй чуркайт. Лазардын мүрзөсүнө кетти деп ойлогон эл да анын артынан жөнөйт.

Мариям Мырзасына жетери менен анын бутуна жыгылып, көз жашын көлдөй төгүп: «Мырзам, эгерде сен бул жерде болсоң, бир тууганым өлмөк эмес» — деп, эжесинин сөздөрүн кайталайт. Мариямдын да, элдин да ыйлап жатканын көргөндө Иса пайгамбар каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздап, көзүнө жаш алат. Буга айрымдар таасирленсе, башкалары: «Бул сокур кишинин көзүн ачпады беле. Анан муну өлүмдөн алып кала алган жокпу?» — дешет (Жакан 11:32, 37).