Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

89-БӨЛҮМ

Жүйүт жерине баратып, Переяда кабар айтышы

Жүйүт жерине баратып, Переяда кабар айтышы

ЛУКА 17:1—10; ЖАКАН 11:1—16

  • КҮНӨӨГӨ ТҮРТҮҮДӨН САК БОЛ

  • КЕЧИРЕ БИЛ, ИШЕНИМИҢ КҮЧТҮҮ БОЛСУН

Машаяк «Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү» Переяда бир нече убакыт болду (Жакан 10:40). Эми ал түштүктү көздөй, Иерусалимге, баратат.

Аны шакирттери менен «көп эл» коштоп баратат. Алардын арасында салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр да бар (Лука 14:25; 15:1). Машаяктын ар бир сөзүнөн, ишинен кыйкым издеген фарисейлер менен китепчилер да ээрчип алышкан. Алар жоголгон кой жана уул, бай киши менен Лазар жөнүндөгү мисалдар жөнүндө терең ой жүгүртүүгө тийиш (Лука 15:2; 16:14).

Машаяк каршылаштарынын сындаганын, шылдыңдаганын унута элек. Андыктан шакирттерине Галилеяда айткандарын дагы бир жолу үстүртөн айтып өтөт.

Ал мындай дейт: «Күнөөгө түрткөн нерселер болбой койбойт. Бирок алар ким аркылуу болсо, ошонун башына каран түн түшөт!.. Өзүңөргө сак болгула. Бир тууганың күнөө кылса, аны ашкереле. Эгер өкүнсө, кечир. Бир күндүн ичинде сага каршы атүгүл жети жолу күнөө кылып, кайра жети жолу келип: „Өкүнүп жатам“,— десе, кечир» (Лука 17:1—4). Муну уккан элчи Петир канча жолу кечириш керектигин сураганын эстесе керек (Матай 18:21).

Шакирттер Устатынын айткандарына ылайык иш кыла алышабы? Алар: «Ишенимибизди арттыра көр»,— деп өтүнүшөт. Машаяк болсо: «Эгер сары кычы данындай эле ишенимге ээ болуп, бул тыт дарагына: „Тамырың менен суурулуп, деңизге көч!“ — десеңер, ал силерди укмак»,— дейт (Лука 17:5, 6). Ооба, кенедей эле ишеним менен зор иштерди кылса болот.

Машаяк андан ары шакирттеринин момун болушу жана өздөрүнө карата тең-салмактуу көз карашта болушу керектигин баса белгилеп, мындай дейт: «Араңардан кимиңер жер айдаган же мал кайтарган кулуңар талаадан келгенде, ага: „Кел тезирээк, дасторконго отур“,— дейсиңер? Тескерисинче, ага: „Мага кечки тамак даярда да, алжапкыч тагынып, мен ичип-жегиче, кызмат кыл. Андан кийин өзүң ичип-жейсиң“,— дебейсиңерби? Тапшырылган иштин баарын аткарганы үчүн кожоюн кулуна ыраазычылык билдиреби? Силер да өзүңөргө тапшырылгандын баарын аткаргандан кийин: „Биз эч нерсеге татыбаган кулдарбыз. Аткарышыбыз керек болгон нерсени гана аткардык“,— деп айткыла» (Лука 17:7—10).

Ооба, Кудайдын ар бир кызматчысы анын ишин биринчи орунга коюу маанилүү экенин түшүнүшү керек. Алар Кудайдын элинин мүчөсү катары ага сыйынуу сыймыгына ээ экенин да унутпашы зарыл.

Кыязы, көп өтпөй Лазардын бир туугандары Мариям менен Марта жиберген киши Машаякка кабар алып келет. Алар Жүйүт жериндеги Бетанияда жашашат. Кабарчы: «Мырзам, жакшы көргөн досуң ооруп жатат»,— деп айтат (Жакан 11:1—3).

Машаяк досунун катуу ооруп жатканын укканда нес болуп туруп калбайт. Ал: «Бул оору өлүм менен бүтпөйт. Ал аркылуу Кудай даңкталып, Анын Уулу даңазаланат»,— дейт. Эки күндөн кийин шакирттерине: «Жүргүлө, кайрадан Жүйүт жерине баралы»,— деп айтат. Алар муну туура көрбөй: «Устат, жүйүттөр сени жакында эле таш бараңга алып коё жаздабады беле, анан кайра ал жакка барганы жатасыңбы?» — дешет (Жакан 11:4, 7, 8).

Устаты: «Бир күндө он эки саат жарык болот эмеспи. Күндүз жүргөн киши эч нерсеге чалынбайт, анткени ал бул дүйнөгө тийген жарыкты көрүп турат. Ал эми түндө жүргөн киши бир нерсеге чалынат, анткени анда жарык жок»,— деп жооп берет (Жакан 11:9, 10). Ошондо ал кызматынын Кудай белгилеген мөөнөтү али соңуна чыга электигин айтса керек. Андыктан аз калган убактысын толугу менен пайдаланып калышы керек.

Машаяк шакирттерине: «Досубуз Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам»,— дейт. Алар Лазарды эс алып жатат деп ойлоп: «Мырзам, эгер уктап жатса, анда жакшы болуп калат»,— дешет. Ошондо Устаты аларга: «Лазар өлүп калды»,— деп ачык эле айтат. Анан: «Эми жүргүлө, ага баралы»,— дейт (Жакан 11:11—15).

Душмандар Машаякты Жүйүт жеринде өлтүрүп коюшу мүмкүн эле. Ошентсе да аны жандап жүргүсү келгендиктен Томас башка шакирттерге: «Жүргүлө, биз да барып, аны менен кошо өлөлү»,— дейт (Жакан 11:16).