Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Кудайдан келген эки кабар

Кудайдан келген эки кабар

ЛУКА 1:5—33

  • ЖЕБИРЕЙИЛ ПЕРИШТЕ ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ ЖАКАНДЫН ТӨРӨЛӨРҮН АЛДЫН АЛА АЙТАТ

  • ЖЕБИРЕЙИЛ ПЕРИШТЕ МАРИЯМГА ИСАНЫ ТӨРӨӨРҮН АЙТАТ

Бүтүндөй Ыйык Китепти Кудайдан келген кабар деп эсептесек болот. Аны асмандагы Атабыз бизге жетекчилик бериш үчүн жаздырган. Келгиле, 2 000ден ашык жыл мурун айтылган эки өзгөчө кабар жөнүндө кененирээк билели. Аларды «Кудайдын алдында турган Жебирейил» периште айткан (Лука 1:19). Ошол эки маанилүү кабар кайсы учурда айтылган?

Болжол менен б.з.ч. 3-жыл. Жебирейил периште биринчи кабарды кимге айтат? Жүйүт жеринин тоолуу аймагында, кыязы, Иерусалимден анча алыс эмес жерде Жахабага кызмат кылган Закарыя деген дин кызматчы жашайт. Аялы Элизабет экөөнүн жашы өр тартып калган. Алардын балдары жок болчу. Закарыя өз кезеги боюнча Кудайдын Иерусалимдеги ибадатканасында дин кызматчылык милдетин аткарып жаткан. Капысынан эле жыпарзат түтөткүчтүн жанынан Жебирейил периште пайда болот.

Аны көргөндө Закарыя апкаарып, коркуп кетет. Ошондо периште аны тынчтандырып: «Коркпо, Закарыя, Кудай сенин жалынычыңды укту. Аялың Элизабет уул төрөп берет, атын Жакан коёсуң»,— дейт. Анан Жакандын «Жахабанын көз алдында улуу болорун», «даярдалган элди Жахабага алып келерин» айтат (Лука 1:13—17).

Закарыя буга ишенбей коёт. Эмне үчүн? Анткени байбичеси экөө тең карып калган эле. Ошондуктан Жебирейил периште ага: «Белгиленген убакта орундала турган сөздөрүмө ишенбей койгонуң үчүн тилден калып, ушунун баары аткарыла турган күнгө чейин сүйлөбөйсүң»,— дейт (Лука 1:20).

Ал ортодо Закарыяны күтүп турган эл анын ибадатканада кармалып жатканына таң калат. Акыры, ал сыртка чыгат, бирок сүйлөй албай коёт. Тилден калган Закарыя эмне болгонун жаңсап түшүндүрүп берет. Ошондо эл анын табияттан тыш бир нерсе көргөнүн түшүнөт.

Ыйык кызмат кылган күндөрү аяктаганда, Закарыя үйүнө кайтат. Көп өтпөй эле байбичеси Элизабеттин боюна бүтүп, беш ай бою үйүнөн чыкпайт.

Жебирейил периште экинчи жолу келет. Кимге деп ойлойсуң? Ал Иерусалимдин түндүгүндөгү Галилея аймагынын Назарет шаарында жашаган турмушка чыга элек Мариям деген кызга келет. Периште ага: «Кудайдын ырайымына ээ болгон кыз!» — деп кайрылып: «Сен... кош бойлуу болуп, уул төрөйсүң, атын Иса коёсуң. Ал улуу болот, Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталат... Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө Падыша болот, анын Падышалыгынын акыры болбойт»,— деп айтат (Лука 1:30—33).

Жебирейил периштенин ушул эки кабарды жеткирүүнү сыймык катары көргөнү шексиз. Чөмүлдүрүүчү Жакан менен Иса Машаяк жөнүндө көбүрөөк билсек, Кудайдан келген эки кабардын эмне үчүн маанилүү болгонун түшүнө алабыз.