Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн ымыркай

Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн ымыркай

ЛУКА 2:21—39

  • ИСАНЫ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУП, ИБАДАТКАНАГА АЛЫП БАРЫШАТ

Жусуп менен Мариям Назаретке кайтып барбай эле, Бетлехемде калып калышат. Исанын төрөлгөнүнө 8 күн болгондо, Кудайдын Мыйзамына ылайык, ата-энеси аны сүннөткө отургузат (Лебилер 12:2, 3). Адатта, эркек балдарга ошол күнү ат коюшчу. Жебирейил периштенин айтканы боюнча, балага Иса деген ат коюлат.

Исанын төрөлгөнүнө 40 күн болгондо, ата-энеси аны Бетлехемден бир нече чакырым алыс жайгашкан Иерусалимдеги ибадатканага алып барат. Мыйзамга ылайык, эркек бала төрөгөн энеден 40 күндөн кийин, тазалануу убагы бүткөндөн кийин, ибадатканага курмандык алып баруу талап кылынган (Лебилер 12:4—7).

Мариям так ошондой кылат. Ал курмандыкка эки чымчык алып барат. Мындан Жусуп менен Мариямдын жакыр болушканын билүүгө болот. Эне, Мыйзам боюнча, эркек козу жана чымчык алып барышы керек болчу. Бирок ал курмандыкка козу чала албаса, эки бактек же эки көгүчкөн жетиштүү болмок. Мариям болсо алына жараша курмандык чалган.

Ошол күнү Шымон деген карыя ыйык рухтун жетеги менен ибадатканага барат. Жахаба ага убадаланган Машаякты көрмөйүнчө өлбөй турганын айткан болчу. Ал уулун көтөрүп келген Жусуп менен Мариямга басып барып, Исаны колуна алат.

Андан соң Кудайды даңктап: «Эгедер Теңир, өз сөзүң боюнча эми кулуң тынч өлө берсе болот. Анткени сен караштырган куткарууну, бүт элдердин көз алдында даярдаган куткарууңду, көрдүм. Бул — элдерди каптап турган караңгылыкты жок кылуучу жарык, ысрайыл элиңдин даңкы»,— дейт (Лука 2:29—32).

Жусуп менен Мариям уккандарына аябай таң калышат. Шымон аларга батасын берип, уулунун «Ысрайылда көптөрдүн кулашына, көптөрдүн кайра турушуна себепкер болорун» жана Мариямга жүрөгүнө чоң кылыч сайылгандай болорун айтат (Лука 2:34).

Анан алар так ошол маалда дагы бирөөгө жолугушат. Ал 84 жаштагы Анна деген пайгамбар аял эле. Ал күнү-түнү кызмат кылып, дайыма ибадатканада жүрчү. Анна Жусуп менен Мариямдын жанына барат. Ал Кудайга ыраазычылык билдирет да, баарына Иса тууралуу айта баштайт.

Жусуп менен Мариямдын канчалык кубанганын элестетсең! Ошол күнү болгон окуялардын баары Исанын Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн ымыркай экенин тастыктап турган.