Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

Таза сыйынууну ынталуулук менен коргошу

Таза сыйынууну ынталуулук менен коргошу

ЖАКАН 2:12—22

  • ИСА МАШАЯК ИБАДАТКАНАНЫ ТАЗАЛАЙТ

Каана шаарында болгон үйлөнүү тоюнан кийин Иса пайгамбар апасы, инилери Жакып, Жусуп, Симон жана Жүйүт болуп Капернаумга жөнөшөт.

Иса Машаяк ал жакка эмнеге барат? Ал шаар Назарет менен Каанага караганда кыйла чоң жана ыңгайлуу жерде жайгашкан. Анын үстүнө, шакирттеринин көбү Капернаумда же анын тегерегинде жашашат. Андыктан Машаяк шакирттерин өздөрү туулуп-өскөн жерден көп нерсеге үйрөтө алмак.

Ал Капернаумда жүргөндө кереметтерди да жасайт. Мунун аркасында шаарда жана анын чет-жакасында жашаган көптөгөн адамдар анын кереметтери жөнүндө угушат. Бирок көп өтпөй Иса Машаяк шериктери менен жолго чыгат. Алар Кудайга берилген жүйүттөр болгондуктан Иерусалимде өткөрүлө турган Пасах майрамына барышы керек.

Б.з. 30-жылы. Иерусалимдеги ибадаткана. Иса Машаяктын шакирттери таң калыштуу бир окуяга күбө болушат.

Кудайдын Мыйзамына ылайык, ысрайылдыктар ибадатканага курмандык чалганга мал алып келиши керек болчу. Иерусалимге алыс жактан жол арытып келгендерге тамак-аш сатып алууга да туура келчү. Ошондуктан Мыйзамда аларга акчасын ала келип, «бодо мал, кой, эчки» жана башка керектүү нерселерди сатып алууга жол берилчү (Мыйзам 14:24—26). Ал эми соодагерлер ушундан пайдаланып, малды, канаттууларды так ошол ибадаткананын чоң короосунда сатышчу. Алардын айрымдары элди алдап, үстүнө өтө эле көп кошуп сата турган.

Муну көргөндө Иса пайгамбардын ачуусу келип, акча алмаштыргандардын тыйындарын чачып, үстөлдөрүн көңтөрүп, соодагерлерди ибадатканадан кууп чыгат. Анан: «Буларыңарды алып кеткиле! Атамдын үйүн соодагерлердин үйүнө айландырганыңарды токтоткула!» — деп буйруйт (Жакан 2:16).

Ошондо шакирттери Кудайдын Уулу жөнүндө алдын ала айтылган: «Сенин үйүңө болгон ынтамдан улам ичим өрт болот»,— деген сөздөрдү эстешет. Жүйүттөр Иса Машаякка: «Буларды кылганга укугуң бар экенин кандай жышаан менен далилдейсиң?» — дешет. Ал болсо: «Бул ибадаткананы бузгула, мен аны үч күндүн ичинде кайра тургузам»,— деп жооп берет (Жакан 2:17—19; Забур 69:9).

Иса Машаяк Иерусалимдеги кадимки ибадаткана жөнүндө сөз кылып жатат деп ойлогон жүйүттөр: «Бул ибадаткана кырк алты жылда курулган. Сен аны үч күндө тургузмакчысыңбы?» — деп сурашат (Жакан 2:20). Бирок Иса Машаяк «бул ибадаткана» деп өзүнүн денеси жөнүндө айтып жаткан болчу. Шакирттери анын ошондогу сөздөрүн 3 жыл өткөн соң, Мырзасы тирилгенден кийин, эстешет.