Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮК

Машаяктын кызматынын соңуна чыгышы

«Мына, сага... падышаң келатат» (Матай 21:5)

Машаяктын кызматынын соңуна чыгышы

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

101-БӨЛҮМ

Бетаниядагы Симондун үйүнө конокко барышы

Лазардын бир тууганы Мариям Иса пайгамбардын башына жыттуу май куят. Буга шакирттер нааразы болушат. Бирок пайгамбар Мариямга болушат.

102-БӨЛҮМ

Падышанын Иерусалимге кодик минип кириши

Иса Машаяк 500 жыл мурун айтылган пайгамбарлыкты аткарган.

103-БӨЛҮМ

Ибадаткананы дагы бир жолу тазалашы

Иерусалимдеги соодагерлер мыйзамды бузбагандай эле көрүнүшкөн. Анда эмне үчүн Иса пайгамбар аларды каракчылар деп атаган?

104-БӨЛҮМ

Кудайдын үнүн уккан жүйүттөр ишенишеби?

Иса Машаякка ишенүү жана ошол ишенимдин негизинде иш кылуунун ортосунда кандай айырма бар?

105-БӨЛҮМ

Ишеним жөнүндө айтышы

Иса Машаяк шакирттерине бекем ишенимдин аркасында тоону да жылдыруу мүмкүн экенин жана Кудайдын ысрайыл элин эмне үчүн четке какканын айткан.

106-БӨЛҮМ

Жүзүмзар жөнүндөгү эки мисал

Уулдарына жүзүмзарга барып иштегиле деп айткан киши жөнүндөгү жана жүзүмзарын ыймансыз багбандарга ижарага берген киши жөнүндөгү мисал.

107-БӨЛҮМ

Падышанын тойго келе тургандарды чакырышы

Иса Машаяктын мисалы пайгамбарлык мааниге ээ.

108-БӨЛҮМ

Душмандардын арам ою ишке ашпайт

Иса Машаяк адегенде фарисейлердин, анан садукейлердин, акырында эки топтон тең биригип алып келген кишилердин жаагын жап кылат.

109-БӨЛҮМ

Диний жетекчилерди ашкерелеши

Иса Машаяк элден бөтөнчөлөнгөн фарисейлерди эмне үчүн ашкерелеген?

110-БӨЛҮМ

Машаяктын ибадатканага акыркы жолу барышы

Машаяк жарды жесир аялды мисалы кылып, маанилүү ойду айтат.

111-БӨЛҮМ

«Кайсы белгиден билүүгө болот?»

Машаяктын пайгамбарлыктарынын айрым бөлүктөрү 1-кылымда аткарылган. Алар кийинчерээк бүт жер жүзү боюнча да аткарылат беле?

112-БӨЛҮМ

Сергек турган кыздар

Иса Машаяк жолдоочуларынын жарымы акылдуу, жарымы акылсыз болорун айткысы келгенби?

113-БӨЛҮМ

Таланттарды иштеткен кулдар

Таланттар жөнүндөгү мисал Иса пайгамбардын: «Кимде бар болсо, ага дагы берилет»,— деген сөздөрүнүн маанисин түшүнүүгө жардам берет.

114-БӨЛҮМ

Машаяктын койлорду эчкилерден бөлүшү

Иса Машаяк ойлондурарлык мисал келтирип, адамдардын эмненин негизинде соттолорун ачып берген.

115-БӨЛҮМ

Акыркы Пасахка аз калды

Диний жетекчилердин Жүйүт Искариотко 30 күмүш тыйын берүүгө макул болгону эмне үчүн көңүлгө аларлык?

116-БӨЛҮМ

Акыркы Пасахта момун болууга үйрөтүшү

Иса пайгамбар кул аткара турган ишти кылып, элчилерин таң калтырган.

117-БӨЛҮМ

Мырзабыздын кечки тамагы

Иса Машаяк Эскерүү кечесин негиздеген. Анын жолдоочулары бул аземди жыл сайын 14-нисанда белгилешет.

118-БӨЛҮМ

Кимибиз чоңбуз деп талаша кетишет

Элчилер Иса Машаяктын ошол эле күнү бир аз мурунураак аларды момун болууга үйрөткөнүн унутуп коюшкан.

119-БӨЛҮМ

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

Иса пайгамбар Кудай менен кантип ынак мамиле түзсө болорун үйрөтүп, маанилүү чындыкты ачып берген.

120-БӨЛҮМ

Жемиш берген бутактар, Машаяктын достору

Иса Машаяктын шакирттери кандайча жемиш беришмек?

121-БӨЛҮМ

«Кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»

Иса пайгамбарды бул дүйнөдө жашаган адамдар өлүм жазасына тартышкан. Анда ал дүйнөнү кандайча жеңген?

122-БӨЛҮМ

Үстүнкү бөлмөдөгү акыркы тиленүүсү

Иса Машаяк адамзатты куткаргандан да маанилүү ишти аткарганын айткан.

123-БӨЛҮМ

Жан дүйнөсү кыйналып, жалындуу тилениши

Иса эмне үчүн: «Бул чөйчөктү менден алыстата көр»,— деп тиленген.

124-БӨЛҮМ

Жүйүт Мырзасын душмандарга салып берет

Жүйүт түн ортосу болгонуна карабай Иса Машаякты издеп тапкан?

125-БӨЛҮМ

Адегенде Анаска, анан Каяпага алпарышат

Иса Машаяктын соту барып турган адилетсиздик болгон.

126-БӨЛҮМ

Петирдин Мырзасынан баш тартышы

Ишеними бекем, берилгендигинен жазбаган элчи Петир Мырзасынан эмне үчүн бат эле баш тартып кеткен?

127-БӨЛҮМ

Синедрион, анан Пилат суракка алат

Жүйүттөрдүн диний кызматчыларынын ниети ачыкка чыккан.

128-БӨЛҮМ

Пилат да, Ирод да күнөөсүз деп табат

Пилат Иса Машаякты Иродго эмне үчүн жөнөткөн? Пилаттын Иса Машаякты соттоого бийлиги жок беле?

129-БӨЛҮМ

«Мына, адам!»

Иса Машаяктын теңдешсиз сапаттарына атүгүл Понтий Пилат баа берген.

130-БӨЛҮМ

Машаякка өлүм өкүмүнүн чыгарылышы

Иса пайгамбар боздоп ыйлап бараткан аялдарга: «Мен үчүн ыйлабагыла. Өзүңөр үчүн, балдарыңар үчүн ыйлагыла»,— деп эмне үчүн айткан?

131-БӨЛҮМ

Бейкүнөө Падышанын устунга кадалышы

Бейкүнөө Падыша устунка кадалып, азап чегет.

132-БӨЛҮМ

«Бул киши, чын эле, Кудайдын Уулу болгон экен»

Түшкө маал караңгылык каптаганы, катуу жер титирөө болгону, ибадатканадагы көшөгөнүн айрылып, экиге бөлүнүп калганы маанилүү бир нерсени тастыктаган.

133-БӨЛҮМ

Машаяктын сөөгү коюлат

Эмне үчүн жүйүттөр Иса Машаяктын сөөгүн күн баткыча коюуга шашышкан?

134-БӨЛҮМ

Машаяк тирилип, мүрзө бош калат

Иса тирилгенде биринчи жолу элчилерге эмес, анын жолун жолдогон аялдарга көрүнгөн.

135-БӨЛҮМ

Тирилгенден кийин көптөргө көрүнөт

Иса Машаяк тирилгенин шакирттерге кантип далилдеген?

136-БӨЛҮМ

Галилея деңизинин жээгинде

Мырзасы элчи Петирге аны абдан жакшы көрөрүн далилдеш үчүн бир нерсе кылышы керектигин үч жолу айткан.

137-БӨЛҮМ

Жүздөгөн шакирттерге көрүнөт

Тирилип, асманга кеткенге чейин Иса Машаяк шакирттерине жакында ыйык рух аларын жана анын жетекчилигине ылайык иш кылышы керектигин көп жолу баса белгилеген.

138-БӨЛҮМ

Иса Машаяк Кудайдын оң жагына отурат

Душмандарды жок кыла турган убакытты күтүп жаткан мезгилде Иса Машаяк эмне кылмак?

139-БӨЛҮМ

Машаяк тапшырылган ишти соңуна чыгарат

Иса Машаяк Падышалыкты Кудайына жана Атасына тапшырып бергиче дагы көп иштерди бүтүрүшү керек.