Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

116-БӨЛҮМ

Акыркы Пасахта момун болууга үйрөтүшү

Акыркы Пасахта момун болууга үйрөтүшү

МАТАЙ 26:20; МАРК 14:17; ЛУКА 22:14—18; ЖАКАН 13:1—17

  • МАШАЯК ЭЛЧИЛЕРИ МЕНЕН АКЫРКЫ ПАСАХТЫ БЕЛГИЛЕЙТ

  • ЭЛЧИЛЕРИНИН БУТУН ЖУУП, МОМУНДУККА ҮЙРӨТӨТ

Мырзасынын буйругу боюнча, Петир менен Жакан Пасахка даярдык көрүш үчүн Иерусалимге келишти. Жакында Мырзасы 10 элчиси менен келип калат. Ал шакирттери менен Зайтун тоосунан түшүп келатканда, күн уясына батып бараткан. Бул анын тирилгенге чейин тоодон айланага акыркы жолу көз чаптырышы.

Көп өтпөй Машаяк элчилери менен Пасахты белгилей турган үйгө барып калат. Анан үстүнкү бөлмөгө чыгышат. Ал жерде баары даяр болчу. Машаяктын: «Азап чегеримдин алдында силер менен ушул пасах тамагын жегенди самап жүргөм»,— дегенинен ушул күндү күтүп жүргөнүн билүүгө болот (Лука 22:15).

Пасахта дасторкондо отургандардын шарап куюлган чөйчөктөн ичип, аны бири-бирине өткөрүп бергени көп жылдар мурун салтка айланып калган. Андыктан Иса пайгамбар бир чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирет да: «Муну алып, ар бириңер ичкиле... Кудайдын Падышалыгы келгенге чейин, шарап ичпейм»,— дейт (Лука 22:17, 18). Мындан анын өлөрүнө аябай эле аз калганы айкын болгон.

Бир маалда таң калыштуу бир нерсе болот. Иса пайгамбар туруп, сырт кийимин чечет да, белине сүлгү байлайт. Анан чылапчынга суу куят. Салтка ылайык, үй ээси коноктордун бутунун жуулушуна кам көрчү. Муну кулдар кылган көрүнөт (Лука 7:44). Үй ээси жок болгондуктан, пайгамбар өзү киришет. Муну элчилердин бири деле кылса болмок, бирок эч кимиси былк этпейт. Алар атаандашып жүргөндүктөн ушундай кылышканбы? Кандай болбосун, Мырзасына бутун жуудургандан уялышканы шексиз.

Кезек Петирге келгенде, ал: «Мен сага бутумду эч качан жуудуртпайм»,— деп каршы болот. Мырзасы: «Эгер жуубасам, мени менен үлүшүң болбойт»,— дейт. Ошондо Петир: «Мырзам, анда бутумду эле эмес, колумду да, башымды да жуу»,— дейт. Ал Мырзасынын: «Жуунган киши таптаза болгондуктан, бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок араңардан бирөө таза эмес»,— дегенине таң калса керек (Жакан 13:8—10).

Ошентип, Машаяк элчилеринин, анын ичинде Жүйүттүн да бутун жууйт. Анан сырт кийимин кийген соң кайрадан дасторконго отуруп, мындай дейт: «Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? Мени „Устат“, „Мырза“ дейсиңер. Мунуңар туура, анткени мен, чынында эле, Устатмын, Мырзамын. Эгер мен Мырза, Устат болуп туруп бутуңарды жуусам, анда силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым. Силерге чындыкты айтып коёюн, кул өз мырзасынан жогору эмес, ошондой эле жиберилген өзүн жибергенден жогору эмес. Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар» (Жакан 13:12—17).

Машаяк момундуктун мыкты үлгүсүн көрсөткөн. Андыктан анын жолдоочулары биринчиликке умтулбашы, бой көтөрүп, башкалар аларга кызмат кылууга тийиш деп эсептебеши керек. Алардын Мырзасын туураганы маанилүү. Бирок бул башкалардын бутун жууш керектигин эмес, баарына бирдей карап, аларга момундук менен кызмат кылууну билдирет.