Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

138-бөлүм

Иса Машаяк Кудайдын оң жагына отурат

Иса Машаяк Кудайдын оң жагына отурат

ЭЛЧИЛЕР 7:56

  • ИСА МАШАЯК КУДАЙДЫН ОҢ ЖАГЫНА ОТУРАТ

  • ШАБЫЛ МАШАЯКТЫН ЖОЛДООЧУСУ БОЛОТ

  • КУБАНУУГА СЕБЕП

Иса Машаяк асманга кеткенден он күн өткөндөн кийин, шакирттерге ыйык рух төгүлгөн. Бул Машаяктын асманда экенинин далили болгон. Алдыда боло турган окуялар да муну дагы бир жолу тастыктамак. Степан деген эр жүрөк шакирт таш бараңга алынарда: «Мына, мен ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган адам Уулун көрүп турам»,— деген (Элчилер 7:56).

Иса Машаяк Атасынын жанына барып, өзгөчө бир буйрукту күтө баштаган. Дөөтү пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен: «Жахаба менин Мырзама: „Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур“,— деди»,— деп жазган. Ошол убакыт соңуна чыкканда, Машаяк душмандарынын «арасында үстөмдүк кыла» баштамак (Забур 110:1, 2). Ал ошол убакытты күтүп отурган мезгилде кандай иштерди аткармак?

Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулган. Ошондон тартып Иса Машаяк ыйык рух менен майланган жолдоочуларынын үстүнөн бийлик жүргүзө баштаган (Колосалыктар 1:13). Ал кабар айтуу ишин жетектеп, аларды келечекте аткара турган ишке даярдаган. Алар кандай иш аткарышмак? Өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактаган майлангандар тирилип, Машаяк менен бирге асмандагы Падышалыкта бийлик жүргүзүшмөк.

Ошол падышалардын бири Пабыл деген ысым менен белгилүү болгон Шабыл болмок. Ал Мыйзамга бекем карманган жүйүт болгон. Бирок диний жетекчилердин бурмаланган окутуусуна кармангандыктан Степандын таш бараңга алынышын колдогон. Шабыл «Мырзабыздын шакирттерин мурункудай эле коркутуп, өлтүргүсү келгендиктен», башкы дин кызматчы Каяпа аны Дамаскка жиберген. Ал Машаяктын шакирттерин кармап, Иерусалимге алып келиши керек болчу (Элчилер 7:58; 9:1). Бирок Шабыл жолдо баратканда, асмандан жарык түшүп, айланасы жапжарык болуп калган.

Ошондо ал жерге жыгылып, асмандан: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн мени куугунтуктап жатасың?» — деген үндү уккан. Ал: «Мырзам, сен кимсиң?» — деп сураганда: «Мен сен куугунтуктап жаткан Исамын»,— деген жоопту уккан (Элчилер 9:4, 5).

Иса ага Дамаскка барышы керектигин, ал жактан көрсөтмөлөр берилерин айткан. Адаттан тыш жарыктан улам Шабылдын көзү көрбөй калгандыктан, аны Дамаскка жетелеп барышкан. Ал ортодо Дамаскта жашаган Анания деген шакирт аян алган. Иса ага Шабылга барууну буйруп, каякта экенин айткан. Анания коркуп кеткен, бирок Мырзасы: «Менин атымды башка элдерге, падышаларга жана Ысрайыл уулдарына жарыялашы үчүн, мен аны идишим катары тандап алдым»,— деп кубаттандырган. Шабылдын көзү кайрадан көрүп калган. Ал «токтоосуз түрдө Исанын Кудайдын Уулу экенин» Дамаскта жарыялай баштаган (Элчилер 9:15, 20).

Пабыл жана башка шакирттер Машаяктын колдоосу менен жакшы кабарды айта беришкен. Кудай батасын мол төккөндүктөн, алар зор ийгиликтерге жетишкен. Дамаскка баратып Машаяктын үнүн укканынан 25 жылдай өткөндөн кийин Пабыл жакшы кабардын «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганын» жазган (Колосалыктар 1:23).

Кийинчерээк Иса Машаяк жакшы көргөн элчиси Жаканга бир нече аян берген. Алар Аян китебинде жазылган. Аяндар аркылуу Жакан Иса Машаяктын падышалык бийликке ээ болор убагын көрө алган (Жакан 21:22). Ооба, ал «ыйык рухтун таасири менен Мырзабыздын күнүн» көргөн (Аян 1:10). Ал күн качан келмек?

Ыйык Китепти кылдат изилдөөнүн аркасында «Мырзабыздын күнү» биздин күндөрдө башталганы айкын болгон. 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталган. Ошондон бери бүт дүйнө жүзү боюнча согуш оту өчпөй, жугуштуу оору, ачарчылык, жер титирөө жана башка кайгы-касиреттер күч алып келет. Мунун баары Иса Машаяктын «катышуусунун» башталганын жана дүйнөнүн акырына аз калганын көрсөткөн «белгини» түзөт (Матай 24:3, 7, 8, 14). Ал эми жакшы кабар Рим империясына эле эмес, бүт дүйнө жүзүнө жарыяланып жатат.

Бул туурасында элчи Жакан: «Мына, Кудайыбыз куткарылуу алып келди, анын күчү айкын көрүндү, Падышалыгы орноду, анын Машаягы бийлик жүргүзө баштады»,— деген (Аян 12:10). Машаяк жарыялаган Кудайдын Падышалыгы, чынында эле, асмандан башкарып жатат!

Бул баарыбызды бекемдейт! Биз элчи Жакандын: «Асман жана анда жашагандар, кубангыла! Ал эми жер менен деңизге кайгы, анткени Ибилис убактысынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү»,— деген сөздөрүн дайыма эстеп жүрөбүз (Аян 12:12).

Ооба, Иса Машаяк Атасынын оң жагында күтүп отурган жок. Ал азыр Падыша катары бийлик жүргүзүп жатат. Жакында ал душмандарын жок кылат (Еврейлер 10:12, 13). Алдыда дагы кандай окуялар болот?