Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

105-БӨЛҮМ

Ишеним жөнүндө айтышы

Ишеним жөнүндө айтышы

МАТАЙ 21:19—27; МАРК 11:19—33; ЛУКА 20:1—8

  • АНЖИР ДАРАГЫН КӨРСӨТҮП, ИШЕНИМ ЖӨНҮНДӨ АЙТАТ

  • «БУЛАРДЫ КАЙСЫ БИЙЛИК МЕНЕН КЫЛЫП ЖАТАСЫҢ?»

Иса пайгамбар дүйшөмбү күнү түштөн кийин Иерусалимден чыгып, Зайтун тоосунун чыгышында жайгашкан Бетанияга барат. Ал достору Лазар, Мариям, Мартаныкында түнөгөн көрүнөт.

11-нисан. Пайгамбар шакирттери менен таң атпай жолго чыгып, ибадатканага акыркы жолу баратат. Бүгүн акыркы жолу эл алдында сүйлөйт. Бир нече күндөн кийин Пасах майрамын белгилеп, Эскерүү кечесин негиздейт. Анан суракка алынып, өлүм жазасына тартылат.

Алар Иерусалимге Зайтун тоосу аркылуу баратканда, элчи Петир кечээ Устаты каргаган даракты көрүп: «Устат, карасаң, сен каргаган анжир дарагы куурап калыптыр»,— дейт (Марк 11:21).

Иса Машаяк ал даракты эмне үчүн каргаган? Ал мунун себебин мындай деп түшүндүрөт: «Эгер ишенимиңер болсо, эч шектенбесеңер, муну эле эмес, мындан да көптү кыласыңар. Атүгүл бул тоого: „Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш“,— десеңер, ал түшөт. Ошентип, эмне жөнүндө ишеним менен тиленбегиле, баарын аласыңар» (Матай 21:21, 22). Ал күчтүү ишенимдин тоолорду да жылдыра алары жөнүндө мурунураак айткан сөздөрүн дагы бир жолу баса белгилеген (Матай 17:20).

Машаяк даракты кууратып, Кудайга ишенүүнүн маанилүүлүгүн иш жүзүндө көрсөткөн. Ал: «Эмне гана сурап тиленбегиле, сураганыңарды алгандай ишенгиле. Ошондо силерге сөзсүз берилет»,— дейт (Марк 11:24). Мындан баарыбыз маанилүү бир нерсеге үйрөнө алабыз. Бул, өзгөчө, жакында чоң сыноолорго туш боло турган элчилерге пайдалуу болмок. Бирок куурап калган анжир дарагы менен ишенимдин ортосунда дагы бир байланыш бар.

Ысрайыл эли да, ошол дарактай болуп, жемиш бергендей көрүнгөн. Кудай менен келишимде турган эл Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамды аткарып жаткандай сезилген. Бирок жалпы жонунан алар ишенимсиз, жемишсиз болгон. Атүгүл алар Кудайдын Уулун четке кагышкан. Андыктан Иса Машаяк анжир дарагын кууратып, жемишсиз элдин акыры эмне болорун көрсөткөн.

Көп өтпөй Иса пайгамбар шакирттери менен Иерусалимге барат. Анан адатынча ибадатканага кирип, элди окута баштайт. Кыязы, анын акча алмаштыруучуларды кууп чыкканына нааразы болгон жогорку дин кызматчылар менен аксакалдар аны: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди?» — деп кекетишет (Марк 11:28).

Пайгамбар: «Силерге бир суроо берейин. Эгер жооп берсеңер, буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтам. Жакан чөмүлдүрүүгө бийликти асмандан алганбы же адамдарданбы? Жооп бергиле»,— дейт. Алар: «Эгерде: „Асмандан“,— десек, ал: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт. Же: „Адамдардан“,— деп айтсакпы?» — деп өз ара сүйлөшө башташат. Алар элден корккондуктан ушинтип ой жүгүртүшкөн. Анткени «баары Жаканды пайгамбар болгон деп эсептешчү» (Марк 11:29—32).

Ошондо каршылаштары жооп таба албай: «Билбейбиз»,— деп коюшат. Иса пайгамбар болсо: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатканымды мен да айтпайм»,— деп айтат (Марк 11:33).