Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

134-БӨЛҮМ

Машаяк тирилип, мүрзө бош калат

Машаяк тирилип, мүрзө бош калат

МАТАЙ 28:3—15; МАРК 16:5—8; ЛУКА 24:4—12; ЖАКАН 20:2—18

  • ИСА МАШАЯК ТИРИЛЕТ

  • МҮРЗӨНҮН ЖАНЫНДАГЫ ОКУЯЛАР

  • БИР НЕЧЕ АЯЛГА КӨРҮНӨТ

Бош калган мүрзөнү көргөн аялдар аң-таң болот. Магдалалык Мариям «Симон Петир менен Исанын жакшы көргөн шакиртине», элчи Жаканга, чуркап кетет (Жакан 20:2). Ал эми башка аялдар мүрзөнүн сыртынан периштени көрүшөт. Ичинде «узун ак кийим кийген» дагы бир периште отурган (Марк 16:5).

Периштелердин бири аларга мындай дейт: «Коркпогула. Мен силердин устунга кадалган Исаны издеп жүргөнүңөрдү билем. Ал бул жерде жок, анткени, өзү айткандай, тирилди. Бери келип, анын жаткан жерин карап көргүлө. Анан тезинен барып, шакирттерине анын тирилгенин кабарлагыла. Аларга: „Ал Галилеяга силерден мурун барат...“,— деп айткыла» (Матай 28:5—7). Аялдар «бир чети таң калып, бир чети аябай толкунданып», шакирттерге чуркап жөнөшөт (Марк 16:8).

Ал ортодо Мариям Петир менен Жаканды таап, күйүгө: «Мырзабызды мүрзөдөн алып кетишиптир. Аны кайсы жерге коюшканын билбейбиз»,— дейт (Жакан 20:2). Петир менен Жакан чуркап жөнөйт. Жакан Петирден батыраак чуркап, мүрзөгө биринчи жетет. Ал эңкейип, мүрзөнүн ичин карайт да, кепинди көрөт. Бирок ичкери кирбейт.

Петир түз эле кирип барып, жердеги зыгыр кездемени жана Исанын башына оролгон кездемени көрөт. Анан Жакан да кирип, Мариямдын сөздөрүнүн чын экенине ишенет. Буга чейин Мырзасы тирилерин айтса да, эч кимиси анын чындап эле тирилгенин билбейт (Матай 16:21). Алар эч нерсе түшүнбөй, үйлөрүнө жөнөшөт. Бирок Мариям кайра мүрзөгө чуркап барат.

Башка аялдар болсо Мырзасынын тирилгенин шакирттерге кабарлаш үчүн жолдо баратышканда, астынан Иса Машаяк чыгып: «Кандайсыңар!» — дейт. Аялдар жанына келип, ага таазим кылып, бутун кучактай жыгылышат. Иса Машаяк аларга: «Коркпогула! Барып, бир туугандарыма кабарлагыла: алар Галилеяга барышсын. Мени ошол жерден көрүшөт»,— деп айтат (Матай 28:9, 10).

Буга чейин жер титиреп, периштелер пайда болгондо, үрөйү учкан «күзөтчүлөр калчылдап, нес болуп туруп калышкан». Анан эсине келишкенде «шаарга барып, болгон окуянын баарын жогорку дин кызматчыларга айтып беришет». Жогорку дин кызматчылар эл аксакалдары менен кеңешип, жоокерлерге пара беришет да: «„Түндө уктап жатканыбызда, шакирттери келип, уурдап кетишиптир“,— деп айтып койгула»,— дешет (Матай 28:4, 11, 13).

Рим аскерлери кызмат учурунда уктап калышса, өлүм жазасына тартылышчу. Ошондуктан дин кызматчылар: «Эгер башкаруучу [алардын уктап калдык деп калп айтканын] билип калса, аны менен өзүбүз сүйлөшүп коёбуз, коркпой эле койгула»,— дешет (Матай 28:14). Жоокерлер акчаны алып, дин кызматчылар айткандай кылышат. Ошентип, калп эл ичине чагылгандай тез тарап кетет.

Магдалалык Мариям мүрзөнүн жанында ыйлап отурган. Анан мүрзөнүн ичин эңкейип карайт да, ак кийимчен эки периштени көрөт. Бири Иса пайгамбардын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отуруптур. Алар Мариямдан: «Эмнеге ыйлап жатасың?» — деп сурашат. Ал: «Мырзамды алып кетип калышыптыр. Аны кайсы жерге коюшканын билбейм»,— дейт. Анан артын карап, дагы бирөөнү көрөт. Ал да периштелер берген суроону берет. Анан: «Кимди издеп жүрөсүң?» — деп сурайт. Мариям аны бакчы деп ойлоп: «Мырзам, эгерде аны сен алып кеткен болсоң, кайсы жерге койгонуңду айтчы, алып кетейин»,— дейт (Жакан 20:13—15).

Ошол учурда Мариям тирилген Машаяктын өзү менен сүйлөшүп жатканын билген эмес. Ал киши: «Мариям!» — дегенде, үнүнөн дароо эле тааныйт. Ошондо Мариям сүйүнө: «Раббуни!» — дейт (бул сөз «Устат» дегенди билдирет). Анан асманга кетип калбасын деп, кармап алат. Устаты болсо: «Мени кармаба. Анткени мен али Атама бара элекмин. Бир туугандарыма барып, менин Атама жана силердин Атаңарга, менин Кудайыма жана силердин Кудайыңарга кетип баратканымды айт»,— дейт (Жакан 20:16, 17).

Мариям шакирттер чогулган жерге чуркап барып: «Мен Мырзабызды көрдүм!» — деп кабарлайт. Ушуну менен алар Мырзасынын тирилгенин бир нече аялдан угушат (Жакан 20:18). Бирок аларга «аялдардын сөздөрү болбогон нерседей көрүнөт» (Лука 24:11).