Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

120-БӨЛҮМ

Жемиш берген бутактар, Машаяктын достору

Жемиш берген бутактар, Машаяктын достору

ЖАКАН 15:1—27

  • ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮМ САБАГЫ ЖАНА БУТАКТАР

  • КАНТКЕНДЕ ИСА МАШАЯКТЫН СҮЙҮҮСҮНӨН АЙРЫЛБАЙБЫЗ?

Кыязы, түн бир оокум. Иса пайгамбар ишенимдүү элчилери менен сүйлөшүп, аларды бекемдейт. Анан иш-аракет кылууга түрткү берген мисал айтып берет.

«Мен чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо багбан»,— деп баштайт сөзүн (Жакан 15:1). Бул мисал кылымдар мурун ысрайыл элине айтылган сөздү эске салган. Алар Жахабанын жүзүмзары болчу (Жеремия 2:21; Ошуя 10:1, 2). Бирок Жахаба ал жүзүмзарды кыйып салмак (Матай 23:37, 38). Ошондуктан Машаяктын мисалы жаңы ойду камтыган. Машаяк жүзүм сабагы болгон. Ал б.з. 29-жылы чөмүлгөндө ыйык рух алган. Ошондон тартып Атасы аны «өстүрө баштаган». Бирок жүзүм сабагы Иса Машаякты билдирүү менен эле чектелген эмес.

Ал мындай дейт: «Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты ал [Атам] кыйып салат, ал эми жемиш бергенин, дагы көбүрөөк жемиш бериши үчүн, тазалап, бутайт... Бутак өз алдынча жемиш бере албагандай эле, силер да мени менен биримдикте болбосоңор, жемиш бере албайсыңар. Мен жүзүм сабагымын, силер болсо бутактарсыңар» (Жакан 15:2—5).

Иса пайгамбар ишенимдүү шакирттерине асманга баргандан кийин жардамчыны, ыйык рухту, жиберерин айткан. Анан 51 күндөн кийин элчилер жана башкалар ыйык рух алып, жүзүм сабагынын бутактары болушкан. Бардык «бутактар» Машаяк менен биримдикте болууга тийиш. Эмне үчүн?

Анткени Машаяк: «Ким мени менен биримдикте болсо жана мен да аны менен биримдикте болсом, ал көп жемиш берет. Ал эми менсиз эч нерсе кыла албайсыңар»,— дейт. «Бутактар» — ишенимдүү жолдоочулар — көп жемиш беришмек: Иса пайгамбардыкындай сапаттарды өрчүтүшмөк, жакшы кабарды ынталуу жарыялап, көп шакирт даярдашмак. Эгер кимдир бирөө Машаяк менен биримдикте болбосо жана жемиш бербесе, эмне болмок? Ал: «Ким мени менен биримдикте болбосо, ал кыйылып ташталат»,— деп түшүндүрөт. Андан соң: «Эгер мени менен биримдикте болсоңор жана сөздөрүмдү жүрөгүңөрдө сактасаңар, каалаганыңарды сурагыла — орундалат»,— дейт (Жакан 15:5—7).

Эми ал мурун эки жолу айткан кеңешине, анын осуяттарын аткаруу керектигине, токтолот (Жакан 14:15, 21). Шакирттер Мырзасынын осуяттарын аткарып жатканын кантип далилдешмек? Ал: «Ким менин осуяттарымды кабыл алып, аткарса, ал мени сүйөт. Ал эми мени сүйгөндү Атам сүйөт»,— деген. Бирок Жахаба менен анын Уулун жакшы көрүү жетишсиз. Иса пайгамбар: «Менин осуятым бул: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок. Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар»,— дейт (Жакан 14:15, 21).

Бир нече сааттан кийин эле Иса Машаяк ага ишенгендер үчүн өз өмүрүн берип, сүйүүсүн көрсөтмөк. Анын жолдоочулары да өз кызыкчылыгынан баш тартып, бири-бирин сүйүшү керек. Сүйүү аларды айырмалап турмак. Себеби ал: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Жакан 13:35).

Элчилер Мырзасынын аларды «досторум» деп атаганына көңүл бурушса керек. Ал мунун себеби жөнүндө: «Мен силерди досторум деп атадым, себеби силерге Атамдан уккандарымдын баарын ачып бердим»,— дейт. Ооба, Иса Машаяктын жакын досу болуу жана ага Атасы ачып берген чындыкты билүү кандай гана зор сыймык! Бирок ушул зор сыймыктан айрылып калбашы үчүн, Машаяктын жолдоочулары «дайыма көп жемиш бериши» керек. Эгер ошентишсе, Атасынан анын атынан эмне сурашпасын, ал сөзсүз берет (Жакан 15:15, 16).

«Бутактардын», Машаяктын жолдоочуларынын, ортосундагы сүйүү кыйынчылыктарга туруштук берүүгө жардам берет. Иса пайгамбар дүйнөнүн аларды жек көрөрүн эскертет, бирок ал мындай деп бекемдейт: «Дүйнө силерди жек көрсө, силерден мурун мени жек көргөнүн билгиле. Эгер бул дүйнөгө таандык болсоңор, дүйнө өзүнүкүн сүймөк. Бирок силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан,.. дүйнө силерди жек көрөт» (Жакан 15:18, 19).

Ал андан ары дүйнөнүн аларды эмне үчүн жек көрөрү жөнүндө: «Мунун баарын силерге менин шакирттерим болгонуңар үчүн кылышат, анткени мени жибергенди билишпейт»,— дейт. Иса пайгамбар анын кереметтери душмандарын ашкерелегени жөнүндө: «Менден башка эч ким көрсөтпөгөн кереметтерди алардын арасында көрсөтпөсөм, күнөөкөр болушмак эмес. Бирок кереметтеримди көрүшкөнүнө карабай алар мени да, Атамды да жек көрүшөт»,— дейт. Ооба, алардын Машаякты жек көргөнү пайгамбарлыктын аткарылышы болгон (Жакан 15:21, 24, 25; Забур 35:19; 69:4).

Иса пайгамбар жардамчыны, ыйык рухту, жиберерин дагы бир жолу убада кылат. Ошол кубаттуу күчтү анын жолдоочуларынын баары ала алышат. Анын жардамы менен алар жемиш бере алышат, тактап айтканда, «күбөлөндүрө алышат» (Жакан 15:27).