Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

127-БӨЛҮМ

Синедрион, анан Пилат суракка алат

Синедрион, анан Пилат суракка алат

МАТАЙ 27:1—11; МАРК 15:1; ЛУКА 22:66—23:3; ЖАКАН 18:28—35

  • СИНЕДРИОН ТАҢ ЗААРДА СУРАККА АЛАТ

  • ЖҮЙҮТ ИСКАРИОТ ӨМҮРҮН КЫЯТ

  • МАШАЯК ПИЛАТКА ЖИБЕРИЛЕТ

Петир Мырзасынан үч жолу баш тартты. Түн агарып, таң атып баратат. Синедрион адилетсиз сотун аяктап, тарап кетет. Бирок сотту мыйзамдуудай кылып көрсөтүш үчүн жума күнү эртең менен кайра чогулат. Анан Машаякты кайра алып келишет.

Алар: «Эгер Машаяк болсоң, айт бизге»,— деп кекетишет. Ал болсо: «Айтсам деле, баары бир ишенбейсиңер. Сурасам, жооп бербейсиңер»,— дейт. Анан Даниел 7:13тө жазылган «адам уулу» экенин ачык айтып: «Ушундан тартып адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагына отурат»,— дейт (Лука 22:67—69; Матай 26:63).

Тигилер: «Демек, сен Кудайдын Уулу экенсиң да?!» — дешет. «Муну өзүңөр айтып жатасыңар»,— дейт пайгамбар. Аны Кудайга акарат келтирди деген айып менен өлтүргөнгө даяр турган душмандар ушуну эле уга албай турушкан. Алар: «Бизге дагы башка кандай далил керек?» — дешет (Лука 22:70, 71; Марк 14:64). Ошентип, Машаякты байлап, Рим өкүмдары Понтий Пилатка алпарышат.

Жүйүт Искариот Мырзасын Пилатка алып кетишкенин көрсө керек. Ал анын соттун колуна түшкөнүн түшүнгөндө, абийири жемелеп, жаман болот. Бирок чындап өкүнүп, Кудайга кайрылгандын ордуна, 30 күмүш тыйынды кайтарып бериш үчүн жогорку дин кызматчыларга барат. Ал: «Адил адамга чыккынчылык кылып, күнөөгө баттым»,— дейт. Алар: «Бизге эмне? Өзүң бил!» — деп коюшат (Матай 27:4).

Ошондо Жүйүт 30 күмүш тыйынды ибадатканага чачып, күнөө үстүнөн күнөөгө батып, асынып өлүүнү чечет. Ал сыйыртмак байлаган бутак сынып кеткен көрүнөт. Ал аскадан ылдый кулаганда, курсагы тарс жарылып, ичеги-карыны чубалып калат (Элчилер 1:17, 18).

Жүйүттөр Иса пайгамбарды Пилатка таң атпай алып барышат. Бирок Кудайга ишенбегендер менен аралашып, таза эмес болуп калабыз деп ойлогондуктан ак сарайга кирбей коюшат. Таза эмес болуп калышса, Пасах майрамынын уландысы болгон, 15-нисанда баштала турган Калама майрамындагы тамактан жей албай калышмак.

Пилат алардан: «Бул кишиге кандай айып коюп жатасыңар?» — деп сурайт. «Эгер ал кылмышкер болбосо, алдыңа алып келбейт болчубуз»,— дешет алар. Пилат алардын кысым көрсөтүп жатканын сезсе керек, андыктан: «Алып кеткиле да, өзүңөрдүн мыйзамыңар боюнча соттой бергиле»,— дейт. Жүйүттөр болсо аны өлтүрүүнүн айласын таппай жатканын билгизип: «Мыйзам боюнча, кимдир бирөөнү өлтүргөнгө укугубуз жок»,— деп жооп беришет (Жакан 18:29—31).

Эгер алар Машаякты Пасах учурунда өлтүрүшсө, эл толкуп, дүрбөлөң чыкмак. Ал эми аны римдиктер саясий кылмышкер катары өлүм жазасына тартышса, эл диний жетекчилерге эч нерсе дей алмак эмес. Анткени Рим бийлигинин ошондой укугу бар болчу.

Негизи, диний жетекчилер Машаякты Кудайга акарат келтирип жатат деп айыптап жатышкан. Бирок Пилаттын алдына барганда: «Биз бул кишинин [1] элибизди бузуп жатканын, [2] падышага салык төлөгөнгө тыюу салып жатканын, [3] өзүн Машаяк, падыша деп атап жүргөнүн билдик» — деп, башкача сүйлөп калышат (Лука 23:2).

Римдин өкүлү катары Пилат Иса пайгамбардын өзүн падыша деп атаганына көз жумуп коё алмак эмес. Андыктан ал ак сарайга кирип, Машаяктан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» — деп сурайт. Бул: «Сен өзүңдү падыша деп атап, империянын мыйзамын бузуп, цезарга каршы чыгып жатасыңбы?» — дегенге эле тете болгон. Пилат Иса Машаяк жөнүндө буга чейин көп эле уккан. Машаяк ушуну эске алып: «Муну сен өзүң ушинтип ойлогондуктан айтып жатасыңбы же сага башкалар айттыбы?» — дейт (Жакан 18:33, 34).

Пилат өзүн Машаяк жөнүндө көп билгендей көрсөткөн, бирок: «Мен, эмне, жүйүт белем?» — деп, көбүрөөк билгиси келерин билдирип койгон. Анан: «Сени мага элиң менен жогорку дин кызматчылар алып келишти. Эмне кылдың эле?» — деп сурайт (Жакан 18:35).

Иса Машаяк Падышалык жөнүндө сүйлөшүүдөн качпайт. Анын жообу Пилатты таң калтырганы шексиз.