Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

125-БӨЛҮМ

Адегенде Анаска, анан Каяпага алпарышат

Адегенде Анаска, анан Каяпага алпарышат

МАТАЙ 26:57—68; МАРК 14:53—65; ЛУКА 22:54, 63—65; ЖАКАН 18:13, 14, 19—24

  • ИСА МАШАЯКТЫ МУРУНКУ БАШКЫ ДИН КЫЗМАТЧЫ АНАСКА АЛПАРЫШАТ

  • СИНЕДРИОН АДИЛЕТСИЗ СОТ ЖҮРГҮЗӨТ

Иса пайгамбарды байлап, Анастыкына алпарышат. Пайгамбар бала чагында ибадатканада устаттар менен сүйлөшкөн жылы Анас башкы дин кызматчы болчу (Лука 2:42, 47). Анын уулдары да кийинчерээк башкы дин кызматчы болушкан. Учурда анын күйөө баласы Каяпа ошол кызматты аткарып жаткан.

Пайгамбар Анастыкында суракка алынып жатканда, Каяпа Синедрионду чогултканга жетишет. 71 кишиден турган ал соттун курамына учурдагы жана мурунку башкы дин кызматчылар кирчү.

Анас Иса пайгамбардан шакирттери жана окуулары жөнүндө сурайт. Пайгамбар: «Мен дүйнөгө ачык сүйлөп, жүйүттөрдүн баары чогулган синагогаларда, ибадатканада элди окутуп жүрдүм. Эч нерсени жашыруун айткан жокмун. Эмне үчүн менден сурап жатасың? Сөзүмдү уккандардан сура»,— деп жооп берет (Жакан 18:19—21).

Ошондо бир жоокер аны жаакка чаап: «Жогорку дин кызматчыга да ушинтип жооп бересиңби?» — дейт. Бирок эч кандай жаман иш кылбаган пайгамбар: «Эгер туура эмес айтсам, туура эмес экенин көрсөт. Эгер айтканым туура болсо, анда эмнеге урасың?» — деп айтат (Жакан 18:22, 23). Айласы кеткен Анас Иса Машаякты күйөө баласына жиберет.

Ал ортодо Синедриондун мүчөлөрү — учурдагы башкы дин кызматчы Каяпа, эл аксакалдары жана китепчилер — Каяпаныкына чогулушат. Пасах майрамдалган түнү сот өткөрүү мыйзамга каршы келсе да, алар арам оюн ишке ашыруудан кайра тартышкан эмес.

Алар кандай гана адилетсиз соттор болушкан! Иса Машаяк Лазарды тирилткенден кийин, Синедрион аны өлтүрүүнү чечкен (Жакан 11:47—53). Ал эми бир нече күн мурун диний жетекчилер Иса Машаякты амалкөйлүк менен кармап, өлтүрүш үчүн кеңешишкен (Матай 26:3, 4). Кыскасы, сот башталганга чейин эле Машаякка өлүм өкүмү чыгарылган болчу.

Түн ортосунда чогулганы аз келгенсип, жогорку дин кызматчылар менен Синедриондун мүчөлөрү Машаякты өлүм жазасына тартыш үчүн ага жалаа жаба тургандарды издешет. Көптөгөн жалган күбөлөр келишет, бирок айыптары бири-бириникине дал келбей коёт. Акырында эки киши: «Биз мунун: „Кол менен салынган бул ибадаткананы бузуп, үч күндүн ичинде кол менен салынбаган башка ибадаткана тургузам“,— деп айтканын укканбыз»,— дешет (Марк 14:58). Бирок алардын да сөздөрү эки башка болуп чыгат.

Каяпа: «Жооп бербейсиңби? Булардын сени эмне деп айыптап жатканын уккан жоксуңбу?» — дейт (Марк 14:60). Бирок Иса пайгамбар сөздөрү кайчы келген күбөлөргө эчтеке деп жооп бербейт. Ошондо башкы дин кызматчы Каяпа башка ыкмага өтөт.

Ал жүйүттөрдүн кимдир бирөөнүн өзүн Кудайдын Уулумун деп атаганын укканда чалкасынан кетерин жакшы билген. Бир жолу Иса пайгамбар Кудайды Атам деп атаганда, жүйүттөр аны өзүн Кудайга «теңеп жатат» деп ойлоп, өлтүрүп коё жаздашкан болчу (Жакан 5:17, 18; 10:31—39). Ошону эске алып, амалкөй Каяпа: «Тирүү Кудайдын аты менен карганып, айт бизге, Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби?» — деп сурайт (Матай 26:63). Иса Машаяк буга чейин Кудайдын Уулу экенин айтып эле жүргөн (Жакан 3:18; 5:25; 11:4). Ал азыр унчукпай койсо, анда Кудайдын Уулу жана Машаяк экенинен баш тарткандай болуп калмак. Андыктан ал: «Менмин... Силер адам Уулунун Кудурети Күчтүүнүн оң жагында отурганын жана асмандагы булуттар менен келатканын көрөсүңөр»,— деп жооп берет (Марк 14:62).

Муну уккан Каяпа элге көрүнгүсү келип, кийимин айрып жиберет да: «Бул Кудайга акарат кылды! Бизге дагы кандай күбөлөр керек?! Мына, мунун акарат сөздөрүн азыр эле өзүңөр уктуңар. Буга эмне дейсиңер?» — дейт. Адилетсиз соттор бир үндөн: «Өлтүрүш керек»,— дешет (Матай 26:65, 66).

Анан алар пайгамбарды шылдыңдап, муштагылай башташат. Айрымдар жаакка чапса, башкалары жаба түкүрүшөт. Андан соң бетин жаап: «Пайгамбар болсоң, айтчы, сени ким урду?» — деп мазакташат (Лука 22:64). Ошентип, Кудайдын Уулун түн ортосунда өткөрүлгөн мыйзамсыз сотто кордошот.