Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

111-БӨЛҮМ

«Кайсы белгиден билүүгө болот?»

«Кайсы белгиден билүүгө болот?»

МАТАЙ 24:3—51; МАРК 13:3—37; ЛУКА 21:7—38

  • ТӨРТ ШАКИРТ «БЕЛГИ» ЖӨНҮНДӨ СУРАЙТ

  • 1-КЫЛЫМДА ЖАНА КЕЛЕЧЕКТЕ АТКАРЫЛЫШЫ

  • СЕРГЕК БОЛУШУБУЗ КЕРЕК

Шейшемби түштөн кийин, 11-нисан аяктап калды. Иса пайгамбардын жигердүү кызматы да соңуна чыгып баратат. Күндүзү ал ибадатканада элди окутса, түнкүсүн шаардын сыртында түнөйт. «Таң атары менен,.. аны угуш үчүн» ибадатканага көп эл келе турган (Лука 21:37, 38). Эми ал күндөр артта калды. Машаяк азыр Петир, Андрес, Жакып, Жакандар менен Зайтун тоосунда отурат.

Ал төртөө атайын келишти. Устаты ибадаткананын талкаланарын айткандыктан, тынчсызданып алышкан. Алар Устатынын сөзү мындан да көптү камтыйт деп ойлошкон көрүнөт. Машаяк мурунураак: «Даяр тургула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деп эскерткен эле (Лука 12:40). Ошондой эле «адам Уулу ачыла турган күн» жөнүндө айткан болчу (Лука 17:30). Ушул сөздөрдүн ибадаткананын талкаланарына тиешеси барбы? Бүйүрү кызыган элчилер: «Айтчы бизге, бул качан болот? Сенин катышууңдун убагын жана бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын кайсы белгиден билүүгө болот?» — деп сурашат (Матай 24:3).

Элчилер ибадаткананын талкаланарына аз эле калганын сезишсе керек. Андыктан адам Уулунун катышуусу качан башталарын сурашат. Алар «падышалык бийлик алыш үчүн алыскы өлкөгө жөнөгөн» «ак сөөктөрдүн тукумунан болгон бир киши» жөнүндөгү мисалды эстешкен чыгар (Лука 19:11, 12). Дүйнө түзүлүшүнүн аягы эмнени билдирери жөнүндө да ойлонушса керек.

Иса Машаяк элчилерине жүйүт элинин жана ибадаткананын качан кыйрай турганын көрсөткөн белги жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин айтып берет. Бирок ал ошону менен эле чектелбейт. Ал айткан «белги» келечектеги жолдоочуларына анын «катышуусу» качан башталарын жана дүйнөнүн акырына жакын калганын билүүгө жардам бермек.

Жыл өткөн сайын элчилер Мырзасынын айткандарынын аткарылып жатканына күбө боло беришкен. Анткени ал айткан көп пайгамбарлыктар алардын көз алдында аткарыла баштаган. 37 жылдан кийин, б.з. 70-жылы, сергек турган жолдоочулар үчүн Иерусалим менен ибадаткананын талкаланышы капысынан болгон эмес. Бирок Машаяктын айткандарынын баары эле 70-жылга чейин же ошол жылы аткарылган эмес. Анда Иса Машаяктын падышалык бийликке ээ болгону эмнеден улам айкын болмок?

Ал элчилерине «ар кайсы жерлерде согуш жүрөрүн», «бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөрүн» айткан (Матай 24:6, 7). «Катуу жер титирөө, жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болмок» (Лука 21:11). Шакирттерин болсо камакка алып, куугунтукташмак (Лука 21:12). Жалган пайгамбарлар да чыгып, далайларды адаштырмак. Мыйзамсыздык күч алып, көбүндө сүйүүнүн илеби кайтмак. Ал эми «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылгандан» кийин, «дүйнө түзүлүшүнүн акыры келмек» (Матай 24:14).

Машаяктын айткандары кандайдыр бир деңгээлде римдиктер Иерусалимди талкалаганга чейин жана талкалаган маалда аткарылган. Ал сөздөр келечекте да аткарылышы мүмкүн беле? Зор мааниге ээ болгон ошол пайгамбарлыктардын бүгүн аткарылып жатканын көрүп жатасыңбы?

Иса пайгамбар өзүнүн катышуусунун белгиси жөнүндө айтып жатып, «бүлүндүрүүчү жийиркеничтин» пайда болорун айткан (Матай 24:15). Ошол «жийиркенич» б.з. 66-жылы ыйык туткан туулары менен келген римдиктердин «аскер кошуундары» түрүндө пайда болгон. Ошондо римдиктер Иерусалимди курчап алып, дубалдарынын түбүн каза башташкан (Лука 21:20). Ушундайча «жийиркенич» турбашы керек болгон жерде, жүйүттөр «ыйык» деп эсептеген «жайда», турган.

Иса пайгамбар: «Ошондо дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот»,— деген. Б.з. 70-жылы римдиктер Иерусалимдин күлүн көккө сапырышкан. Ооба, ибадаткана турган «ыйык шаардын» талкаланышы, миңдеген жүйүттөрдүн кырылышы, чынында эле, улуу алаамат болгон (Матай 4:5; 24:21). Ошондой кыйроо жүйүттөрдүн тарыхында эзели болгон эмес. Алардын кылымдар мурун түптөлгөн сыйынуусунун күнү бүткөн. Андыктан келечекте боло турган окуялардын андан да үрөй учурарлык болору шексиз.

КЕЛЕЧЕКТЕ БОЛО ТУРГАН ОКУЯЛАРДАН КОРКПОЙБУЗ

Машаяк падышалык бийликке ээ болору тууралуу жана дүйнөнүн акыры жөнүндө айтып бүтө элек. Ал шакирттерине «жалган Машаяктар» менен «жалган пайгамбарларды» ээрчибеши керектигин эскертет. Анткени алар, мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштырганга аракет кылышмак (Матай 24:24). Бирок тандалгандар адашмак эмес. Жалган Машаяктарды эл айкын көрө алмак. Ал эми Иса Машаяктын катышуусу көзгө көрүнмөк эмес.

Ал дүйнөнүн акырында боло турган улуу алаамат жөнүндө кеп кылып: «Ошол күндөрдөгү алааматтан кийин заматта күн караңгылап, ай жарыгын бербей калат. Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү солкулдайт»,— дейт (Матай 24:29). Элчилер алдыда эмне болорун так билишкен эмес. Бирок ал убакта жүрөктүн үшүн алгыдай окуялардын болору шексиз.

Ошол окуялар адамзатка кандай таасир этет? Машаяк: «Асман күчтөрү солкулдагандыктан, адамдар жер бетинде боло турган окуяларды күтүп, коркконунан эсинен танышат»,— деген (Лука 21:26). Ооба, ал учур адамзат тарыхындагы эң эле коогалаңдуу мезгил болот.

Бактыга жараша, адам Уулу «күч-кубат жана улуу даңк менен келгенде», бардык эле адамдар боздошпойт (Матай 24:30). Анткени Кудай «тандалгандарды» коргош үчүн иш-аракет кылат (Матай 24:22). Анда ишенимдүү жолдоочулар келечектеги окуялардан коркушу керекпи? Иса пайгамбар аларды: «Ушулар аткарыла баштаганда, боюңарды түзөп, башыңарды көтөргүлө, анткени куткарылууңарга аз калган болот»,— деп бекемдеген (Лука 21:28).

Анын акыркы күндөрдө жашай турган жолдоочулары дүйнөнүн акырына жакын калганын кантип билишмек? Пайгамбар мындай дейт: «Анжир дарагын карап, сабак алгыла: жаш бутактары өсүп чыгып, жалбырактары пайда болгондо, жайдын жакындап калганын билесиңер. Ошо сыяктуу эле, булардын баарын көргөнүңөрдө адам Уулунун жакындап калганын, босогодо турганын билгиле... Ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун жок болбойт» (Матай 24:32—34).

Демек, Иса Машаяктын жолдоочулары «белгини» түзгөн пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын көргөндө дүйнөнүн акырына аз калганын баамдашмак. Машаяк ошол мезгилде жашай турган жолдоочуларына мындай деген:

«Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет. Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот. Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес. Адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот» (Матай 24:36—39). Иса Машаяктын Нух пайгамбардын күндөрүн мисал келтиргени жөндүү эле, анткени Топон сууда бүт дүйнө жок болгон.

Зайтун тоосунда отурган элчилердин сергек болуу керектигин түшүнгөнү шексиз. Устаты мындай деген: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын. Анткени ал күн жер бетинде жашагандардын бардыгына келет. Андыктан алдыда боло тургандарга кабылбаш үчүн жана адам Уулунун алдында туруш үчүн, дайыма жалындуу тиленип, сергек болгула» (Лука 21:34—36).

Иса пайгамбар бул сөздөрдүн бир канча эле жылдын ичинде аткарылбай турганын, Иерусалим менен жүйүттөргө гана тиешелүү эмес экенин дагы бир жолу баса белгилеген. Ооба, «ал күн жер бетинде жашагандардын бардыгына келет».

Ал шакирттеринин сак, сергек болушу, даяр турушу керектигин да айткан. Ал мунун маанилүүлүгүн: «Эсиңерде болсун, үй ээси уурунун кайсы убакта келерин билсе, ууру үйүнө кирбеши үчүн, түнү бою уктамак эмес. Андыктан силер да даяр болгула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деп түшүндүргөн (Матай 24:43, 44).

Андан соң көңүлдү чөгөрүүгө эч кандай себеп жок экенин айткан. Анткени пайгамбарлыктар аткарыла баштаган убакта сергек туруп, жигердүү иш-аракет кыла турган «кул» болмок. «Үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип турушу үчүн, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким? Кожоюну кайтып келип, анын тапшырылган ишти аткарып жатканын көрсө, ал кул бактылуу! Ишенип койгула, кожоюну аны өзүнүн бүт мүлкүнө кам көрүүгө дайындайт»,— деген Машаяк. Бул сөздөрдү элчилер дароо эле түшүнүшсө керек. Эгер «кул» жаман чыгып, башкаларга жаман мамиле кылса, кожоюну «аны катуу жазаламак» (Матай 24:45—51; салыштыр: Лука 12:45, 46).

Бирок Иса Машаяк жаман маанай чагылдырган жолдоочулары боло турганын айткан эмес. Анда ал элчилеринин эмнени түшүнүшүн каалаган? Кийинки мисалынан да көрүнүп тургандай, алардын сергек болуп, жигердүү кызмат кылышын каалаган.