Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

107-БӨЛҮМ

Падышанын тойго келе тургандарды чакырышы

Падышанын тойго келе тургандарды чакырышы

МАТАЙ 22:1—14

  • ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

Иса Машаяктын кызматы аяктап баратат. Ал мисалдарды колдонуп, китепчилер менен жогорку дин кызматчыларды ашкерелей берет. Андыктан алар аны өлтүргүсү келишет (Лука 20:19). Ошого карабай аларды андан ары да ашкерелеп, мындай мисал келтирет:

«Асман Падышалыгы уулунун үйлөнүү тоюн өткөргөн падышага окшош. Ал өзүнүн кулдарын тойго келе тургандарды чакырганы жөнөтөт, бирок алардын келгиси келбейт» (Матай 22:2, 3). Мисал «асман Падышалыгы» деген сөздөр менен башталган. Демек, анын «падышасы» Жахаба экени шексиз. Падышанын уулу болсо Жахабанын Уулун, Машаякты, ал эми тойго чакырылгандар Падышалыкта Уул менен кошо бийлик кыла тургандарды билдирери күмөнсүз.

Адегенде кимдер чакырылган? Машаяк элчилери менен Падышалык жөнүндөгү кабарды кимдерге айткан? Жүйүттөргө (Матай 10:6, 7; 15:24). Алар б.з.ч. 1513-жылы Мыйзам келишимин кабыл алганда биринчилерден болуп «дин кызматчылардын падышалыгына» кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан (Чыгуу 19:5—8). Алар «үйлөнүү тоюна» качан чакырыла башташкан? Ал чакырык б.з. 29-жылы Машаяк Падышалык жөнүндө кабар айтууга киришкенден тартып айтыла баштаган.

Ысрайыл эли бул чакырыкка кандай жооп кайтарган? «Алардын келгиси келген эмес». Элдин көбү, анын ичинде көптөгөн диний жетекчилер Иса пайгамбарды Машаяк жана Кудай дайындаган Падыша катары кабыл алышкан эмес.

Ошентсе да алар экинчи жолу чакырылышмак. Машаяк: «[Падыша] чакырылгандарга дагы башка кулдарын жиберип: „Дасторконумду белендеп, өгүздөрүм менен борго байланган малымды союп, баарын даярдап койдум. Тойго келгиле“,— деп айттырат. Бирок тигилер кайдыгерлик кылып, бири талаасына, экинчиси соода иштери менен кетип калат. Калгандары болсо кулдарды кармап алып, кордук көрсөтүп, өлтүрүп салышат» (Матай 22:4—6). Экинчи чакырык жыйналыш уюшулгандан тартып айтыла баштамак. Ошол учурда жүйүттөрдө Падышалыкка кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон, бирок алар чакырыкты дагы четке кагып, атүгүл «падышанын» кулдарын кордошкон (Элчилер 4:13—18; 7:54, 58).

Тоң моюн элди эмне күтүп турган? Иса пайгамбар: «Буга падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберет. Алар ошол киши өлтүргүчтөрдү кырып, шаарын өрттөп салышат»,— деген (Матай 22:7). Б.з. 70-жылы римдиктер алардын «шаарын», Иерусалимди, талкалаганда, ушул сөздөр аткарылган.

Ысрайыл элинин чакырыкты четке какканы тойго башка эч кимдин чакырылбай турганын билдиргенби? Жок. Машаяк мындай дейт: «Анан падыша кулдарына: „Той даяр, бирок чакырылгандар татыксыз болуп калышты. Ошондуктан шаардын чоң көчөлөрүнө чыгып, кезиккендердин баарын тойго чакыргыла“,— дейт. Кулдар көчөлөргө чыгып, жолуккандардын баарын: жаманын да, жакшысын да чогултушат. Ошентип, той өткөрүлчү жай конокко толот» (Матай 22:8—10).

Кийинчерээк элчи Петир жүйүттөрдүн динин тутпаган башка улуттардын өкүлдөрүнө Машаяктын чыныгы жолдоочусу болууга жардам бере баштаган. Мисалы, б.з. 36-жылы Рим аскеринин жүз башы Корнелий менен анын үй бүлөсүнө ыйык рух түшкөндө, алар «асман Падышалыгында» бийлик кылуу сыймыгына ээ болушкан (Элчилер 10:1, 34—48).

Машаяк тойго келгендердин баары эле «падышанын» ырайымына ээ боло бербесин айткан. Ал мындай деген: «Падыша меймандарды көргөнү кирип, тойго ылайыксыз кийим кийип келген бирөөнү байкайт. Анан андан: „Дос, бул жерге ылайыксыз кийим менен кантип кирдиң?“ — деп сурайт. Ал үндөбөйт. Ошондо падыша кызматчыларына: „Мунун колу-бутун байлап, сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жакта ыйлап, тишин кычыратат“,— дейт. Чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз» (Матай 22:11—14).

Диний жетекчилер бул мисалдын маанисин толугу менен түшүнүшпөйт. Ошентсе да ачууланып, аларды уят кылган пайгамбардын көзүн тазалоого ого бетер чечкиндүү болуп калышат.