Келечегибиз кандай болот деп ойлойсуз?
Дүйнөдөгү абал...
ушу бойдон калабы?
начарлай береби?
же жакшырабы?
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
«Кудай [адамдардын] көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:4, «Жаңы дүйнө котормосу»).
БУЛ СИЗДИН ЖАШООҢУЗГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?
Ырахат тартуулаган жакшы жумушуңуз болот (Ышая 65:21—23).
Оору-сыркоо, азап-кайгы дегенди унутасыз (Ышая 25:8; 33:24).
Үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен түбөлүккө бактылуу өмүр сүрөсүз (Забур 37:11, 29).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?
Ооба, буга, бери дегенде, эки себеп бар:
Кудайдын кудуреттүүлүгү. Жахаба Кудай чексиз күч-кубатка ээ болгондуктан Ыйык Китепте ал гана «Кудурети Күчтүү» деп аталат (Аян 15:3). Ошондуктан анын өз убадасын аткарып, азыркы дүйнөдөгү абалды түп-тамыры менен өзгөртө аларына кымындай да шектенбесек болот. Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» (Матай 19:26).
Кудайдын каалоосу. Мисалы, Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын өлгөн адамдарды «сагынып, куса болору», ошондуктан аларды тирилтүүнү абдан каалаары жазылган (Аюп 14:14, 15).
Ошондой эле Ыйык Китепте Кудай жерге жиберген Иса пайгамбардын оорулууларга боору ооруп, аларды айыктырганы жазылган (Марк 1:40, 41). Ал адамдарга жардам берүүгө ынтызар болгон. Анткени Кудайдын сезимдерин толук чагылдырган (Жакан 14:9).
Ошондуктан биз Жахаба Кудайдын, келечекте бактылуу өмүр сүрүшүбүз үчүн, бизге жардам берүүнү абдан каалаарына шектенбесек болот (Забур 145:16; 2 Петир 3:9).
КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?
Кудай дүйнөдөгү абалды кантип өзгөртөт?
Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: НАКЫЛ СӨЗДӨР 2:21, 22; ДАНИЕЛ 2:44.