12-САБАК
Адам өлгөндө эмне болот?
Өлүм — жашоонун карама-каршысы. Өлүмдү терең уйкуга салыштырууга болот (Жакан 11:11—14). Өлгөндөр укпайт, көрбөйт, сүйлөбөйт жана ойлоно албайт (Насаатчы 9:5, 10). Жалган дин өлгөндөр ата-бабалары менен бирге жашаш үчүн рухтар дүйнөсүнө кетет деп окутат. Бирок Ыйык Китеп андай окууну жактабайт.
Өлгөндөр бизге жардам да бере алышпайт, зыян да келтире алышпайт. Көптөр өлгөндөрдү ыраазы кылабыз деген ишенимде ырым-жырымдарды жасашып, курмандык чалышат. Мындай иш-аракеттер Шайтандын жалган окууларына негизделгендиктен Кудайга жакпайт. Андай иштерди жасоо менен өлгөндөрдү ыраазы кылуу да мүмкүн эмес, анткени алар эч нерсе сезишпейт. Өлгөндөрдөн коркпошубуз же аларга сыйынбашыбыз керек. Кудайга гана сыйынганыбыз абзел (Матай 4:10).
Өлгөндөр кайра жашайт. Аларды Жахаба бейишке айланган жерде жашатуу үчүн ойготот. Ал убак али алдыда (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15). Сен уктап жаткан адамды ойгото алгандай эле, Кудай да өлгөндөрдү ойгото алат (Марк 5:22, 23, 41, 42).
Адам өлбөйт деген ой — Шайтан Ибилис тараткан калптардын бири. Шайтан менен жин-перилер адамдарды өлгөндөрдүн арбактары жашайт жана алар тирүүлөрдү оору-сыркоого же дагы башка кырсык-каргашаларга дуушар кылышат дегенге ишендирүүнү каалашат. Айрым учурларда Шайтан адамдарды түштөр же көрүнүштөр менен алдайт. Өлгөндөр менен сүйлөшүүгө аракеттенгендерди Жахаба айыптайт (Мыйзам 18:10—12).