Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-САБАК

Бейиштин орнооруна аз калды!

Бейиштин орнооруна аз калды!

Жер үстүндө болуп жаткан жаман иштер бейиш заманга аз калганын көрсөтүп турат. Ыйык Китепте Бейиш орноордун алдындагы убактын өзгөчө оор болору айтылган. Азыр биз так ошондой мезгилде жашап жатабыз! Ыйык Китепте төмөнкүлөр болору алдын ала айтылган:

Чоң-чоң согуштар. «Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт» (Матай 24:7). Бул пайгамбарлык аткарылды. 1914-жылдан бери эки дүйнөлүк согуш жана башка көптөгөн майда согуштар болду. Алардын айынан миллиондогон адамдар өмүрүнөн ажырады.

Оорулардын жайылышы. «Жер-жерлерде... жугуштуу оорулар» болот (Лука 21:11). Бул сөздөр аткарылдыбы? Ооба. Рак, жүрөк оорулары, кургак учук, безгек, СПИД жана башка оорулардан миллиондогон адамдардын өмүрү кыйылды.

Тамак-аштын жетишсиздиги. Бул көйгөйдөн жабыр тарткандарды дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан кезиктирүүгө болот. Жыл сайын миллиондогон адамдар ачкадан өлүүдө. Бул дагы бейиш заманга аз калганын далилдеп турат. Анткени Ыйык Китепте ачкачылык болору айтылган (Марк 13:8).

Жертитирөөлөр. «Жер-жерлерде... жер титирөөлөр болот» (Матай 24:7). Бул пайгамбарлык да биздин убакта аткарылды. 1914-жылдан бери жертитирөөдөн миллиондон ашуун адам өлдү.

Ырайымсыз адамдар. Адамдар «акчаны» жана «өзүн өзү сүйүүчү» болушат. Алар «Кудайга караганда, ыракатты сүйүшөт». Балдар «ата-энесине баш ийбес» болушат (2 Тиметейге 3:1—5). Азыр көп адамдар ушундай экенине кошуласыңбы? Алар Кудайды урматташпайт жана Кудай жөнүндө билүүгө умтулгандарга бут тосушат.

Кылмышкерлик. «Тартипсиздик көбөйөт» (Матай 24:12). Балким, сен да кылмышкерлик бир нече жыл мурункуга караганда азыр күч алды дегенге кошулаттырсың. Кайсы жерде болбосун, адамдар тоноп кетүү, алданып же зыян тартып калуу коркунучунда жашап жатышат.

Булардын баары Кудайдын Падышалыгына жакын калганын көрсөтүп турат. Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Ушулар болуп жатканын көргөнүңөрдө, Кудайдын Падышачылыгы жакын калганын билгиле» (Лука 21:31). Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Ал — асманда жайгашкан жана жерди Бейишке айланта турган өкмөт. Ал адамдар башкарган өкмөттөрдү жок кылып, өзү бийлик жүргүзөт (Даниел 2:44).