Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-САБАК

Кудайдын достору жакшы иштерди жасайт

Кудайдын достору жакшы иштерди жасайт

Эгерде суктанууңа жана урматтооңо татыктуу досуң болсо, ага окшошууга аракеттенесиң. «Жахаба жакшылыкчыл жана адилет»,— деп айтылат Ыйык Китепте (Забур 25:8 [24:8], «ЖД»). Кудайдын досу болуш үчүн, жакшылыкчыл жана адилет болушубуз керек. Анткени Ыйык Китепте: «Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла... сүйүү жолу менен жүргүлө»,— деп жазылган (Эфестиктерге 5:1, 2). Муну кылуунун айрым жолдору төмөнкүлөр:

Жардам берүүгө даяр бол. «Бардыгына... жакшылык кылалы» (Галаттыктарга 6:10).

Тырышчаактык менен эмгектен. «Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип... өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын» (Эфестиктерге 4:28).

Денелик жана адеп-ахлактык жактан таза бол. «Денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан болгон коркунуч менен ыйыкталалы» (2 Корунттуктарга 7:1).

Үй-бүлөңдөгүлөрдү сүй жана урматта. «Күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын. Балдар, ата-энеңердин тилин алгыла» (Эфестиктерге 5:33—6:1).

Башкаларга сүйүү көрсөт. «Бири-бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү Кудайдан» (1 Жакан 4:7).

Өлкөңдөгү мыйзамдарга баш ий. «Ар бир адам [өкмөткө] баш ийсин... Ар кимге өз тиешесин бергиле: кимге салык төлөө керек болсо, салык төлөгүлө» (Римдиктер 13:1, 7).