Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-САБАК

Жалган динден баш тарт!

Жалган динден баш тарт!

Шайтан менен жин-перилер Кудайга кызмат кылышыңды каалабайт. Алар мүмкүн болушунча адамдардын баарын Кудайдан баш тарттырууга аркеттенишет. Муну кандай жолдор менен кылышат? Алар колдонгон ыкмалардын бири — жалган дин (2 Корунттуктарга 11:13—15). Ыйык Китептеги чындыкка окутпаган дин жалган. Андай дин жасалма акчадай: сыртынан чыныгы болуп көрүнгөнү менен, эч кандай баалуулугу жок. Жалган дин адамды көп кыйынчылыктарга учуратышы ыктымал.

Чындыктын Кудайы Жахабага жалган дин таптакыр жакпайт. Ыйса жерде жүргөндө, бир диний топтун өкүлдөрү аны өлтүргүсү келген. Алар Кудайга туура табынып жүрөбүз деп ойлошкондуктан: «Биздин бир эле Атабыз бар, Ал — Кудай»,— дешкен. Ыйса алардын айткандарына кошулганбы? Жок! Тескерисинче, аларга: «Силердин атаңар — шайтан»,— деген (Жакан 8:41, 44). Бүгүн көп адамдар Кудайга сыйынабыз деп ойлошот, бирок, чынында, Шайтанга жана анын жин-перилерине кызмат кылышууда (1 Корунттуктарга 10:20).

Жаман дарак жаман жемиш бергендей эле, жалган динди туткандар жаман иштерди кылышат. Адамдар жаман иштерди жасап жатышкандыктан, дүйнө азыр азап-кайгыга жык толду. Андай иштерге адеп-ахлаксыздык, жаңжал, уурулук, эзүү, киши өлтүрүү, зордуктоо кирет. Мындай иштерди кылгандардын көбү кайсы бир динди тутушат, бирок алардын дини жакшы иштерди кылууга түрткү бербейт. Алар жамандык кылганын токтотушмайын Кудай менен дос боло алышпайт (Матай 7:17, 18).

Жалган дин адамдарды буркандарга тиленүүгө окутат. Бирок Жахаба аларга тиленүүгө тыюу салат. Бул талап орундуу. Мисалы, кимдир бирөө сени менен сүйлөшкөндүн ордуна, ар дайым сүрөтүң менен сүйлөшө берсе, жактырат белең? Андай адам чыныгы досуң боло алабы? Албетте, боло албайт. Жахаба адамдардын жансыз сөлөкөткө же сүрөткө эмес, өзүнө кайрылышын каалайт (Чыгуу 20:4, 5).

Жалган дин согушта адамдарды өлтүрүүгө болот деп окутат. Ыйса Кудайдын досторунун ортосунда сүйүү өкүм сүрөрүн айткан. Биз жакшы көргөн адамдарыбызды өлтүрбөйбүз (Жакан 13:35). Атүгүл жаман адамдарды өлтүрүү туура эмес. Душмандары камакка алганы келгенде, Ыйса шакирттерине аны коргоо максатында согушууга жол берген эмес (Матай 26:51, 52).

Жалган дин ырайымсыз адамдар тозок отунда кыйналат деп окутат. Ыйык Китепте болсо күнөө өлүмгө алып барат деп айтылат (Римдиктерге 6:23). Жахаба — сүйүүнүн Кудайы. Мээримдүү Кудай адамдарды түбөлүккө кыйнамак беле? Албетте, жок! Бейиште адамдар бир эле динди, Жахабага жаккан динди, тутушат (Аян 15:4). Шайтандын калпына негизделген диндердин баары жок кылынат.