Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-САБАК

Кудайдын достору жаман иштерден баш тартат

Кудайдын достору жаман иштерден баш тартат

Шайтан адамдарды жаман иштерди кылууга азгырат. Кудайдын досу болууну каалаган адам Жахаба жек көргөн иштерди жек көрүшү керек (Забур 96:10). Кудайдын достору качышы керек болгон иштер булар:

Жыныстык катнашка байланыштуу күнөөлөр. «Ойноштук кылба» (Чыгуу 20:14). Никелешкенге чейин жыныстык катнашта болуу да туура эмес (1 Корунттуктарга 6:18).

Аракечтик. «Аракечтер... Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт» (1 Корунттуктарга 6:10).

Киши өлтүрүү, бойдон алдыруу. «Киши өлтүрбө» (Чыгуу 20:13).

Уурулук. «Уурдаба» (Чыгуу 20:15).

Жалгандык. Жахаба калпычылыкты жек көрөт (Накыл сөздөр 6:17).

Зордук-зомбулук, ачууга алдыруу. «Зордук-зомбулукту жакшы көргөндү Анын [Жахабанын] жаны жек көрөт» (Забур 10:5). «Күнөөкөр табияттын иштерине» ачуулануу кирет (Галаттыктарга 5:19, 20).

Кумар оюндары. «Дүнүйөкорлугун... таштабаган адам менен мамилелешпегиле» (1 Корунттуктарга 5:11).

Расалык жана этникалык жек көрүүчүлүк. «Душманыңарды сүйгүлө. Силерди... куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла» (Матай 5:43, 44).

Кудайдын айткандары бизге пайда алып келет. Жаман иштерден баш тартуу дайым эле оңой боло бербейт. Бирок Жахабанын жана анын Күбөлөрүнүн жардамы менен Кудайга жакпаган иштерден баш тарта аласың (Ышайа 48:17; Филипиликтерге 4:13; Эврейлерге 10:24, 25).