Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-САБАК

Кудайдын достору кимдер?

Кудайдын достору кимдер?

Ыйса Машайак — Жахабанын туңгуч жаратуусу жана эң жакын, кымбат досу. Адам болуп жерде жашаганга чейин Ыйса күчтүү рухий жаратуу катары асманда жашаган (Жакан 17:5). Кийин адамдарга Кудай жөнүндөгү чындыкты үйрөтүү үчүн жерге келген (Жакан 18:37). Ошондой эле ал тил алчаак адамдарды күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн өз өмүрүн берген (Римдиктерге 6:23). Азыр Ыйса — Кудайдын Падышалыгынын, жерди Бейишке айланта турган асмандагы өкмөттүн, Падышасы (Аян 19:16).

Периштелер да Кудайдын достору. Периштелер жашоосун адамдарга окшоп жерден баштаган эмес. Кудай аларды жерди жасаардан мурда асманда жараткан (Аюб 38:4—7). Алар миллиондоп саналат (Даниел 7:10). Кудайдын асмандагы бул достору адамдардын Жахаба тууралуу чындыкты билишин каалашат (Аян 14:6, 7).

Кудайдын жерде да достору бар; Кудай аларды күбөлөрүм деп атайт. Күбө адам сот учурунда кимдир бирөө же бир нерсе тууралуу билгендерин айтат. Анын сыңары, Жахабанын Күбөлөрү башкаларга Жахаба жана анын ой-ниеттери жөнүндө билгендерин айтып беришет (Ышайа 43:10). Периштелерге окшоп, алар сага Жахаба тууралуу чындыкты билүүгө жардам берүүнү жана сенин да Кудайдын досу болушуңду каалашат.