Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-САБАК

Кудайдын душмандары кимдер?

Кудайдын душмандары кимдер?

Кудайдын башкы душманы — Шайтан Ибилис. Ал — Жахабага каршы чыккан рухий жаратуу. Шайтан дагы эле Кудайга каршы чыгууда жана адамдарга көптөгөн кырсык-кайгы алып келүүдө. Ал ырайымсыз, жалганчы жана киши өлтүргүч (Жакан 8:44).

Кудайга каршы козголоң чыгарган Шайтанга башка рухий жаратуулар да кошулган. Алар Ыйык Китепте жин-перилер деп аталат. Шайтан сыяктуу эле, жин-перилер — адамдардын душманы жана аларды кыйнаганды жакшы көрүшөт (Матай 9:32, 33; 12:22). Жахаба Шайтан менен анын жин-перилерин түбөлүккө жок кылат. Жакында аларга берилген убакыт аяктайт, ошондо адамзат азап-кайгыдан арылат (Аян 12:12).

Эгер Кудайдын досу болгуң келсе, Шайтан сенден күткөндү кылбашың керек. Шайтан менен жин-перилер Жахабаны жек көрүшөт. Алар — Кудайдын душмандары жана сенин да Кудайга кас болушуңду каалашат. Ошондуктан Шайтан менен Кудайдын кимисине жаккың келерин тандашың керек. Эгерде түбөлүк өмүр сүрүүнү кааласаң, Кудайдын эркин аткарууну тандашың зарыл. Шайтан адамдарды алдоо үчүн көптөгөн айла-амалдарды колдонот. Адамдардын көбү ага алданып келет (Аян 12:9).