16-САБАК
Кудайды сүйөрүңдү көрсөт
Достукту сактоо үчүн, досуң менен пикир алышып турушуң керек. Сен аны угасың, ал сени угат. Андан сырткары, досуң тууралуу башкаларга жакшы нерселерди айтасың. Кудай менен болгон достук жөнүндө да ушуну айтууга болот. Бул тууралуу Ыйык Китепте айтылгандардын үстүнөн ойлонуп көрсөң:
Жахаба менен тиленүү аркылуу дайым сүйлөш. «Ар дайым тиленгиле» (Римдиктерге 12:12, «БМК»).
Кудай Сөзүн, Ыйык Китепти, оку. «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн... пайдалуу» (2 Тиметейге 3:16).
Башкаларга Кудай тууралуу билим алууга жардам бер. «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө» (Матай 28:19, 20).
Падышалык залында өткөрүлүүчү жыйналыш жолугушууларга бар. «Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйлү... сергек болууга чакыралы» (Эврейлерге 10:24, 25).
Падышалыктын иштерине колдоо көрсөт. «Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимиң жүрөгүңдөн чыкканды бер. Анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт» (2 Корунттуктарга 9:7).