3-САБАК
Кудай жөнүндө билим алышың зарыл
Кудайдын досу болуу үчүн, ал жөнүндө билишиң керек. Досторуң сенин атыңды билишеби, атыңан чакырышабы? Албетте, ошентишет. Кудай да анын ысмын билүүңдү жана аны атынан чакырууңду каалайт. Кудайдын ысмы — Жахаба (Забур 82:19; Матай 6:9). Андан сырткары, Кудайга эмне жагар-жакпасын, анын достору жана душмандары кимдер экенин билишиң зарыл. Кимдир бирөөнү билүү үчүн убакыт талап кылынат. Ыйык Китепте Жахабаны таанып-билүүгө убакыт бөлүү акылмандык экени айтылат (Эфестиктерге 5:15, 16).
Кудайдын достору ага жаккан нерселерди кылышат. Досторуң жөнүндө ойлонуп көрсөң. Эгерде аларга жаман мамиле кылып, алар жек көргөн иштерди жасасаң, достугуңар уланат беле? Албетте, жок! Ушу сыяктуу эле, эгер Кудайдын досу болгуң келсе, ага жаккан иштерди жасашың керек (Жакан 4:24).
Бардык эле диндер Кудай менен достошууга өбөлгө түзө бербейт. Кудайдын эң жакын досу Ыйса эки жол тууралуу айткан. Алардын бири — кенен жол; анда бараткандар көп. Ал жол кыйратылууга алып барат. Экинчиси — тар жол; анда бараткандар аз. Тар жол түбөлүк өмүргө алып барат. Демек, Кудай менен достошууну кааласаң, ага сыйынуунун туура жолун билишиң керек (Матай 7:13, 14).
Кудайдын досу болуу үчүн, ал жөнүндө билим алышың керек. Досторуң сенин атыңды билеби, атыңан чакырабы? Алар ошентишет. Кудай да анын ысмын билүүңдү, аны да атынан чакырууңду каалайт. Кудайдын ысмы — Иегова (Осия 12:5; Матфей 6:9). Кудайга эмне жагар-жакпасын да билишиң керек. Анын досторун жана душмандарын билүүң зарыл. Кимдир бирөөнү билүү үчүн убакыт талап кылынат. Кудай тууралуу билим алууга убакыт бөлүү акылмандык деп айтылат Ыйык Китепте (Ефесалыктар 5:15, 16).
Кудайдын достору ага жаккан нерселерди кылат. Досторуң жөнүндө ойлонсоң. Эгерде аларга жаман мамиле кылсаң, аларга жакпаган иштерди жасасаң, алар достугун уланта береби? Албетте, улантпайт! Эгер сен Кудайдын досу болгуң келсе, ага жаккан иштерди жасашың керек (Иоанн 4:24).
Бардык эле диндер Кудай менен достошууга алып барбайт. Кудайдын эң жакын досу Ыйса эки жол тууралуу айткан. Алардын бири кең, ал жолдо бараткандар көп. Бул жол кыйратылууга алып барат. Экинчи жол кууш, ал жолдо бараткандар аз. Кууш жол түбөлүк өмүргө алып барат. Бул айтылгандар, эгер сен Кудай менен достошууну кааласаң, ага сыйынуунун туура жолун билишиң керек дегенди билдирет (Матфей 7:13, 14).