1-САБАК
Кудай сени достошууга чакырат
Кудай анын досу болушуңду каалайт. Ааламдын Жаратканы менен дос боло аларыңды ойлоп көрдүң беле? Мындан миңдеген жылдар мурун жашаган Ыбрайым Кудайдын досу деп аталган (Жакып 2:23). Ыйык Китепте Кудай менен достук мамиледе болгон жана абдан көп баталарды алган башка адамдар тууралуу да айтылат. Бүгүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда жашаган адамдар Кудай менен достук мамиле өрчүтүшүүдө. Сен да анын досу боло аласың.
Кудай менен болгон достук адамдар менен болгон достуктан артык. Кудай өзүнүн берилген досторунун көңүлүн эч убакта калтырбайт (Забур 17:26). Кудай менен достошуу байлыкка ээ болуудан артык. Бай адам өлгөндө, анын акчасы башкаларга калат. Ал эми Кудайдын достору эч ким тартып ала албай турган байлыкка ээ (Матай 6:19).
Айрымдар Кудай жөнүндө билим алышыңа тоскоолдук кылышы мүмкүн. Алардын арасында атүгүл досторуң же үй-бүлөңдөгүлөр да болушу ыктымал (Матай 10:36, 37). Башкалар шылдыңдаганда же коркутканда, өзүңдөн: «Мен кимге жагууну каалайм: адамдаргабы же Кудайгабы?» — деп сура. Ойлонуп көрсөң, эгер кимдир бирөө тамак ичпе десе, аны угат белең? Албетте, жок! Анткени жашаш үчүн, тамак ичишиң керек. Ал эми Кудай сага түбөлүк өмүр бере алат! Ошондуктан Кудай менен кантип достук мамиле өрчүтүүгө болорун билишиңе башкалардын тоскоолдук кылуусуна эч качан жол бербе (Жакан 17:3).