Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-САБАК

Кудай менен түбөлүккө дос бол!

Кудай менен түбөлүккө дос бол!

Дос табуу күч-аракет жумшоону талап кылат; достукту сактоо үчүн да иш-аракет кылуу керек. Кудай аны менен достошууга жана ал достукту сактоого жумшаган күч-аракетиңе мол батасын берет. Ыйса ага ишенгендерге: «Чындык силерди эркиндикке чыгарат»,— деп айткан (Жакан 8:32). Бул эмнени билдирет?

Азыртадан эркин боло аласың. Шайтан таратып жаткан жалган окуулар менен калптардын таасиринен бошоносуң. Ошондой эле Жахабаны билбеген миллиондогон адамдар дуушарланган үмүтсүздүктөн эркин боло аласың (Римдиктерге 8:22). Кудайдын достору атүгүл өлүмдөн да коркушпайт (Эврейлерге 2:14, 15).

Кудайдын жаңы дүйнөсүндөгү эркиндикке кубана аласың. Келечекте кандай гана сонун эркиндикке ээ болосуң! Бейишке айланган жер бетинде согуш, оору, кылмышкерлик, ошондой эле жакырчылык менен ачарчылык болбойт. Андан сырткары, карылыктан, өлүмдөн, коркунучтан, эзүүдөн жана адилетсиздиктен эркин болобуз. Ыйык Китеп Кудай тууралуу мындай дейт: «Колуңду ачасың, ырайымың менен бардык тирүү жандарды тойгузасың» (Забур 144:16).

Кудайдын достору түбөлүк жашашат. Түбөлүк өмүр — бул Кудайдын аны менен дос болууга умтулгандардын баарына бере турган баа жеткис белеги (Римдиктерге 6:23). Чексиз өмүрдүн сен үчүн эмнени билдирерин ойлонуп көрсөң!

Көп нерселерди жасоого убакытың болот. Балким, кайсы бир музыкалык аспапта ойногонду үйрөнгүң келеттир. Же сүрөт тартканды, же жыгач устачылыкты үйрөнүүнү каалайттырсың. Мүмкүн, айбанаттар же өсүмдүктөр тууралуу көбүрөөк билгиң келеттир. А балким, саякаттоо кызыктырып, ар кайсы жерлер менен элдерди көрүүнү каалайттырсың. Түбөлүк өмүр ушул айтылгандардын баарын жасоого мүмкүнчүлүк берет!

Көп дос күтүүгө убактың болот. Түбөлүк өмүр Кудай менен дос болгон көптөгөн адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Алардын таланттары, жакшы сапаттары жөнүндө биле аласың жана алар менен дос болосуң. Бири-бириңерге болгон сүйүүңөр өсөт (1 Корунттуктарга 13:8). Чексиз өмүр сүргөнүңдө жер бетиндеги ар бир адам менен достошууга убактың болот! Баарынан маанилүүсү, кылымдар бою Жахаба менен болгон достугуң бекемделе берет. Кудай менен түбөлүккө дос бол!