Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-САБАК

Кудай тууралуу канткенде биле аласың?

Кудай тууралуу канткенде биле аласың?

Кудай тууралуу Ыйык Китепти окуу менен биле аласың. Мындан миңдеген жылдар мурун Кудай белгилүү бир адамдарды тандап, аларга өз ойлорун жаздырган. Ал жазмалар Ыйык Китеп деп аталат. Бүгүнкү күндө биз Ыйык Китепти окуу менен Кудай жөнүндө биле алабыз. Анда Жахабанын сөзү, башкача айтканда, кабары камтылгандыктан, ал Кудайдын Сөзү деп да аталат. Ал китепте айтылгандар ишенүүгө татыктуу, анткени Жахаба эч убакта калп айтпайт. «Кудайдын калп айтышы» мүмкүн эмес (Эврейлерге 6:18). Анын Сөзүндө чындык камтылган (Жакан 17:17).

Ыйык Китеп — Кудай берген эң баалуу белектердин бири. Аны мээримдүү атанын балдарына жазган катына салыштырууга болот. Ыйык Китепте Кудайдын жер бетин жашоо үчүн эң сонун шарттары бар жайга — Бейишке — айлантары жөнүндөгү убадасы тууралуу айтылат. Анда Кудайдын мурда эмнелерди жасаганы, азыр эмне кылып жатканы жана ишенимдүү балдары үчүн келечекте эмнелерди кылары баяндалат. Ошондой эле ал китеп кыйынчылыктарыбызды чечүүгө жана бактылуу болууга жардам берет (2 Тиметейге 3:16, 17).

Жахабанын Күбөлөрү — Кудайдын достору; алар сага Ыйык Китептин эмнеге окутарын түшүнүүгө жардам беришет. Аларга Ыйык Китепти изилдөөнү каалаарыңды билдир. Алар жардам бергени үчүн акы алышпайт (Матай 10:8). Мындан сырткары, алардын жыйналыш жолугушууларына да катышсаң болот. Ал жыйналыштар Падышалык залы деп аталган сыйынуу жайларында өткөрүлөт. Эгерде аларга катышсаң, Кудай жөнүндө билим алууда батыраак ийгилик жасайсың.

Кудай тууралуу анын жараткан нерселеринен билүүгө болот. Мисалы, Ыйык Китепте: «Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп айтылат (Башталыш 1:1). Жахаба «асманды» жаратканда, күндү да жасаган. Бул бизге Кудай тууралуу эмнени айтып турат? Анын зор күчкө ээ экенин. Күн сыяктуу эбегейсиз кубаттуу нерсени Кудай гана жасай алат. Ошондой эле мындан Кудайдын акылман экенин да көрүүгө болот, анткени дайыма жылуулук жана жарык бөлүп чыгарса да, эч убакта күйүп кетпеген күндү жасоо үчүн акылмандык талап кылынат.

Жахабанын жаратуулары анын бизди сүйөрүн көрсөтүп турат. Жер бетиндеги мөмө-жемиштердин ар түрдүүлүгү жөнүндө ойлонуп көрсөң. Алардын бир эле түрүн жаратуу же таптакыр жаратпай коюу Жахабанын өз эрки болчу. Бирок Жахаба биз үчүн түзүлүшү, көлөмү, өңү жана даамы ар башка жемиштерди жараткан. Бул анын мээримдүү гана эмес, абдан март, камкор жана кеңпейил Кудай экенин да көрсөтүүдө (Забур 103:24).