Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-САБАК

Кудай — эң жакшы дос

Кудай — эң жакшы дос

Кудай менен дос болуу эң сонун натыйжаларга алып келет. Кудай сени бактылуу жана тынч жашоо өткөрүүгө үйрөтөт, ошондой эле туура эмес ишенимдер менен зыяндуу адаттарыңдан арылтат. Ал тиленүүлөрүңдү угуп, жүрөгүңдүн бейкут болушуна жана өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жардам берет (Забур 70:5; 72:28). Кыйынчылыкка дуушар болгонуңда, Кудай жөлөк болот (Забур 17:19). Андан сырткары, ал сага түбөлүк өмүр белегин тартуулайт (Римдиктерге 6:23).

Кудайга жакындоо менен анын досторуна жакындайсың. Алар сенин да досторуң болушат. Атүгүл алар сага биртуугандай болот. Ал досторуң Кудай тууралуу билим алышыңа кубаныч менен көмөк кылышат жана зарыл болгондо жардам берип, бекемдешет.

Биз Кудайга теңдеш эмеспиз. Кудай менен дос болууга аракет кылууда бир маанилүү чындыкты түшүнүшүң керек. Кудай менен болгон достук адамдардын ортосундагы достуктан айырмаланат. Кудай бизден алда канча улуу, акылдуу жана кыйла күчтүү. Ал — укуктуу Башкаруучубуз. Ошондуктан аны менен дос болгубуз келсе, аны угуп, айткандарын аткарышыбыз зарыл. Бул бизге ар дайым пайда алып келет (Ышайа 48:18).